Кыргыз тилиндеги тамашаларды эл алдына алып чыгып, көрөрмандардын көксөөсүн кандырган «Тамашоу» Лигасы 18-19-октябрь күндөрү 7-сезонунун көшөгөсүн ачты. Өзүлөрүнүн миң түрлүү өнөрлөрү менен айырмаланган командалар таланттарын тартуулашты. Бул сезонго «Позитифф», «Арабаев», «Бишкек», «Элестет», «Кыялкечтер», «Ассорти», «Мисс шоу», «НКБ», «Weekend», «IUK», «Авангард», «Олимпик», «Ацтек», «Нур», «National», «ОШолор»,»Nutstan», «Кыргыз двор», «Юридикалык академия», «Универсал», «Марал», «Евраш», «МК Шоу», «Тамашарики», «Brooklyn», «3 кошкон», «Рота», «Smile», «Багыт», «Тентектер», «Долон» жана Казакстандын «SDU», «Система» командалары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Залдагы элди тамашалары менен демиткен командалардын ичинен мыктыларын калыстар аныкташты. «Мыкты команданы» «Бишкек» менен «Brooklyn» алса, тамашаны мыкты жөндөй алган Азамат Усенов менен Эламан «Мыкты оюнчу» наамына арзыды. Ал эми «Мыкты тамаша» деп «Олимпик» жана «Универсал» командаларынын тамашалары таанылды.
ТАМАШАЛАР
Эки адам бири-бирине табышмак айтып жатат:
– Эй, мен сага табышмак айтам, таап көрчү?
– Айтчы, таппаганда эмне экен.
– Эшек, чочко, түлкү чуңкурга түшүп кетиптир. Кимиси биринчи чыгат?
– Албетте, түлкү.
– Эшек да ошентип ойлоптур. Капа болгон жоксуңбу?
– Жок.
– Эшек да капа болбоптур.
(«Универсал»)
Баткендин губернатору борборго келип кайрылып жаткан учурунан бир үзүм:
– Бизге 5-6 автомат керек. Антпесе болбой калды. Кошуналар оюнчук автомат менен турганыбызды байкап калышты.
(«Лейлек» курама командасы)
Биздин Эламан көчөдө бара жатса жабалактап иттер үрүп чыгышат. Жан-алы кеткен Эламан иттерге:
– Кеткиле, мен сөөк эмесмин.
(«Евраш»)
Баткендеги гамбургердин жасалышы: Нанды алабыз, ортосуна өрүктү салабыз. Баары бүткөндөн кийин үстүнө насыбайдан сээп коёбуз.
(«Арабаев» курама командасы)
Тили кыска уй мурдун салфетка менен аарчыйт.
(«НКБ»)
Жигиттер кыздарын салыштырып жатышат:
– Менин сүйлөшкөн кызым «Тез жардамга» окшош, чакырган жерге такыр келбейт.
– Менин сүйлөшкөн кызым депутатка окшош.
– Семизби?
– Жок, алдай берет.
– Меники Бакиевге окшош.
– Эмне качып кеткенби?
– Жок, туулган күнүндө Бек Борбиев ырдаган.
(«National»)
Шок-факт:
– Кечээ күнү саат жетилер чамасында белгисиз бир баланы борчик сабап кеткен.
– Эй, Табылды, сени айтып жатат.
Шок-факт: – Ошол эле заматта борчиктин фотороботу түзүлдү.
– Эу, карасаң, сени көрсөтүп жатат. Сага окшошпойт го?
– Мага такыр окшошпойт, бул бөлөк окшойт. Мен кеттим.
– Каякка барасың?
– РОВДга да.
– Эмнеге?
– Мына бул сүрөт менен мени табышпайт. Бөлөк сүрөтүмдү берип келейин.
(«Олимпик»)
– Негизи «Тамашоудо» ойноо үчүн интеллект, акыл керек.
– Мыкы, айтчы мага, Токтогул Сатылганов кайсы акчага тартылган?
– 100 сомго тартылган.
– Саякбай Каралаев кайсы акчага тартылган?
– 500 сомго тартылган.
– Ал эми Курманжан датка кайсы акчага тартылган?
– 70 миллион сомго, элдин акчасына тартылган.
(«Позитифф»)
Султан Төрөбеков
star@super.kg