Сулуулук айымдардын күчтүү куралы деп эсептелет. Айкөл Аликжанова мырзалардын көңүлү түшө турган сулуулардан. Каарманым ушул жылы Англияда өтө турган «Дүйнө сулуусу-2014» сынагына Кыргызстандын атынан катышарын да кабарлай кетели.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Аликжанова Айкөл Аликжановна
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 30-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун алдындагы Экономика жана финансы институтунда 6-курста сырттан окуйт
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Параметри – 84-62-89
Жетишкендиктери – 2011-жылы «Кыргызстандын интеллекттүү периси», 2012-жылы «Туризм сулуусу жана фотого мыкты чыккан периси», 2014-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынактарынын жеңүүчүсү
Кинодо – «Көк салкын-2», «До+Фа-2», «Султан Сулайман» тасмаларына тартылган
– Айкөл, акыркы күндөрү сени подиумдан эмес, кинолордон көрүп калдык, кесибиңди алмаштырдыңбы?
– Негизи актрисалык менен моделдик кесип жөн гана хоббим. Өзүмдүн жумушум бар, белгилүү уюлдук компаниялардын биринде корпоративдик кардарларды тейлөө бөлүмүндө иштейм. Жумуштан сырткаркы убакытты гана актрисалык менен моделдикке жумшаганга аракет кылам. Акыркы эки жылдан бери подиумдарга чыгып, көргөзмөлөргө катышуум солгундап калды, анткени иш графигиме туура келбейт. Киного да ушундай эле, эс алуу күндөрү кастингге катышып, режиссёрлор менин бош убактымда тартууга макул болсо гана ишти баштайбыз.
– Киного болгон кызыгуу эмнеден улам башталды?
– Мындан беш жыл мурун моделдик карьерамды жаңыдан баштап жатканда эле режиссёрлордон сунуш түшө баштаган. Бирок сунуштаган ролдор көңүлүмө жакпай же шартым туура келбей жүргөм. Эки жыл мурун өзүмдүн оюмдагыдай «Албарсты» деген киного роль сунушташкан, ага ырчы Нурбек Савитахунов, модель Мээрим Атантаева сыяктуу белгилүүлөр катышышмак. Тилекке каршы, актёрдук курам бекитилип, баары даяр болуп калганда кино тартылбай калды. Андан кийин «Көк салкын-2», «До+Фа-2», «Султан Сулайман» деген тасмаларга тартылдым. Кино тармагында келечегимди көрө алам, учурда тажрыйба топтоп жаткан убагым деп ойлойм.
– Учурда Кыргызстанда сулуулар сынактары тынымсыз уюштурулуп жатат. Бул тармактын жандануусунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?
– Бир нерсени бат үйрөнүү кыргыздардын канында бар эмеспи. Мисалы, киноиндустрияны караңыз, акыркы жылдары кинотеатрларга агылган элдин саны көбөйдү. Бирин-серин моделдердин ысымдары белгилүү болгондо таланттуу фотографтар да пайда боло баштады. Мындан он жыл мурун саясатка ким кызыкчу эле, ата-энелерибиз эле жаңылык көрбөсө, калганыбыздын ишибиз жок болчу. Ал эми азыр кайсы саясатчы кайсы партиянын атынан чыгып жатканы, өлкөдөгү саясий окуялардын бардыгынан кабарыбыз бар. Бул көрүнүш адамдардын кадимки прогресске болгон умтулуусу деп ойлойм.
– Кинодогу ролдоруңдан сага жеке адам катары мүнөздөмө берүү кыйын, өзүң жашоодо кандай адамсың?
– Ооба, кинодогу ролдорумдан өзүмдү табуу кыйын. Көп учурда өзүн-өзү сүйгөн, бой көтөргөн кыздардын ролун аткарып калам. Билбейм, балким, ушундай образ мага жакшы жарашат, бирок өзүм андай эмесмин. Жашоодо позитивдүү адаммын. Көйгөйлөр болсо да жакшы маанай менен чечкен жагат. Ачык, шайыр, жөнөкөймүн деп айта алам.
– Кичинеңде ким болууну кыялданчусуң?
– Чынын айтсам, модель болууну кыялданган эмесмин. Ханбийке, мугалим, ырчы, актриса иши кылып атактуу болгум келчү. Кудайга шүгүр, акыркы учурларда мага кызыккан, сөз айткан, сыйлаган күйөрмандарым пайда болуп калды. Бул деле жетишкендик болсо керек (күлүп).
Өткөндө көчөдө турсам эки кичинекей кыз таанып, кол тамга сурап, сүрөткө түшүп кетишти. Мага суктанып, бактылуу болуп алышыптыр. Ичимден «менин жумушумдун жыйынтыгы ушул экен да» деп аябай сүйүндүм. Ал эми мырзаларга келсек, көпчүлүгү көңүл бурдуруунун агрессивдүү ыкмасын колдонушат. Түртүп кетет же кылык-жоругу менен жиниме тийишет. Аргасыз көрмөксөнгө салып коём.
– «Мага кызыккандар көп болуп жатат» дедиң, атактуулук сени өзгөртүшү мүмкүнбү?
– Ушул нерсени мага апам көп айтат. Биринчиден, менин тарбиям мындай нерсеге жол бербейт. Экинчиден, өзүмдү убагында токтото алам. Үйдөгүлөр мени катуу тизгиндеп турушат.
– Үй-бүлөң тууралуу да айтып өтсөң?
– Үч бир тууганбыз, мен улуусумун, менден кийин сиңдим жана иним бар. Атам Өзгөчө кырдаалдар министирлигинде кызматкер, апам медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер. Аябай ынтымактуубуз, эс тарткандан эле талаш-тартыш эмне экенин билбей чоңойдум. Анткени апам менен атам такыр талашып-тартышкан жок, экөөнүн ою дайым бир жерден чыкчу. Атам эскичил, салт-санааны карманган адам болгонуна карабастан, бизди каалаганыбызды кылдырып, көп тыюу салбай эркин чоңойтту. Бирок ар бир нерседе чек болорун айтат.
– Кинодон көп сулууларды көрөбүз, бирок баары таланттуу дегенден алыспыз. Кээде режиссёрлор сулуулугуна эле карап тандап калышканбы деген ой келет...
– Режиссёрлор деле бир образды түзүп, ошого ылайыктуу каарман издешсе керек. Кинодо сулуулук деле роль ойнобойт, эң башкысы харизма. Көрүүчүлөрдү харизмасы менен илип кетсе, ошол актрисанын кинодогу өмүрү узун болот. Мен деле жумушумда кээде жини чукул кардарларга туш келип калсам, сүйкүмдүүлүгүмдү пайдаланып, жакшы, жумшак сүйлөп, тынчтандырганга аракет кылам (күлүп).
– Жигит сага сезимин кантип билдириши шарт деп ойлойсуң?
– Бардык айымдар сыяктуу эле кулагым менен сүйөм. Бирок анын аракети да маанилүү. Эгер жигит сөзүнө туруп, айтканын айткандай аткарса, мен үчүн аябай идеалдуу вариант болмок. Мага менин атамдай эркин койгон өмүрлүк жолдош керек. Бирок жашоонун кандай нукта өзгөрүп кетерин эч ким билбейт эмеспи. Турмуш төгөрөгү төп келишкен жигитти деле таразасына салып, кемчиликтерин көрсөтүп коюшу мүмкүн. Андыктан тандоодо жаңылышпай, өзүңдүн адамыңды табуу аябай татаал.
– Караокеде жакшы ырдаарыңды угуп калган элем?
– Кичинемде эле бүт майрамдарда, ал эми үйдө тамагым бүткүчө ырдачумун. Эки жыл мурун «Turkvizyon» музыкалык сынагынын кастингине катышкам. Калыстар «талантың бар, бирок жакшылап иштешиң керек» деген кеңешин беришкен. Мага музыкалык билим жетишпей турганын билем. Ырчылык карьераны баштап алып, аягына чыкпай каламбы деген кооптонуу бар, ошон үчүн азыр бир чечимге келе элекмин. Эгер болочоктогу жолдошум түшүнсө, ырчы болгум келет.
Лунара Бекиева
star@super.kg