Ильяз Андаштын апасы Атыркүл Байтокова: «ИЛЬЯЗДЫ ЖЫГАЧ УСТА БОЛОТ ДЕП ОЙЛОЧУБУЗ»

Уулунун эл кызматында жүргөнүн көрүү ар бир эне үчүн сыймык. Бүгүнкү каарманым ырчы Ильяз Андаштын апасы Атыркүл эже уулунун бала чагын, мүнөзүн толкундануу менен төмөнкүдөй баяндап берди.

«УУЛУМ АЯБАЙ БООРУКЕР»
– Ильяз экинчи уулум. Бир эжеси жана иниси бар. Кичинекейинде оюнкараак, тентек болгону менен, айткан сөздү угуп калчу. Анан аябай боорукер эле. Ал мүнөзү азыр деле бар, күндө «апа, ден соолугуңуз жакшыбы?» деп чалып, ал-жайымды сурап турат. Азыр ойлосом, кичинекейинде оюнчук сатып бергиле деп бизди кыйнабаптыр деле. Өзү колуна балка, мыктарды алып короодогу жыгачтан машина, ар кандай оюнчуктарды жасап ойной берчү. Пластилинден «Бул Манастын аты» деп үстүнө Манасты мингизип, артына Каныкейди шөкүлөсүн узун кылып учкаштырып сонун кылып оюнчук жасачу эле. Биз баарыбыз эле муну уста болот болуш керек деп ойлочубуз.
Негизи атабыз Таластын Бакай-Ата районунан, кийин жумушуна байланыштуу Ысык-Көлдүн Каракол шаарын­да жашап калганбыз. Ильяздын тили жаңы чыкканда «кайсы жерликсиң?» деп сураса эле, «жерим Талас, элим Манас, ким мени менен күрөшкө чыгат?» деп кыйкыра берчү. Анан бала бакчага барып жүргөн кезинде манас айтчу. Башында биз деле маани бербей, жаттап алып айтат экен десек, көрсө, көргөнүн эле уйкаштырып айта берчү экен. Бир жолу эжеси кир жайып жатса Ильяз манас айтып жатып арасына «эжем кир жууп-жайганда» деп кошуп кетиптир. Ошондон кийин «апе-ей, бул көзүнө көрүнгөндү эле айта берет турбайбы» деп калганбыз.
Кайсы үйгө конокко барбайлы, төргө өтүп алып манасын айтып баштачу. Атасы жаш кезинде актёр болчу. Бир жолу согуш жөнүндө спектакль коюп калышты. Анда атасын атып салышат. Ошол жерине келгенде балам «атам өлүп калды» деп бакырып-өкүрүп ыйлаган эле.

«ИЛЬЯЗ ИДИШ ЖУУП, КАМЫР ЖУУРУЧУ»
– Мектепте жакшы окуду. Өзүм музыкалык мектепте иштегендиктен, көчөдө жүрбөсүн деп ошол мектепке окутуп, аккордеон курсуна берип койгом. 1-классында жаңы жылдык балатыда Ильяз ырдап, аккордеон тартып берген. Атасы балам ырдайт экен деп «Бакай» деген балдар тобун ачып, концерттерди коюп жүрүштү. Топтун аты Ысык-Көл облусуна белгилүү эле.
4-класска чейин жалаң «4», «5» деген баага окуп, мугалимдеринен жакшы сөздөрдү, мактоолорду укчумун. 5-классынан тарта тентектик кыла баштады. Бир жолу мугалимдери уулумдун бейбаштыгын айтышса, өзүмчө жаман болдум. Классында партанын үстүнө чыгып алып ырдачу экен. Балдарды сабап коюп, ата-энелери даттанып ке­лишчү. Анан Ильязга «болду, мектепке ата-энелердин чогулушуна барбайм, сени мугалимдер тентек деп айтышат экен» деп айтып коркутуп койсом, ошол окуядан кийин оңолгонго аракет кылды.
Тентектик кылганда, кээде кийинбей ойноп кетип ооруп калганда урушчумун. Мага боору ооруп, «апа, сиз отуруп туруңуз» деп үй актап, идиш жууп, камыр жуурушчу. Бир жолу жаңы үй алып, ошол жакка көчүп келип кечке жыйнап, чарчаганыма карабай кечинде нан жасап жаткам. «Аябай уйкум келди, эртең да жумуш, наным качан бышат эми?» десем, Ильяз «апа, сиз уктай бериңиз, мен жасап коём» деди. Акыркы нан эле, макул деп уктап калдым. Ойгонсом эле үйдүн ичи түтүн, наныбыз капкара болуп күйүп кетиптир, балам менин бутумдун түбүндө уктап жатат (күлүп). Боорукерлигин карабайсыңбы, мени аяп уктатып коюп, өзү да бир аз жата турайын деп уктап кеткен экен. Мени менен сырдашып, жактырган кыздарын да айтып берчү.

Асхат Субанбеков
 
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Begimkyz
2014-10-27 17:05:08
Апаларыбыз аман болушсун!
+1
mulatka.94
2014-10-27 21:09:38
Жакшы маек болуптур.
+1
Positive
2014-10-27 22:01:07
апаларыбыздын омуру узун болсун копко жашашсын алар
+1
miss2014
2014-10-28 02:32:50

Сонун маек канча болсо да окуй бере турган ,апалар аман болсунчу.
+1
kunduz0702
2014-10-28 03:32:35
Okshosh eken e, ar daiym den soolukta bolup omyry uzun bolsun.Iliyaz talanttu bala bolgon eken kichinesinde ele
+1
Ainura_kg85
2014-10-30 13:39:13
Апаларга таазим!
+1
№ 625, 24-октябрь-30-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан