Кылычбек Саркарбаев: “ТИК ТУРУП МУШТА­­­ШКАН ЖАГАТ”

Спорт жылдызы

Соңку мезгилде ата мекендик спортто Кылычбек Саркарбаев деген жаңы ысым пайда болду. Кыргыздын туусун желбиретип жүрүү деген ыйык милдетти аркалап келаткан спортчубуздун ийгиликтери бизди да көңүл бурдурбай койгон жок.

Саркарбаев Кылычбек Асилбекович.
1987-жылы 28-декабрда Өзгөн районунун Куршаб айылында туулуп-өскөн.
Бою –186 сантиметр.
Салмагы – 90 килограмм.
Лакап аты – Кылыч.
Кумири – Федор Емельяненко.
Кикбокс жана Уруш түрүндөгү самбо боюнча КРнын чемпиону (2009), Эрежесиз мушташ боюнча КРнын көп жолку жана КМШнын (Красноярск-2009) чемпиону, Эрежесиз мушташ боюнча Эл аралык мелдештин (Алматы-2009) жеңүүчүсү.
ОшМУнун 4-курсунун студенти.
Үй-бүлөлүү. Учурда Ош шаарындагы Манас-Ата кичирайонунда жашайт.

БАШКЫСЫ
– Кылычбек, маегибизди балалыктан баштагым келип турат. Анткени улуулукка карай жол ошол бала кездеги кыялдануудан башталат эмеспи. Сенин кандай балалык кыялың бар эле? Ал ишке аштыбы?
– Кичинекейимден эмнегедир космонавт болсом дечү элем. Бала кезимден эле космоско учуу, ал жактагы сырдуу дүйнө мен үчүн абдан кызык. Бирок мен кыялым ишке ашпай калды дебейм. Ким билет, келечекте космоско учуп калышым мүмкүн да. Кыялым бир убактарда ишке ашып калар.
– Спортко кантип келип калгансың?
– Мектепте 6-класстан кикбокс менен алектене баштагам. Кийинчерээк бир таштап, кайра алектене баштадым. Окууну бүткөндөн кийин Ошко окууга тапшырып калдым. Анан спортко жакын болуп, “Мухаммед Умар” спорт клубуна келип машыга баштадым. Ал жерде дзюдо жана самбо менен машыгам.
– Машыгууда машыктыруучуңдун оюна кошулбай, талаша кеткен учурлар болобу?
– Машыктыруучу менен талашкан учурлар эч качан болбойт. Анткени машыктыруучу мен үчүн ата-энедей эле бир деңгээлде турат.
– Мушташтарыңдын ичинен өзгөчө эсиң­де калганы кайсы?
– Быйыл Алматыда өткөн мелдештеги супер мушташта казакстандык айтылуу Төлөгөн Акылбеков менен болгон урушум эстен кеткис болду. Анда казак туугандардын жердешине тарткандыгы жинге тийген. Ошентсе да эркекче мушташ болгон. Атаандашым аягында баш тартып, жеңип чыккам. Кээде ушундай беттештер болуп калат, мушташкандан рахат аласың, өзүңө да аябай жагат.
– Мушташка чыгып баратканда кандай ойлор болот?
– Бир гана ой болот. Ал – атаандашымды кантип жеңсем деген ой.
– Мушташуу стилиң жөнүндө айтсаң. Кандай стилде мушташкан жагат?
– Мага стойкадан туруп мушташкан жагат. Партерден баса калып, уруп мушташкандан жүдөп кетем. Тике туруп мушташканга эмне жетсин. Анткени эркекче урушасың. Нары же бери болот.

ҮЙ-БҮЛӨ
– Үй-бүлөң жөнүндө айта ­кетсең. Канча бир туугансың?
– Өзүм үй-бүлөдө 7 бир тууганмын. Мен эң улуусу болом. Бала кезимден чоң апамдын колунда өскөнмүн. Балалыгым Куршаб айылында өткөн.
– Үй-бүлөдө эң жакын ада­мың ким?
– Мен үй-бүлөдө энеме жана апама жакынмын. Алар менен кенен эле сырдашып, оюмду бөлүшүп, пландарымды айта берем.
– Алар эрежесиз мушташка чыгышыңа каршы болушкан эмеспи?
– Башында каршы болушкан. Кийинчерээк ийгиликтеримди көрүшүп, унчукпай калышты.

ЖЕКЕ ЖАШОО
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Кандай десем, сүйлө­шкөн кызым бар. Ал азыр 8-класс­та окуйт. Тамаша. Менин үйлөн­гөнүмө 2 жыл болуп калды. Келинчегимдин аты – Айгерим.
– Эмне эрте үйлөнгөн­сүң? Айгерим менен кандайча таанышып калдың эле?
– Билбейм, мен эрте деп деле айталбайм. Буюрган экен, табышып, кол кармаштык. Айгерим менен мындан 3 жыл мурда Ошто 1-Май майрамында таанышып калгам. Ал өзү Алайдын периси болот. Адамгерчилигин, сулуулугун жана чынчылдыгын баалайм.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
– Достукка кандай­сың? Досторуң көп элеби?
– Достук менин жашоомдо чоң роль ойнойт. Өзүмдү достукка бекеммин деп айта алам. Анан дагы досторум чынында көп. Спорт эле эмес, бизнес жана башка чөйрөлөрдөн. Бирок чыныгы достор аз болот деп ойлойм.
– Спорттон иштеп тапкан акчаң өзүңө жетиштүүбү?
– Эми спорттон батыштын спортчуларындай чоң суммадагы акча таппасам да, кудайга шүгүр, жетиштүү эле. Учурдан пайдаланып мага материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөткөн агам, мен машыккан “Мухаммед Умар” спорт клубунун түзүүчүсү, Кара-Суу райондук ИИБинин жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковго чоң ыраазычылык билдирем. Ошондой эле менин ар бир ийгилигиме түздөн-түз таасирин тийгизип келаткан машыктыруучуларым Мухаммед Курбанов, Бакыт Жусупов, Улукбек Өмүрзаковго өз ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.
-“Супер-Инфо” гезити “Жылдын супер спортчусу” наамы боюнча жеңүүчүнү аныктап келаткандыгынан кабарың болсо керек. Быйыл талапкерлердин арасында сенин да ысымың бар. Аталган сыйлыкка татыктуумун деп ойлойсуңбу?
– Биринчиден, ушул наамга талапкер болгон азаматтардын баарына ийгилик каалайм. Татыктуусу жеңип чыксын демекчимин. Менимче, “Супердин” окурмандары колдоп турса, татыктуу эле болобуз го деп ойлойм.

КАЧАН АКЫРКЫ ЖОЛУ?..
– Мушташтың эле?
– Көчөдө мушташкан эмесмин.
– Мас болдуң эле?
– Мас да болбоймун.
Эмне сатып алдың эле?
– Кечээ жакында Грециядан уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунан келатып үйдөгүлөргө белек-бечкек сатып алгам.
– Бир нерсе жоготтуң эле?
– Жайында уюлдук телефон жоготком. Жөнөкөй эле болчу. Нокиа 1110
– Дискотекага бардың эле?
– 5 күн болду. Азат деген агамдын тоюна барган­быз. Аягында клубга барып бийледим.
– Сүйүүңдү билдир­диң?
– Эми кандай десем, күндө десем калп айткан болом. Бирок дайым эле билдирип турам. Өзгөчө таарынышканда.
– Уюлдук телефондон “маяк” бердиң?
– Чынын айтсам, маякты да, маяк бергенди да жаман көрөм. Берген эмесмин. Керек болсо, тааныбаган номер болсо албай коймой адатым бар.
– Карызга акча сура­дың эле?
– Кудайга шүгүр, финансы жагынан жакшы элемин. Сурабай эле жашап келе жатам.
– Сыйындың эле?
– Кудайга дайыма сыйынып турам.
– Ыйладың эле?
– Эсимде жок.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kuppher
2009-11-25 05:14:23
ALGA KYLYCH !!!
0
jazka
2009-11-27 06:31:57
8-klass dese,kaira baryp jashyn karai koidum...ishenip ketip:))
0
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан