УКСУС ИЧИП, БИРОК, ӨЛБӨЙ КАЛГАН АДАМ КАНДАЙ АЗАП ТАРТАТ?

– Өзүн-өзү өлтүрүү максатында уксус ичип, бирок, өлбөй калса адам кандай азап тартышы мүмкүн. Адам толук дарыланса организми мурунку абалына келе алабы? Дегеле өзүн-өзү өлтүрүүгө кайсы себептер жеткирет? Медер, Бакы, Кант.

Эмне үчүн өзүн-өзү өлтүрүүгө барышат?
Өзүн-өзү өлтүрүү илимде суицид деп аталат. Суицидге баруунун себептери көп.

  • Жаштар бактысыз сүйүүдөн, ата-энеси менен уруштан, балдар менен тил табыша ал­боодон, зулум, чоң адамдардын эзүү­сүнөн жана башка себептерден өз­үн өлтүрүү­гө барышат.
  • Чоң адамдар түгөйү таштап кеткенде, иштеген жеринен чыр-чатакка кабылганда, жашоо-абалы оордоп өзүн, үйбү­лө­­сүн бага албай калганда, кары-картаңдар келин-уулунун жаман мамилесине кабылганда, кээде жубайлардын бири экинчисин үйүнөн кубалап чыкканда жана башка себептерден өз өмүрүн кыюуга барат.

Суицидде колдонулган ыкмалардын бири – уксус ичүү
Уксус кислотасы арзан, анан дээрлик бардык дүкөндөрдөн сатып алууга боло турган каражат. Ушундан улам кээ бир адамдар турмушунда чоң маселеге, запкыга кабылып, өлгүсү келсе алгач башына уксус ичип өлүү келет. Бирок, алар уксус ичсем эле өлөм деп калпыс ой жүгүртү­шөт. Эмоцияга алдыруудан улам кокус өлбөй калсам эмне болот деп ойлоно беришпейт. Ал эми уксустан уулануунун арты абдан оор натыйжаларга алып келет.

Уксус ичкенден кийин эмне болот?
Уулануу уксусту канчалык өлчөмдө ичилгенинен, аны ичкен убакта адам ачка же ток экендигинен, организми канчалык деңгээлде чың экендигинен жана башкадан көз каранды.

Уксусту ичкенден соң:

  • Дароо эле ооздо, кызыл өңгөчтө кескин түрдөгү катуу оорутуу сезилет.
  • Ооз, кызыл өң­гөч күйөт. Кызыл өң­гөч куурулуп калат.
  • Кислота ашказанга, ичегиге жеткенде алар дароо күйүккө дуушарланат. Бул чыдагыс оору менен коштолот.
  • Кислота органдарга жана ткандарга катуу таасир бергендиктен, адам шокко кабылат. Кислотанын таасиринен ашказандын жана ичегинин ткандары заматта өлө баштап (некроз), жаралар пайда болот.
  • Ашказан күйгөндөн улам кусуу башталат. Кусканда ичтеги органдардагы кан агуулардан улам кан кошо чыгат.
  • Кислотадагы уу кызыл кан денечелерин (эритроциттерди) иритет. Ириген калдыктары боорго, бөйрөккө доо кетирип, алар иштен чыгат. Мындай учурда бөйрөк атайын аппаратуранын жардамы менен иштетилүүгө өтөт.
    Уксус ичип, өтө уулангандар ушундай оор абалдан кийин медициналык жардам көрсө­түл­сө да баары бир жашоо менен кош айты­шат. Ал эми азыраак же орточо уулангандардын тирүү калууга мүмкүнчү­лүктөрү бар. Бирок, алар тарта турган азап дале алдыда.

Аман калгандан кийинки абал

  • Адам айыгуу үчүн айлап ооруканада жатууга мажбур болот.
  • Дарылануу кымбатка турат. Себеби, кокус ооруканада атайын дары суюктуктар жок болсо, аны оорулуунун жакындары сатып келүүгө аргасыз.
  • Күйгөн кызыл өңгөчкө пластикалык операция жасоо зарылдыгы келип чыгат.
  • Кээлеринин ашказанына да операция жасалат.
  • Көбүнчө уулануунун аягы өнөкөт пневмонияны алып келет.
  • Ашказан өнөкөт гастрит оорусуна чалдыгат.
  • Эс тутум начарлайт.
    Аталган жана башка себептерден улам уксуска уулангандардын организми калыпка келе албайт. Сөзсүз залалы калат. Кээ бирлер түбөлүк майып болуп калышы да толук мүмкүн.

Адамдын уксус ичкени байкалса эмне кылуу зарыл?
Эгер адамдын уксусту байкабай ичип алганын же өзүн-өзү өлтүрүү үчүн ичкенин жакындары байкап калса, дароо тез жардам чакыруулары зарыл. Тез жардам келгиче муздак суудан ичирип туруу керек.
Эскерте кетчү нерсе, уксустан ууланганда сууга активдештирилген көмүрдү же соданы кошууга болбойт!
Активдештирилген көмүр ансыз да күйүккө чалдыккан кызыл өңгөчтү дагы бир ирет күйүккө чалдыктырат.

Адамга бир берилген өмүрдү барктагыла!
Кээ бирлер уксусту өлүү үчүн, кээси өл­гөндү каалабаса да өзүн кайгырууга жеткирген адамды коркутуп коюу үчүн ичет. Бирок, азбы, көппү ууланууга дуушарланып, анын запкысын өмүр бою тартат. Ошондуктан, кандай чоң маселеге кабылса да адам өзүнө бир берилген жашоону садага чаппоосу керек. Андан көрө токтоолук менен кы­йындыктан кантип чыгып кетүү жолун ойлонуу акылдуулук болот. Тирүүлүктүн өзү бакыт экендигин эстен чыгарбоо зарыл!

СТАТИСТИКАДАН

  • Күчтүү концентратталган уксус кислотасынын ичилген 10-12 миллилитри, ал эми эссенсиясынын 30-40 миллилитри өлүмгө жеткирет.
  • 2006-жыл башынан бери Бишкекте уксустан ууланган ар бир 8инчи адам өмүрү менен кош айтышкан.

ИЧ КӨПКӨНДӨ КАНДАЙ ДАРЫ КОЛДОНСОМ БОЛОТ?
– Кийинки кездерде ичиме дамамат жел толо турган болду. Бул басканда да, иш кылганда да мага ыңгайсыздык жаратууда. Кандай дарыларды ичсем болот? Дегеле ич көбүү эмнеден келип чыгат? Гүланда, Ош.

– Ич көбүү же ичке жел толуу медицинада метеоризм деп аталат. Бул ашказан-ичегилердин ооруларынын залалынан улам ичегиде газдын чогулуп калуусу. Ичилген тамак-аш иштелип чыгып жаткан кезде суутек, көмүр кычкыл газы, метан жа­на башка кескин жагымсыз жыттуу газдар бөлүнүп чыгат. Анан аш болбогон тамак-аш калдыгы көп сандаган бактериялар жыйылган жоон ичегиге түшөт. Анда тамак-аштын калдыгы чирип, ачыйт. Мындан дагы жаңы газдар жаралат. Газдар иче­гини керет. Эгер ичеги-ашказан жолдорунда сезгенүү бар болсо, ич абдан кө­бөт жана адатка айланат.

Ич көбүүдөн арылуунун эң жөнөкөй жолдору:

  • 10 килограмм салмакка 1 таблетка активдештирилген көмүрдөн (активизированный уголь) же полефепандан ичүү керек.
  • Биокаражаттардан линекс, хилакфорте, бифидобактерин, лактобактерин ичүү да сунушталат. Бирок, буларды врачтын көрсөт­мө­­сүнөн гана кабыл алуу туура.
  • Сабиздин 1 аш кашык уругун 1 стакан кайнак сууга демдеп алуу кажет. Анан ысык бойдон 1 чай кашыктан 3 маал ичүү керек.
    Эскертүү! Ич көбүүдөн биротоло айыгуу үчүн дарыгерге кайрылып, толук дарылануу талап кылынат.

БАЛАМ МЕНИ ТАРТЫП КӨРҮҮСҮ НАЧАР БОЛУП КАЛБАЙБЫ?
– Менин көзүм начар көргөндүктөн, көз айнек тагынам. Учурда менин 4 айлык боюмда бар. Буюрса, бул жолдошум экөөбүз­дүн тун балабыз. Мени ойлонткон нерсе, балам төрөлгүчө дагы көрүүм начарлап кетпейби? Кийин балабыз да мени тартып көрүүсү начар болуп калбайбы? Жибек, Карабалта.

– Кош бойлуу кезде көрүүм начарлап кетпейби деп коркпой эле койсоңуз болот. Антсе да так маалымат алууну кааласаңыз, офтальмологго кайрылыңыз. Ал эми балама менин начар көрүүм өтпөйбү деген сурооңузга генетикке кайрылуу менен жооп ала аласыз.

Материалды даярдоого салымын кошкондугу үчүн
Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун
токсикология бөлүмүнүн башчысы
ИБРАИМОВ Нурланга ыраазычылык билдиребиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан