Жол эрежесин бузуучуларды кубалап жетип, айтышып, урушуп-талашып, аны камерага тартып алып интернетке жүктөгөндү жакшы көргөн Талантбек Исаевдин кайырмагына бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабеков илиниптир.
20-октябрь күнү Жол-кайгуул кызматы тарабынан «Ала-Тоо» аянтында Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабековго тиешелүү 0025 KG номурлуу унаа токтотулуп, белгисиз себептерден улам чыр чыккан. Бул окуя боюнча 21-октябрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы: «Текшерүү учурунда Кантемир Мурзабековго тиешелүү унаанын документтери болгон эмес. Ошондой эле эл өкүлү Бишкек шаары боюнча Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Эрлан
Атантаевге сөгүнүп, орой мамиле жасаган»- деп билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабеков өз пикирин мындайча айтты: «20-октябрь күнү кызматтык номердеги автомашинада баратканда эч бир себепсиз токтотушту. Өзүмдү аларга Жогорку Кеңештин депутаты экендигимди тастыктаган күбөлүктү көрсөтүп тааныштырдым. Мыйзамга ылайык, жол-кайгуул кызматкерлеринин мени кармаганга укугу жок. Мен эч кандай уят сөздөрдү колдонбогондугумду билдирем. Аталган кызматтын башчысы Талантбек Исаев менен пикир келишпестик биринчи жолу болуп отурган жок. Үстүбүздөгү жылдын август айында да Талантбек Исаев менен так эле ушундай окуянын негизинде ички иштер министрине кайрылууга мажбур болгом».
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg