Казак боордоштор кыргыз ырларына көз артканын дагы деле койбой келет. Плагиаттык менен шугулданган туугандар мындай жоруктарын өздөрү дагы моюнга алышканбы, айтор, бул тууралуу интернетке тамашалуу видеороликтерди да чыгарышкан. Бул жолу эстафета Нурлан Насиптин ырларына келген окшойт. «Менин айрым ырларымды казак кесиптештер ырдап чыгалы деп көп кайрылып жатышат. Жакында эле «Арай» тобу «Бүгүн сенин туулган күнүң», «Эки жаш» деген ырларымды сатып алышкан эле. Көп өтпөй «Музарт» тобу «Эркелетсемби?» деген ырымды сурашты. Чыгармачылык катышта болгондуктан бул ырымды аларга белек катары бердим»,- дейт ырчы.