– Мен мындан 5 жыл мурун үчүнчү баламды төрөгөндө эми кийин төрөбөй эле коёюн деп жатын түтүкчөлөрүмдүн экөөсүн тең буудуртуп салган элем. Эми ойлонуп, дагы бир балалуу болгум келүүдө. Андыктан буулган түтүкчөлөрдү чечтирип, төрөй аламбы?
Айжамал, 35 жашта, Бишкек шары
– Жатын түтүкчөсүнүн экөөсүн тең буудуруп салгандан кийин аны кайра чечтирүү үчүн пластикалык операция керектелет. Бирок жатын түтүкчөсүнүн эни 3 миллиметр гана болгондуктан аны буудургандан соң түтүкчө жабышып, бүтүп калат. Демек, операция жасатуудан пайда деле чыкпайт. Башкача айтканда, операция жасаткандардын жүздөн бири гана төрөй алат. Андыктан буудуруудан мурда жакшылап ойлонуу керек болчу.
Сиздердин сурооңуздарга Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор МАКЕН МУСУРАЛИЕВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg