РЕЙДЕРЛИКПИ ЖЕ КӨЗ БОЁМОЧУЛУКПУ?

Орус тилдүү «Вечерний Бишкек» гезитинин тегерегиндеги сөздөр учурда коомчулуктун көңүлүн буруп турган кези. Анткени аталган гезит «Илгерки Акаевдин доору кайтып келди. Биздин гезитти басып алуу, тартып алуу башталды» деп чуу салып жаткан кези. «Рейдерликке жол бербеш керек», «сөз эркиндигине кол салуу жакшылыкка алып келбейт» деген пикирлер, «жок, андай эмес, «Вечерний Бишкек» эч бир фактыларды айтпай эле, окуяга саясий түс берүүгө жан талашып жатат. Чындыгында, бул маселе гезиттин илгерки тең кожоюндарынын ортосундагы талаш-тартыш» деген пикирлер айтылууда. Окуя тууралуу көңүл бурууга арзый турган пикирин бул аптада «АКИпресс» төмөнкүчө жарыялады:
Рейдерлик «териштирүүлөрдүн» учурунда «Вечерний Бишкек» өзүнүн окурмандарын таптакыр эле сыйлабай калды. Гезит 3 аптадан бери карманып жаткан версия мындай аксиомага такалат: Окурман 100гө чейин да тыңыраак санап, кошуп, кемите албайт.
Кимдир бирөөлөрдүн «окуянын маңызын түшүнүүгө» болгон аракети, мындан да тактап айтсак, эсептеп көрүүгө болгон аракети гезиттин редакциясына такыр жакпады. Андыктан окурмандар үчүн эсептеп чыгууга туура келет. Алсак, Кимдин (ред. Александр Ким «ВБнын» кожоюну) үй-бүлөсү 2000-жылга чейин «Рубикон» ЖЧКсынын 50 пайыздык үлүшүнө ээ болчу. Адиль Тойгонбаев (ред. Аскар Акаевдин күйөө баласы) келип, үлүштүн 1 пайызын тартып алган. Кимдин үй-бүлөсүндө 49 пайыздык үлүш калган. Математикалык жактан ал мындай: 50-1=49
2005-жылдын күзүндө (ред. Акаевдер, демек, Адиль Тойгонбаев дагы бийликтен куулган мезгил) Ким сотко кайрылып, өзүнүн 1 пайыздык үлүшүн кайтарып алып, 100 пайыздык үлүшкө ээ болуп калган. Кайрадан математикалык тилге кайрылсак, ал көрүнүш мындай: 49+1=100. Өзүңүздөр көрүп тургандай, математикалык жактан бул туура эмес жыйынтык.
Мындай математика кайдан келип чыкты? Кимдин адвокаттары ар кандайча түшүндүрүшүүдө. Кайсы адам менен сүйлөшүп, маектешип жатканына жараша алардын версиялары кубулууда. Өздөрүнүн окурмандарына алар эч нерсе айтпай жатышат (айтып кереги эмне, алар кыйратып 100гө чейин санаганды билишпейт да). Кызыгып көргөндөргө мындай деп түшүндүрүшүүдө: «Гипотетикалык жактан алганда 50 пайыздык үлүш Адиль Тойгонбаевдики. Бирок сот ал үлүштү тартып алган, анткени Тойгонбаев үлүштү мыйзамсыз түрдө сатып алган...» Ал эми Рябушкиндерге болсо, Кимдин адвокаттары «ал өзүнүн үлүшүн Адиль Тойгонбаевге саткан, андыктан Рябушкиндин үлүшү 0 пайыз» дешүүдө.
Эгер Тойгонбаев Рябушкиндерден «Рубикон» ЖЧКсынын 50 пайыздык үлүшүн мыйзамдуу түрдө сатып алып, ал үчүн 300 000 доллар (биринчи версиясында 100 000 доллар деп айтышкан) төлөгөн болсо, анда сот бул үлүштү Тойгонбаевге кайтарып бере алат. Мындай пикирлерге гезит катуу таарынып калды.
Өлкөнүн мурунку кожоюну (ред. Курманбек Бакиев) жана анын уулу (ред. Максим Бакиев) 2005-жылдын күзүндө 49+1=100 деген математикалык чечимге эч кандай акча албай туруп көз жумуп коё алмак эмес деген версияга гезит жогорудагыдан да катуу таарынды. Эми гезит өзүнүн окурмандарына «Максим Бакиев акча дегенди дегеле сүйгөн эмес, атүгүл америкалык доллардан жүрөгү айланчу» деп далилдей башташы керек болот.
Александр Кимдин үй-бүлөсүнө «Рубикон» жарнамалык агенттигинин жана «Вечерний Бишкек» гезитинин 50 пайыздык үлүшүнө ээ боло туруп эч кимден эч нерсе сатып албай, тартып да албай, кантип ал үлүштү 100 пайыздык үлүшкө айлантуу керектигин коомчулукка жөн гана түшүндүрүп коюу зарыл.

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Chikus93
2014-10-30 09:16:20
Бир тушунсом олойун,
0
Ainura_kg85
2014-10-31 19:32:40
Окугандан да зериктим
0
rus.sayk
2014-11-04 17:56:24
кыныр иш кырк жылда билинет дейт элибизде. мына
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан