Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ордонун кечээки айбаттуу билерманы Кокон базарынын ортосундагы атайын курулган бийик жыгач секиде кара темир чынжыр менен бек чырмалып, үстүндө ыштанынан башка эчтемеси жок жылаңач турду.
– Бактыяр сеид Кудаяр хан! Бактыяр сеид Кудаяр хан! Эл тып боло калып, жарчынын үнү жакка жамырап карап, ката түштү.
Кудаяр хандын жаңы кер мурут болгон курагы экен, эрдин бек кымтып, эки көзү чекчейип, секиден өтүп келе жатты. Жанында жаңы миңбашысы Касым. Жаңы ынагы Нияз кушбеги. Нармамбет датка.
Жазалоо башталды.
Алгач Мусулманкулдун жаатынын жүзгө жакын мен деген азаматтарын айдап келишти. Капкара кийимчен желдеттер шашылбай, чоочунбай, бири-бирине күлүп тиктеп, күнүмдүк көр тирилигин кылып жаткан кишидей акырын чөк түшүрүп, азаматтарды мууздап жатышты. Өлүмдүн сүрү оңой эмес. Эл нестейди. Көбүктөнүп ийрилип, таманга кирип келе жаткан кандан үркүп кетенчиктеп жарылып турушту.
Бир гана Касым миңбашынын өчү канбады. Кыпчактардын канын Мусулманкулдун бут алдына чачыратып, анын жеңилген, карып болгон үнүн угуп, дагы кордоп, дагы тепсеп, өчүн кандырмакчы эле. Бирок Мусулманкулдун көк ала башы али ийилбеди. Касым миңбашы күч менен майыштырууга буйрук берди.
Колдору кычкачтай балбан жигиттер манжаларын кырсылдатып, бутун сындырышты. Мусулманкул дирт эте колун тартып баратып кайра токтоло калды. Кыйнап жаткандардын бетине да карап койбоду. Арданып кетиштиби, ырайымсыз кыйноочулар бир колун артка кайрып, карс сындырып жиберишти.
Эриндери көгөрүп, карачыгы өтө эле карарып бараткан ал бир убакта селт этип көзүн ачты. Эми эрки сынды го? Эми жан соога сурайт го? Ал көк ала сакал баскан эриндерин ачып, ордунан канаты сынган бүркүт сыяктуу бир обдулду.
– Кыпчак! Барсыңбы?
Үнү титиреп чыкты. Тымтырс.
– Бармын, ата!
Тымтырстык тарс жарылды. Эл дүр эте жооп чыккан жакка ыкты.
Мусулманкул чыйрала түштү:
– Кет! Тоо таянып кет! Уктуңбу?
– Уктум, ата! Уктум!..
Дүрүлдөп толкуган эл коргондун кырында тургандардын четиндеги тестиер баланы көрдү. Бала карматпай, коргондун кыры менен ары-бери чуркап, бир убакта секирип түшүп, көпчүлүктүн арасынан көрүнбөй кетти.
Кыпчагынын үнү кубат бердиби, же эң акыркы акылын айтып калганына кубандыбы, Мусулманкул кадимкидей тириле түштү. Кыйноочулар аны жыгып, жаагын тактайга такап, сандыктай чулу коргошун дөңгөчтү башына коё башташты.
Баш сөөк акырын бычырады... Жаак акырындап жалпак болуп баратты. Эки көз чекчейип... Улам чекчейип... Чекчейип... Сыртка бөлт-бөлт чыга түштү... Дагы кыңк деген үн болбоду.
Карышкыр сыяктуу аёону билбеген бул катуу адам аёо дегенди да билбей, өлүмдү карышкырча кабыл алды.
– Салават! Өч түгөндү, салават!
Жабыла дуулдап кетишти. Чайханадагы топ кишинин гана моокуму канбады. Өзгөчө Касым миңбашынын. Касынын кыйноодон чырылдаган үнүн уга албай, кычуусу тарабай, дилиндеги жамандыгы кайра көбүрүп, өз заарына өзү уугуп турду. Нияз кушбеги колундагы бир баш буудайды Касым миңбашынын алдына кармады:
– Миңбашы... Бул эмне?..
– Йе, кушбеги!.. Бул эмне деген оюнуңуз? Бул эмне, бул бугдай го! Өзүңүз көрбөй турасызбы?
– Рахмат...
Эми буудайды Нармамбет датканын бетине өтө жакын кармады.
– Кана, энди сиз айтыңызчы... Бул эмне?
– Бийдай!..
– Бийдай...- деп такмазаланды Нияз кушбеги мыйыгынан жылмайып... – Гм... Кыпчакты ушул сөздөн тутуп алса болот а, датка?..

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jetinur90
2014-11-05 12:27:01
Ошол мотурайган Абдрахман кийин кыргыздын чекесине чыккан чыйкан болот. Нак ХХХ ХХХ ХХХ ошол болот. Азыркы ХХХ десе да болчудай.
0
admin_superstan
2014-11-05 12:30:22
jetinur90, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүү тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
_KipchaK_
2014-11-05 16:47:11
Эмнеси менен чыйкан болот кыргызга?
0
umar92
2014-11-07 21:21:43
ушул романды толук версиясын кайдан окуса болот
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан