22-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди «Азия универсал банкынан» акча чыгарып кетүүсү боюнча өмүр бою эркинен ажыратылсын» деген чечим чыгарды. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин экс-директору Максим Бакиевден тышкары анын финансы боюнча кеңешчиси Евгений Гуревич жана аталган банктын төрагасы Михаил Надель Социалдык фонддон 50 миллион долларды «Азия универсал банкы» аркылуу чыгарып кетишкен. Соттун чечимине ылайык, Бакиев өмүр бою, ал эми Гуревич менен Надель 25 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланмак болду. Сот кылмышкерлерден 60 миллион доллар же
3 миллиард сомдук каражатты мамлекет эсебине өндүрүп алуу чечимин да чыгарды. Учурда үчөө тең издөөдө жүргөндүктөн, алар сыртынан соттолушту.
Эскерте кетсек, Максим Бакиев быйылкы жылдын апрель айында Улуу Британиянын жараны Шон Дэйлини өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча да соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg