Өкмөт электр энергиясына жаңы бааларды сунуштап жатат. Бир айдын ичинде 700 киловатт-сааттан ашыкча колдонгондорго тариф 1 сом 20 тыйын, 700 киловатт-сааттан аз колдонгондорго тариф 70 тыйын бойдон калмакчы. Биз кошуна өлкөлөрдө жарыктын баасы кандай экенин тактап көрдүк. Кыргыз сомуна которулган бул бааларга коңшу мамлекеттердин экономикалык көрсөткүчтөрү (2013-жылдагы киши башына туура келген ички дүң продукциясынын көлөмү) кошо берилди.