КАЛЕМИНЕН ЭМЕС, КЫЛЫГЫНАН ӨЛГӨН ЖУРНАЛИСТ

Мындан эки апта мурда коомчулукка журналист Сейитбек Мураталиевдин өлүмү тууралуу кабар таркаган эле. Алгач "байкуш калемгер, чындыкты жазам деп жүрүп, кайсы жыландын куйругун тепселеп алды экен?" дегендер болгон. Бирок окуянын чоо-жайы иликтенгенден кийин мындай ойлор өзүнөн-өзү четке чыгат.

КҮНӨӨСҮН КЕЧ МОЮНГА АЛЫП...
Назира (аты өзгөртүлүп берилди) түн жамына короодон ашып түшүп, көчөлөрдү аралай жөнөдү. Өзүнүн эмне кылып салганын дагы да түшүнө элек. Оңдой алгыс оор нерсе кылганын ички туюмунда сезип гана бара жатты. Азыр ушул көчө аяктаса, аны менен кошо жер да түгөнүп, түпкүрү жок чуңкурга түшүп кетчүдөй болуп сезилет.
Акыры болор иш болгонун, эми артка жол жок экенин, адам өмүрүн кыйып, оор иш кылганын түшүндү. Тагдырына ушул жазылгандан кийин аны менен макул болгондон башка арга жок эле. Эми Назира үчүн кызыл шапкечендер кармап кеткиче эркиндиктин абасынан кенен-кенен дем алып алуу гана калган...

“КОЖОЮН ЭМНЕГЕ ЖОК?”
Кызыл-Аскер аймагындагы Дэн-Сяопин көчөсүнүн 129-үйүндө жайгашкан техникалык тейлөө станциясында (СТО) иштеген балдар 2009-жылдын 4-ноябрь күнү кадимкидей иш ордуна чыгышкан. Келген унааларды тейлеп, окшош күндөрдүн дагы бири башталган эле. Бирок башка күндөрдөн айырмаланып, станция менен кошо бир короодо жайгашкан үйдөн станциянын кожоюну Сейитбек көрүнбөгөнү баарын ойлондурбай койгон жок. Анткени эртең менен эрте үйүнөн баш бакчу кожоюндан ал күнү түшкө ооп калса да дайын жок эле.
Үйдүн эшигин тартып көрүшсө жабык, ичин тыңшап көрүшсө шек-шоот жоктой. Тынчсыздана турган эч нерсе байкалбайт. Уюлдук телефонуна чалып көрүшкөндө, эч ким жооп бербеди. Бирок телефондун үнү үйдүн ичинен жаңырып жатканы угулат. Ошондо алар "акыркы кезде жүрөгү ооруп жүргөнүн кожоюн айтып калчу эмес беле?" деп бир нерсе болгонун боолголоп башташат.
Бирок кожоюндун эшигин бузуп кирүүгө даай алышпай, аялына телефон чалышты. Сейитбектин аялы кызы менен бөлөк турушчу. Бат эле жетип келген аялы эшикти тартып көрүп ача албай, алыс эмес жердеги мамлекеттик эмес күзөт бөлүмүнө жардамга чуркайт. Алар келип эшикти ачышканда жаман көрүнүшкө күбө болушат. Бөлмөнүн уктоочу бөлүгүнөн көмкөрөсүнөн жаткан Сейитбектин төшөк жабылган жылаңач денеси дароо көзгө урунат. Столдун үстүндө ачылган эки бөтөлкө шарап менен кильканын консервалары табылган. Денесиндеги бычак жаракаттарынан улам Сейитбектин киши колдуу болуп өлгөнүн түшүнүшүп, милиция чакырышат. Ошентип, журналисттин өмүрүн ашкана бычагы кыйганы анык болот.

УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН
Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кылмышкерди табууга киришишет. Сейитбектин уюлдук телефонундагы акыркы чалууларды текшерип отурушуп, ошол күнү кечке маал кылмыштын бетин ачышат. Акыркы чалуулар Назира аттуу аялга болгондуктан, ага телефон чалышат. Ал “силерден коңгуроо күтүп жаттым эле” деп билдирет. Көрсө, ал кылмышын моюнга алууга даяр турган экен.

ӨЛҮМГӨ АЛЫП КЕЛГЕН КОМПРОМАТ
27 жаштагы Назирага адам өл­түрүүдөн да бул кылмышка эмне үчүн барганын айтып берүүсү оор болгондой.
Назира Сейитбек менен мурда­тан тааныш болгон. Экөөнү жумуш байланыштырып, техникалык тейлөө станциясын чогуу иштетишчү. Бирок Назиранын айтымында, тең укуктагы өнөктөштөрдөн болушкан эмес. Анткени көп жумуштарды Назира аткарып, Сейитбек кетирген каталар үчүн да жооп берип жүргөн. А Мураталиев ар дайым суудан кургак чыгып кетчү экен. Себеби Сейитбектин Назирага компроматы бар эле. Анын айтканын аткарбаса, Назиранын бир сырын баарына айтып салмакчы болуп опузалап, коркутуп алган болчу. Акыркы кездерде Сейитбек экөөнүн мамилеси төшөк жаатына өтүшүн талап кыла баштаган. Муну билип калган Назиранын күйөөсү Сейитбекти сабап койгон. Таяк жеген журналист милицияга арызданып, Назиранын күйөөсүн СИЗОго каматтырып коёт. Андан кийин сүйлөшүүлөр жүрүп, Сейитбекке 1000 АКШ долларын төлөп беришип, ал болсо сотко барып өз арызынан баш тартмак болгон. Бирок акчаны ортомчулар аркылуу алып алгандан кийин Сейитбек сотко келбей коёт. Назира телефон чалганда, 3-ноябрь күнү кечинде Мураталиевдин үйүндө жолугушуп, сүй­лөшүшмөй болушат.
Бирок Назиранын сөзү боюнча сүй­лөшүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Тескерисинче, Мураталиев аны күчкө салып зордуктап коёт. Сейитбек өзүнүн айбан кумарын экинчи ирет кандырып алууга аракет кыла баштаганда Назира ашкана бычагын алып, бир нече жолу шилтеп алат.
Менин ичим уйгу-туйгу болуп, өзүмдү жек көрүү ээлеп алды. Бычак менен туш келди ура бердим. Качан жаны чыгып баратканын байкаганымда өзүмдү токтоттум. Үстүнө төшөктү жаап туруп, өзүм кийинип алып чыгып кеттим. Шаар аралай эмне кылганымды түшүнүү үчүн басып жүрдүм дейт”,- дейт Назира.
Эксперттер Сейитбектин денесине 13 жолу бычак сайылганын айтышат. Назирага Кылмыш-Жаза кодексинин 97-беренеси боюнча “атайын адам өлтүрүү” күнөөсү коюлду.

Сейитбек Мураталиев тууралуу көп маалымат жок. Болгону, анын “Жылан” аттуу гезити бар болгонун уктук. Бирок гезит саткан дүкөнчүлөрдөн сураштырып, мындай гезитти алар дагы көрүшпөгөнүн билдик. Мураталиев жөнүндө мындан башка маалымат биле албадык.

Сүрөттөр www.delo.kg сайтынан алынды.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Айби
2009-11-24 15:42:29
Бул кишинин коп аял алып ажырашканын жана алардын биринен калган жалгыз кызы бар экенинен уккам.
0
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан