Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «АЙЛЫГЫМДЫ МУКТАЖ БОЛГОНДОРГО БЕРЕМ»

Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев мырзанын кыргыз саясатында өзүнчө салмагы бар. Окурмандарга бул инсандын эл билбеген жактарын ачып берүү үчүн анын кеңсесине баш багып, маек куруп кайттык. Бир караганда сүрдүү, ойлуу, сөзгө сараңдай көрүнгөн Бакыт Эргешевич жакшы маанайда агынан жарылып сүйлөп берди.

– Бакыт Эргешевич, эмгек жолун адегенде эле жетекчилик кызматтан баштаган, 36 жашында министр болгон, учурда Жогорку Кеңештин депутаты, саясий партиянын лидерлигин колго алган жаранды ийгиликтүү адам деп айтсак болобу?
– Менимче, ийгиликтүү адам десе болот. Бирок ийгилик деген дароо эле келбегенин, баары заматта ойдогудай болуп кетпегенин да эске алышыбыз керек. Мисалы, сиз «эмгек жолун жетекчилик кызматтан баштаган» деп жатпайсызбы, мен дароо эле жетекчилик кызматка келген эмесмин. Адегенде ал фирманы түптөдүк. Аны иштетип кетүү үчүн аябагандай аракет кылдык. Чынында, кагаз жүзүндө эле жетекчи болгом. Тамеки жалбырагын өстүрүп, экспорттогон фирмада иштедим. Кийин алып-сатуу ишинин келечеги жок экенин билип, Жалал-Абадда кароосуз калган нан бышыруучу цех бар эле, аны оңдоп-түзөп, инвесторлорду тартып, ун чыгаруучу тегирмен ачтык. Жалпысынан алганда, Чүй, Ош жана Жалал-Абадга 6 завод ачыптырмын.
Эмгек жолумдун башталышында 1997-1998-жылдары биздин ишканада 30-40 адам эмгектенсе, 2007-жылы ишканаларыбыздын көбөйүшү менен 600 адамды жумуш менен камсыз кылдык. Башында мамлекетке 3 миллион сом салык төлөсөк, 2007-жылы 150 миллион сом салык төлөгөнгө жетиштик. Мунун баары асмандан түшө калган жок, өзүбүздүн маңдай терибиз менен жеттик.
Министрлик, депутаттык кызмат да менин эмгегимдин жыйынтыгы. Ал эми партия тууралуу айтканда, адегенде биз «Өнүгүү» деп аталган кыймыл катары түзүлгөнбүз. Аймактарда иш алып барып, жергиликтүү дыйкандарды колдоо үчүн аларды Машина-трактордук станциялар менен камсыз кылып, айыл элин бекер медициналык кароодон өткөрүү, дегеле жардам берүү менен алек болуп келген элек. Кийин эл арасында бизди колдогондор көбөйдү, бул жагдай өз кезегинде биздин кыймылдын партия болуп калыптанышына себепкер болду. Учурда аймактардагы жергиликтүү кеңештерде 60 депутатыбыз бар. Бул дагы бир ийгилигибиз десем болот.

– Сиз үчүн эң башкы жетишкендигиңиз эмне?
– Жогоруда эл аралап жүргөндүгүбүздү айтып өтпөдүмбү. Элге колдоо көрсөтүп жатканыбызды көрүп, карапайым калк жылуу тосуп алат. Бир да жерден жаман сөз угуп, куулуп калган жокпуз. Элдин ишенимине кирип бара жатканыбыз мени өзгөчө кубантат. Менин эң башкы жетишкендигим – эл ишенимине ээ болуп жатканым.

– Турмушта адамды дайыма эле ийгилик коштоп жүрө бербейт. Ийгиликсиз болгон, жашоонун суугуна тоңгон күндөрүңүз да болсо керек? Ошондой күндөрдү бир эскерип өтпөйсүзбү? Кыйынчылыктарды кантип жеңгенсиз?
– Мен үчүн эң кыйын учур – апамдан айрылган күнүм. Ошол күндү, ошол учурду эң кыйын мезгил деп эсептейм. Жашоомдо көп эле күндөр болду, студент кезде ачка калдым, экзамендерде кыйналдым, мушташтым, кээде жеңдим, кээде жеңилдим, булар кыйынчылык эмес. Аларды кыйынчылык десем бүгүнкүдөй абалга жетпейт элем. Муну кадимки көрүнүш катары кабыл алып келгем. Ооба, жашоодо жеңилүүлөр болот. Бирок дайым кайра туруп андан ары кеткенди, ийгилик жаратканды билиш керек.

– Кыргызстан сиз үчүн ийгиликтүү өлкөбү же тескерисинче ийгиликсизби?
– Мен мекенчил адам катары өнүккөн чет мамлекеттерге барып калганда Кыргызстанга салыштырып ичим ачышып кетет. «Биз эмнеге ушундай өнүгө албай жатабыз?» деп өзүмө өзүм суроо берем. Бирок Кыргызстанды ийгиликсиз деп айтпайм. Биздин өлкө чоң ийгилик жарата албай жаткан өлкө. А чоң ийгилик жаратыш үчүн бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек.

– Күнүгө эртең менен туруп жумушка барууга, ишти бүтүрүүгө сизге Жогорку Кеңеште ала турган айлыгыңыз түрткү береби же башка пландарыңыз үчүн туруп кетесизби?
– Чынын айтканда, айлыгымды балдар үйүнө, жардам сурап келгендерге, таза суусу жок айылдарга жардам катары берип келем. Андан сырткары акыркы убакта ар кандай дарттан жапа чеккен адамдар көп кайрылышууда. Жакында бөйрөк оорусунан жабыркагандарга да айлыгымды которуп бердим. Мен үчүн Жогорку Кеңеште иштеп жүрүү аброй күтүүнүн, байып алуунун, айлык алуунун жолу эмес. Жогорку Кеңешке эл үнүн бийликке жеткирели, элдин көйгөйүн чечели деп келгенбиз. Мына ушул маселелердин түрткүсү менен жумушума келип кетем.

– Айрымдар бай турмушта, жокчулук көрбөй жашап өтүүнү максат кылышат. Айрымдар тарыхта калууну көздөшөт. Сизчи?
– Келечек урпактарга ата-бабадан калган мурастарыбызды татыктуу өткөрүп берсек дейм. Ошол үчүн аракет кылам. Элге жардам берсек, кийинки муундун алдында мугалимдерге, медиктерге татыктуу айлык, карыларыбыздын пенсиясы көп болгондугун үлгү катары көрсөтсөк дейм. Демек, мен да жакшы иштерди жасаган адам катары тарыхта калгым келет.

– Саясатка аралашпай эле эл үчүн, мамлекет үчүн, келечек урпактар үчүн пайдасы тие турган иштерди жасаса болбойбу?
– Эгер мен өзүмдү гана ойлосом, тынч эле жүрө бермекмин. Кудайга шүгүр, үй-бүлөм, балдарым, жакындарым жанымда, үстүмдө үйүм бар дегендей. Ооба, ишкерлик менен алектенип жүргөндө деле элге жардам берип келгенбиз. Бирок мамлекеттик деңгээлде элиме жардам берүү үчүн саясатка аралашкам. Тактап айтканда, туура мыйзамдарды киргизүү менен, мамлекеттин туура багытта кетишине салым кошуу менен жардам берсемби дейм. Чынын айтканда, эл менен жолугуп, алардын көйгөйүн жер кыдырып жүрүп, өзүмдүн балдарым кандай чоңоюп калганын байкабай калам.

– Маегибиздин акырында айтсаңыз, ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
– Атам Эргеш Төрөбаевич «баштаган ишти аягына чыгарыш керек» деп тарбия берген. Ошондуктан баштаган ишти аягына чыкмайынча таштабайм. Негизи ийгиликке жетүүдө бир сыр бар деп деле айта албайм. Менимче, ийгиликке жетүүдө комплекстүү туура сапаттар болуш керек. Бир эле жакшы сапат ийгиликке жеткирбейт. Бир эле учурда билимдүүлүк, өжөрлүк, алдын ала бардыгын тактап эсептей билүү, адамдар менен жакшы мамиледе болуу, мына ушул сыяктуу жакшы сапаттардын аркасында ийгиликке жетсе болот го деген ойдомун.

– Маегиңизге рахмат!

БЛИЦ-МАЕК
– Акыркы жолу кайсы китепти окуп бүттүңүз?
– Сингапурдун өнүгүшүнө себепкер болгон Ли Куан Юнун «Үчүнчү дүйнөдөн» биринчиге: Сингапурдун тарыхы» деген китебин окуп жатам. Бүтө элекмин.

– Лидерсизби?
– Ооба, лидермин.

– Санбы же сапатпы?
– Сапат.

– Миллионер деген ким? Башы иштеген адамбы же акчасы көп адамбы?
– Башы иштеген адам миллионер болот да.

– Лотереядан утуп алсачы?
– Ошондо да баш иштеш керек.

– Жашаш үчүн жейбизби же жеш үчүн жашайбызбы?
– Жашаш үчүн жейбиз да.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Эң кыйын учурум апамды жоготкон күн" дейт Бакыт Төрөбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
barpy1
2014-10-29 15:44:46
Каркыраны сатканын учун канча акча алды экен, Кыргызгазды сатканы учунчу, ушул суроолорго жооп берип койсун, анан калган иштерин баалайлы!!!
0
Patrik
2014-11-01 12:46:58
бар болунуз сизди сыйлайм
0
kurstan-ali
2014-11-14 18:26:26
Голос сатып алам 50 сомдон. Деген экен бир адам убагында |-(
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан