«Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бала бакчаларга балдарды кабыл алуу ЭЛЕКТРОНДУК жол менен жүргүзүлө баштайт»,- деди аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов.
Ички иштер министри МЕЛИС ТУРГАНБАЕВДИН сокур ичегисине операция жасалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирип, министрдин эч кандай ууланбаганын кошумчалады.
Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыповдун айтымында, «КАРА-КЕЧЕ» көмүр кенинде жакынкы убакта оор жүк ташуучу унаалардын жүгүн таразалай турган жабдуу коюлат. Бул айдоочуларга уруксат берилген салмактан ашып, айып пул төлөп калбашына жардам берет.
Ош шаарынын №5-тергөө абагынын башчысы Абдыкадыр Асанов 20-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Ал ИИМ башчысынын түштүк аймагы боюнча орун басары КУРСАН АСАНОВДУН бир тууганы.
Жыл башында ДОЛЛАРДЫН КУРСУ сомго карата 49 сом 18 тыйынды түзүп, 23-октябрга карата долларды сатуу 56 сомго өсүп жетти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош шаарынын кире беришиндеги айланма жолду кеңейтүү үчүн экс-мэр МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ орноткон Барсбек кагандын эстелигин башка жакка жылдырууну сунуштоодо.
Өкмөттүн аппаратына ай сайын Жогорку Кеңештин депутаттарынан 100дөн ашуун, жылына 1 миңдей СУРОО-ТАЛАП түшөт.
Бишкектин мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ: «Таштандыны тазалоо үчүн шаардыктардын үчтөн бири гана төлөм акыны беришет»,- деди.
Оштун вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, ОШ ШААРЫНДА 23-октябрдан тартып жер тамда жашагандарга түнкү убакытта электр энергиясын мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр киргизилет.
Бишкектин мэриясы каттамдагы кичи автобустарда жүрүү акысын жогорулатуу сунушу боюнча Экономика министрлигинин бүтүмүн күтүп жатат. ЖОЛ КИРЕ акысы инфляцияны эске алуу менен 2 сомго кымбаттамай болууда.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН депутаттары 27-31-октябрь күндөрү аймактарда иш алып барышат.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектептерде КЫШКЫ КАНИКУЛ жазгы каникулдун эсебинен 3 күнгө узартылат. Окуучулар 2014-жылдын 29-декабрынан 2015-жылдын 18-январына чейин эс алууда болушат. Ал эми окуу жылы 29-майда аягына чыгат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Барсбектин эстелигин жылдырып не пайда тобоо бекер эле личный расход... турган нерсе тура берсе болбойбу. Биздикилер озу бузуку да созсуз бир деме кылып туруш керек.
0
uylaak
2014-10-27 15:59:43
Эстеликти жылдыргандан башка ишинер жокпу? биздин чондор оздору эстелик тургузбайт, тургузуп койгонду бузганга маш...