КУБАНЫЧБЕК ТУРДУБАЕВ ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРИ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

Кубанычбек Турдубаев өзүнө айтылып жаткан айыптар боюнча билдирүү жасады. Маалыматта жаш кезинде кылмыш жоопкерчилигине тартылганы ал үчүн мыкты сабак болгону айтылат. Билдирүүдө:
«2002-жылы 29 жашымда Жети-Өгүз РЭСинин башчысы кызматына дайындалып, «Чыгыш электр» ишканасынын жетекчилигинин кысымына каршы чыгууга алым жетпей, ошол убакта электр энергиясынын коммерциялык жоготууларынын көрсөткүчтөрүн жасалма төмөндөтүү практикасын колдонууга тартылып кеткем. Ошентип аталган ишкананын 27 кызматкеринин арасында кылмыш жоопкерчилигине тартылгам. Каракол шаардык соту мага карата айып пул төлөө чечимин чыгарган. Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы тарабынан мунапыска байланыштуу жазадан бошотулгам.
Мен Өмүрбек Текебаевди сыйлап, урматтап келем. Талкууланып жаткан 30 миллион 160 миң сом эч качан уурдалган эмес, эч ким бул акчаны алган эмес, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөн да эмес. Мен кандайдыр бир саясий партиянын мүчөсү эмесмин. Кыргызстандын энергетика тармагындагы оор кырдаалды түшүнүп, өлкөгө жардам берүүгө ниеттенип, министр болууга макул болдум. Жогорку ишеними үчүн премьер-министр Жоомарт Оторбаевге терең ыраазычылыгымды билдирем. Энергетиканы өндүрүү жана коррупция менен күрөшүүгө бардык тажрыйбамды жана билимимди пайдаланууга даярмын»,- деп айтылат.
Кубанычбек Турдубаевдин Энергетика жана өнөр жай министри кызматына келишине Жогорку Кеңештин депутаттары макулдук көрсөтүп, добуш беришти.

 

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
chet-kyzyl
2014-10-31 22:51:28
менида министр болгум келет, айтмакчы соттолгон эмесмин.
0
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан