АШКАБАКТАН ЖАСАЛГАН ТАМАК-АШТАР

АШКАБАК КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 1 килограмм
Кумшекер – 800 грамм
Жаңгак – 150 грамм
Апельсин ширеси – 2 аш кашык
Гвоздика (татымал) – 2 даана

Даярдоо ыкмасы:

  • Ашкабактын кабыгын аарчып, данегин тазалап, муздак суу менен жууп алабыз.
  • Орточо көлөмдө төрт чарчы кылып туурап, чарага салабыз.
  • Үстүнө кумшекер салып, ашкабактын ширеси чыксын үчүн 1-2 саат тыныктырабыз.
  • Жай отко коюп, апельсин ширесин кошуп аралаштырып, 10 мүнөт кайнатабыз.
  • Оттон алгандан кийин муздатып, эт туурагычтан (блендер болсо да болот) өткөзөбүз.
  • Кайра жай отко коюп, гвоздика кошуп, 20 мүнөт кайнатабыз. Түбүнө жабышып калбасын үчүн жыгач кашык менен аралаштырып туруу зарыл.
  • Оттон аларда майдаланган жаңгакты кошуп жакшылап аралаштырабыз. Өзгөчө даамга ээ кыям даяр.

КУЙМАК

Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак – 400 грамм
Жумуртка – 2 даана
Ун – 150-200 грамм
Айран – 100 грамм
Кумшекер – 3-4 чай кашык
Туз – татымына жараша
Өсүмдүк майы – 200-300 грамм

Даярдоо ыкмасы:

  • Кабыгы аарчылып, тазаланган ашкабакты майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, идишке салып, 200 градус ысытылган электр мешине 15 мүнөт коё турабыз.
  • Идишке жумурткаларды чагып, айран, туз, кумшекер кошуп аралаштырабыз. Үстүнө унду аздан себелеп, жакшылап чалабыз.
  • Аралашмага ашкабакты кошуп, текши ботко абалына келгичекти аралаштырабыз (миксер болсо жакшы).
  • Көмөч казанга май куюп, куймакты эки тарабынан тең кызарта бышырып алабыз. Дасторконго куймакты каймак жана бал менен кошо бериңиз.

«КЫЯЛ» КОТЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:
Ашкабак (тазаланган) – 500 грамм
Манна акшагы – 100 грамм
Сүт – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Уй этинен фарш – 400 грамм
Пияз – 2 даана
Кумшекер – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 200-300 грамм
Нандын күкүмү – 100 грамм
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • Ашкабакты ичке тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, туз кошобуз. Көмөч казанды жай отко коюп, ага 2 аш кашык май куюп, ашкабакты салып бышырабыз.
  • Үстүнө кумшекер, сүт куябыз. Манна акшагын чуурутуп салып, текши боткого айлангыча аралаштырабыз.
  • Ботко кайнагандан 5 мүнөттөн кийин оттон алып, сууганча коюп коюу керек.
  • Пиязды майда туурап, фарш кошуп, өзүнчө көмөч казанга кууруп алабыз.
  • Сууган боткого жумуртка кошуп жакшылап аралаштырабыз.
  • Боткодон котлеттин формасын жасап, ортосуна фарш салабыз.
  • Котлетти тоголоктоп, нандын күкүмүнө оонатып, эки тарабы тең кызаргыча майга кууруп алабыз.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Venchuk
2014-11-03 09:54:59
Рахмат, созсуз жасап кором
0
Chiko.kg
2014-11-03 11:24:05
Ашкабактын мантысы аябай жагат да.
+1
belka
2014-11-03 12:52:59
Ашкабак ото жагат,куймагын бышырып журом рецебин ушул Супер инфодон алгам,сонун болот.
0
gulniza1988
2014-11-03 13:23:06
Jakwy resepter eken.awkabaktyn a9bai paidasy kop,vitaminge bai kelet,birok men awkabaktan jasalgan tamaktardy jebeim,bizde kuioom jakwy korot,rahmat super info emi uwintip bywyryp berip turam,awkabakty murda sutko salyp bywyryp beret elem
0
aminali
2014-11-03 16:05:42
Awkabaktyn danegi jonundo da maalymat bere alasyzdarby?
0
admin_superstan
2014-11-03 16:49:12
JaliwoodKG, курамы окшош сайтты жарыялоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
timashi
2014-11-03 18:33:47
soonungo rahmat 4oon
0
33SUUN
2014-11-03 19:12:49
Ашкабактын чагылган данегин кундо жеп турсан(30-40даана)рак оорусуна чалдыкпайсын.Пайдасы коп.Курамында кальций бар.Медицинада сунушталбайт негедир.
0
Aidana91
2014-11-05 19:06:01
Мага ашкабактын даамы жакпайт. Билбейм негедир?
0
chyngyz84
2014-11-05 21:36:49
en jakshy!
0
Janysh2000
2014-11-06 14:16:03
Ашкабакты обожаю.ашкабактан жасалган бардык тамактар жагат,жеп коем.жакшы рецептер экен
0
momuntay
2014-11-07 07:18:07
Кечеле ашкабактан ширин куруч жасадым эле. Укмуш даамдуу болуптур деп жешти.
Керектуу рецептер экен. Рахмат.
0
Milana.
2014-11-08 17:16:59
Мен саар менен ашкабактан самсы кылдым бирок ээми жэшет уйдокулор ээми келди
0
Surena
2016-11-13 17:12:40
Ашкабактан ширин куруч??биринчи угушум ал кантип жасалат
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан