Камчы Сарыбаевдин иниси Каныбек: «БАЙКЕМДИ АЙЫЛДАГЫЛАР «САРЫ ВАН ДАММ» ДЕШЕТ»

«Далдайган менен даамы жок» деген тамаша сөз достор арасында көп эле жолу айтылат. Бул сөз бүгүнкү каарманыбызга эч коошпойт. Театр, кино жаатында көлөмү жагынан да, таланты жагынан да алдыңкы сапта турган Камчы Сарыбаевди кимдер гана тааныбайт. Актёрго окшош шайыр, ачык, тамашакөй иниси Каныбек агасы тууралуу айтып берди.

БИР ТУУГАН САРЫБАЕВДЕР:
Камчыбек Сарыбаев – 1978-жылы туулган, актёр
Эркингүл Сарыбаева – 1979-жылы туулган, учурда Якутияда жашайт
Каныбек Төлөнбек уулу – 1985-жылы туулган, Тоң районундагы Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаты

– Каныбек, Камчы байкең сени улуулугуна салып "эмдеп" койгон учуру болду беле?
– Катуу деле сабаган учуру болгон эмес. Бирок ойноп жатканда ыйлатып койчу. Жини келгенде тоок басып чыкпай калган сасыткы жумурткалар менен уруп калчу. Анын жыты да укмуш, сасып эле жатып калчумун. Бир жолу жакшы эле «кел, сени атка мингизем» деди. Мен сүйүнүп артынан чуркап бардым. Үйрөтүлө элек тай болчу, ошого мени мингизип туруп тээп жиберген. Тай татырактаган бойдон кетти, көпкө деле барган жокмун, тоң жерге башым менен катуу жыгылдым.

– Байкең кичинесинде аскер адамы болгусу келгенин айткан эле...
– Аскерлердей «есть, товарищ капитан» дей берчү. Чын эле аскер кызматкери болууну кыялданып, 9-класстан кийин окуйм деп борбордогу Суворов атындагы Аскердик окуу жайына тапшырган. Атам каза болуп калып окуусун таштап айылга келип, кайра 11-класска отурган. Анткени үч бир туугандын улуусу да, экөөбүздүн ортобузда бир кыз бар. Айылга келгенде байкемдин бир топ эле өзгөргөнүн байкадык. Көчөгө басканы көбөйүп, мушташып дегендей. Уйкучу да болуп кетиптир.

– Мектептеги сүйүүсүн байкаган чыгарсың?
– Мектептен чоң сүйүүнү башынан өткөргөн. Жеңем деле туура түшүнөт деп ойлойм, бул эми балалык сүйүү десек туура болсо керек. Ал кыз өзүнөн бир жаш кичүү болчу. Чай иччү үстөлдүн бетине ал кыз менен өзүнүн атын жазып, ортосуна кошуу, барабар сүйүү деп кооздоп жаза берчү. Ал кызды эжем экөөбүз эле билчүбүз.

– Камчы мектепте кандай окучу эле?
– 9-класска чейин жакшы окуду. Уюштуруу жагын бүт өзү тейлечү. Уларбек деген классташы экөө укмуш бийлешчү. Брейк-данс деген бий чыкпады беле, ошону тытышчу. Майкл Жексонду да окшоштурушчу. Азыр деле той-топурларда элден башкача бийлейт.

– Тентектик кылып ата-энеңден уруш уккан учуру эсиңдеби?
– Чоң атамдын шапалак менен бурчка такап алып тарбиялап жатканы көз алдымда. Эжем менен байкем чоң атамдын колунда өсүп калгандыктан, ата-энемди байке, жеңе дешчү. Чоң атам менен кошуна жашачубуз да, ал таң атпай тура калып эле «Камчыбек» деп кыйкырчу. Байкем кечинде отурушка барат да, эртең менен тура албай кыйналат. Анан чоң шапалак менен кубалап жөнөчү.
Негизи, отуруштан калчу эмес. Кимдин үйүндө отуруш болсо, байкем өзү уюштурчу. Чогулуп алып картошка куурушат, карта ойношот. Вермуд деген шарапты ортого коюп алышчу. Бир жолу үйдөгүлөр конокко кеткенде адаттагыдай кечесин уюштурду. Мен болсо чотурга түшкөн акчадан бир аз алам да, отуруш кылганын ата-энеме айтпайм. Отургандарына 3-4 саат болгондо ата-энем капыстан кирип келишти. Балдар бут кийимдерин таштай качып жөнөштү. Эшиктен эки-үчөө батпай, чарбакты аралап чуркашты. Байкем ошондо катуу тил уккан.

– Аскер адамы болом деп жүрүп, анан кантип актёр болуп калды?
– Мектепти аяктаганда апамдын «коё тур, кайсы окууга тапшырасың, Бишкекте кайда жашайсың?» дегенине көнбөй, окуйм деп шаарга кетип калган. Апам жол киреге деп 100 сом берген. Кийин Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна өткөнүн сүйүнчүлөп, бизге кат жазыптыр. Апам ишенбей, билип кел деп мени айдоочуларга табыштап, борборго салып жиберди. Таежем экөөбүз окуу жайга барсак, чын эле өтүптүр. Атамдын инилериникинде жашап жүрдү. Көп өтпөй эле телевизордон «Азия универсал» тобу менен «Музыка» деген ырды ырдап чыкты. Байкем анда арык болчу, секирип бийлеп, укмуш ырдачу. Телеге биринчи чыккан күнү үйдө той болуп жаткан. Майламай башталды. Баары сүйүнүп алышкан. Камчы байкем жакшы ырдайт, азыр деле созуп калат. Мен билгенден «Кайнене» деген ырын кайненесине арнап көп ырдайт.
Экинчи жолу «Чиркин өмүр» сериалынан көрдүк. Ал кезде актёр катары элге таанылып калган.

– Болочоктогу жубайын инилери, карындаштары менен тааныштырып калышат го, Камчы тааныштырды беле?
– Байкем кеч үйлөндү. Апам сарсанаа болуп, «жашың өтүп бара жатат, үйлөн, баланчанын кызын ал» деп айтып калчу. Бирок таңуулаган жокпуз. Ана-мына деп отуруп жашы 30дан ашып кетти. Жеңем менен тааныштырган эмес эле, үйгө алып келгенде аябай көргүм келди. Тигини-муну кыл десе чуркаган баламын да, колум бошобойт десеңиз. Бир убакта кыздын төркүнү кууп келатат деп калышты. Жеңемди алып кетишет экен деп баарыбыз коркуп алганбыз. Апам кошунанын сарайына кире качып, «алып кетип калышса эмне кылам?» деп ыйлап алган. Күрү-гүү болуп жатабыз же байкем жок, каякта жүргөнүн билбейбиз. Көрсө, кууп келмей чүйлүктөрдүн салты экен. Атамдын агасынын аялы кыйын киши, кудаларды жайгарып баарын сөзгө келтирген.

– Тууганчылбы, сага боор тартып турабы?
– Өтө тууганчыл. Мага тийишкен адамдын акесин окутат. "Менин жалгыз иниме эмне тийишесиң?" деп опузалап кирет. Кичинесинен спорт менен машыгып, балдар менен кыйын мушташчу. Ошондон уламбы, айылдагылар «Сары Ван Дамм» деп чакырышат.

– Рахмат маегиңе.

«Эркингүл эжем экөөбүз. Камчы байкем балдар менен ойноп жүрүп сүрөткө түшпөй калган».

«Баарыбыз атабызды тартып олбурлуубуз».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
ayildik_kiz
2014-11-03 10:14:13
Жаш туруп айылдык кенешке депутат дейби?Сонун маек болуптур
0
pompowa
2014-11-03 13:00:32
Биздин айылда деле 86 жылкы бала депутат
0
admin_superstan
2014-11-03 11:49:02
bakyt9, саламатсызбы!
Маалымат такталды. Рахмат!
0
Azura
2014-11-03 15:28:05
Айылдык кенеш эмес жогорку кенеште деле жаштар бар да азыр
0
ota.88
2014-11-03 17:28:21
Качы байке чындыгында талантуу Адам. Карт бойлок болуп уйлонгон экенда хе хе хе талантыныз ташкындай берсин ийгилик!!!
0
aruuzat88
2014-11-04 01:24:16
Ото шайыр инсан .
0
aizulya
2014-11-04 03:31:11
Атасына окшош экен аябай эле
0
kunduz0702
2014-11-04 03:53:37
Men korgon saiyn kylkym kelet sahnaga kobyraak chygyp talantyn tartuulasa jakshy bolmok
0
gulperi.kg
2014-11-04 15:38:42
Молодец.Бар болгула дайыма.
0
aidai88
2014-11-05 02:07:23
эжеси менен тушкон суротто иниси бир топ эле чон корунот экен же адаштырып жазып алганбы?
0
chinara.1967
2014-11-05 12:58:25
Менин айылдаш инилерим:Бар болгула!!Камчынын кичинекей кезиндеги тентеги,эжекесине барсак таш менен кууп жоночу эле.Элдин кызматында дайым бар болгула!!
0
jama9210
2014-11-05 13:34:11
Камчы байке азамат кинодо да жакшы ойнойт)))
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан