– Турмушка чыкканыма 6 айдай болду. Өткөндө талгактын белгилери сезилгендей болгонунан УЗИге түшүп текшерилдим. Жыйынтыгында боюмда жок экени аныкталды. Бирок мага «тубаса жатын патологиясы менен төрөлүпсүң, башкача айтканда, сеники эки мүйүздүү жатын экен» дешти. Андыктан, эки мүйүздүү жатын деген эмне, төрөсө болобу деген суроолорго жооп алгым келет. Жатындын дагы биз билбеген кандай түрлөрү болушу мүмкүн?
Айзуура, 27 жашта, Ош шаары
– Жатын кемтиктеринин бири – эки мүйүздүү жатын. Аты айтып тургандай, жатын экиге бөлүнүп турат жана көрүнүшү мүйүз сымал. Көбүнчө булардын бири толук жетилип, экинчиси өспөй калган болот. Мындай диагноз менен кайрылганда айрым гинеколог-хирургдар жатындын бирин алып салууну сунушташат. Бирок бул туура эмес. Анткени кесип алып салганда ордунда тырык калат. Бойго бүтүп, бала чоңоюп жетилсе, баягы тырыкка күч келип, ичкерип, созулуп айрылат да, эне менен баланын өмүрү коркунучта калат.
Эки мүйүздүү жатындын өсүп жетилген жагында бойго бүтө берет, бала деле өсүп чоңоёт. Бирок төрөткө келгенде маселелер жаралат, андыктан бала жетилгенде операция жолу менен төрөтүү керектелет. Менин тажрыйбамда 3 аял ушул диагноз менен төрөдү. Болгону бойго бүтүрүүдөн мурун жана кийин врачтын көзөмөлүндө болуп, текшерилип туруу кажет.
Айрым учурда эки мүйүздүү жатындын экөө тең өсүп жетилбей калган учурлары кездешет. Андайда этек кир да келбейт, бойго да бүтпөйт.
Жатын кемтиктеринин дагы бири – ээр сымал көрүнүштөгү жатын. Мунун жеңил жана оор өзгөргөн түрү бар. Жеңил түрүндө айымдын ден соолугу чың болсо, анда турмушка чыккандан кийин боюнда көтөрүп, өздөрү төрөп алышат. Кокус аларда анемия, бөйрөк оорулары болсо, анда кош бойлуу кезинде баланын ичтен козголуусу же эрте төрөп коюу мүмкүн. Андыктан баары ден соолукка байланыштуу.
Эми өспөй, жетилбей калган жатынга келсек. Кыз чоңойгон сайын анын бардык органдары, анын ичинде жыныстык органдары да өсүп жетиле баштайт. Бирок көбүнчө вирустук жугуштуу оорулардын айынан, жыныс органдарын сууктан улам сезгендирип алуудан, анемиянын оор түрүнөн жатын толук өспөй калуусу мүмкүн. Демейде мындайда этек кирдин келүүсү бузулган болот. Жетилбей калган жатындын 3 түрү бар: жеңил, орточо жана оор түрү. Жеңил түрүндө гормондор, витаминдер жана башкаларды жазып берип, жакшылап көзөмөлдөп, жатындын өсүүсүн камсыздаса болот. Берки эки түрүндө жыйынтыктын чыгышы күмөн.
Сиздердин сурооңуздарга Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор МАКЕН МУСУРАЛИЕВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg