ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-ноябрдан 9-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада активдүү иштөөгө тоскоолдуктар жаралып, ишиңиз оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Баштаган ишиңизден майнап чыгаргыңыз келсе, бул жума аны токтото турганыңыз оң. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү келечекке план коюп, чоң буюм сатып алуудан жана маанилүү документтерге кол коюудан сак болуңуз. Шаршемби, жума күндөрү чечилбей жаткан көйгөйлөрүңүз оң жагына чечилет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачар жылдызындагылар үчүн бул апта чөйрөсүн тазалоо мезгили. Көптөн бери алакаңыз начар болуп келе жаткан адамдардан кол үзүп, мамилеңерге чекит коёсуз. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү күтүлбөгөн каржы чыгашасына кабыласыз. Бирок ал көйгөйлөрдү 2-3 күндүн ичинде жөнгө сала аласыз. Бул аптада сизден чыдамкайлык талап кылынат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта жагымсыз окуяларга бай болот. Жакын адамыңыздан көңүл калып, ага болгон ишенимиңиз сууп калышы ыктымал. Шаршемби, бейшемби күндөрү баарына жетишем деп бирин да бүтүрө албай кыйналышыңыз мүмкүн. Андыктан алыңызга жараша иш баштаганыңыз туура. Алыска жол тартуудан баш тартканыңыз оң. Анткени сапарыңыз ийгиликсиз аяктап калуусу мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада алдамчылардын тузагына илинүүдөн сак болуңуз. Жеке жашоодогу жагымсыз окуялар маанайыңызды түшүрүшү мүмкүн. Шаршемби, жума күндөрү жумушуңуз өз нугуна түшүп, жыйынтык бере баштайт. Дем алыш күндөрү эски тааныштар менен жолугуп, коомдук иш-чараларга катышууңуз күтүлөт.


АРСТАН (23.07-23.08)
Чала тааныш адамдарга ишеним артуудан алыс болуңуз. Себеби ишенген адамыңыз сизди алдап кетиши ыктымал. Чыгармачыл адамдарга бул аптада эргүү келет. Шаршемби, жума күндөрү жакындарыңыз менен болгон мамилени жөнгө салуу мезгили. Буга чейин ичиңиздеги көптөн бери айта албай жүргөн сырыңызды үйдөгүлөргө айтсаңыз болот.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башында жаныңыз жай албай, тынымсыз кыймылда болосуз. Шейшембиде каржы маселесин чечүүдө жай отуруп чечим кабыл алганыңыз оң. Бирөөлөрдүн айткан кеңешине эмес, өзүңүздүн алтынчы туюмуңузга ишениңиз. Бейшемби, жума күндөрү майда-чүйдө жумуштарыңыз жакшы жагына чечилет. Апта соңунда кесиптештериңиз менен талашып-тартышууга барышыңыз мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Тобокелге салып иш баштоодон абайлаңыз. Баштаган ишиңиз сиз жумшаган каражатты актабай калышы мүмкүн. Эмоцияңыз менен ойноп, нервиңиздин жукалыгын текшергендер табылат. Бирок ал сыноодон татыктуу өтөсүз. Эс алуу күндөрү алтынчы туюмуңузга кулак салыңыз, ал сизди көптөн бери кыялданып жүргөн туура жолго салат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Шашмалыгыңыз жана маанилүү адамдардын кеңешине кулак салбагандыгыңыз үчүн жумушуңузда кыйынчылыктар жаралат. Андыктан өзүмдүкү туура деген түшүнүктөн оолактап, башкалардын пикирине кулак салганга да үйрөнүңүз. Шаршемби, жума күндөрү документ жоготуудан сак болуңуз. Ал эми эс алуу күндөрү тынч өтөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиз үчүн бул апта жагымдуу окуяларга бай болот. Алыстан маанайыңызды көтөргөн жаңылык угасыз. Баштаган жумушуңуз жакшы жыйынтыктарды берип, үзүрүн көрө баштайсыз. Шаршемби, жума күндөрү чечкиндүүлүгүңүздү талап кылган маселе жаралат. Ишемби жана жекшембиде кошумча каражат тапчу булак таап, материалдык абалыңызды бекемдөөгө шарт түзүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көйгөй артынан көйгөй келип, сизди бир топ түйшүккө салган апта болот. Көп акча коротуп, капчыгыңыз жукарышы да ыктымал. Буюм сатып алууда накта баасынан алда канча кымбатка сатып алып, өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Андыктан ири соода жүргүзүүнү бул аптага белгилебей эле койгонуңуз туура. Бетке айтам деп бирөөнүн көңүлүн оорутуп алуудан оолак болуңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жумушта өзгөрүүлөр күтүлөт, иш ордуңуздан көтөрүлүп же тескерисинче, түшүп калышыңыз мүмкүн. Дүйшөмбүдө башка бирөөлөрдүн иши менен алек болосуз. Шаршемби, жума күндөрү алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшпөй турганыңыз туура. Ишемби, жекшемби күндөрү жаңы таанышуулардын орун алышы күтүлөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта жагымдуу да, жагымсыз да окуяларга бай болот. Чөйрөңүздөгү адамдарга көңүл бөлбөгөндүгүңүз чечилгис көйгөйлөрдү алып келиши мүмкүн. Андыктан алардын баскан-турганын аңдаганга аракет кылыңыз. Каржы тартыштыгынан улам жакындарыңыз менен урушуп кетишиңиз да мүмкүн. Апта соңунда гана бир тыянакка келип, топтолгон көйгөйлөрдү четинен чече баштайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан