БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТ ТАПШЫРДЫҢЫЗБЫ?

Жашы 16дан өтүп калган, 3 миллиондон ашуун кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү биометрикалык маалыматын тапшыра элек. Карапайым калк үчүн биометрикалык маалымат жаңылык болуп, «ал өзү эмне?» деп суроо бергендер четинен чыгууда. Бул ирет окурмандарыбыздын суроолорун чогултуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Нуржан Найзабековадан жооп алдык.

– Калк арасында биометрикалык маалымат эле тапшырабызбы же биометрикалык паспорт алабызбы деген суроо көп. Азыр кыргызстандыктардан эмне талап кылынып жатат?
– Биринчиси – жөн гана маалымат, ал келечекте жаңы үлгүдөгү паспорттун ичине камтылат. Биометрикалык маалыматтын негизинде гана кийин биометрикалык паспорт алууга мүмкүн. Паспорттун мындай жаңы түрү кошумча маалыматтар камтылган микросхема орнотулгандыгы менен айырмаланат.
Бүгүнкү күндө жарандар өзүнүн биометрикалык маалыматтарын – он манжанын изи, санариптик сүрөт, өзүнүн кол тамгасын тапшырып жатышат, бул милдеттүү түрдө. Биометрикалык паспортту кыргызстандык жарандар 2016-жылдан тартып ала алышат. Азыр анын баасы билине элек.

– Биометрикалык маалыматты топтоого мектеп мугалимдер да катышканы жатыптыр. Алардын өз иши эмне болот? Бул кошумча ишине айлык каралабы? Дагы кайсы бюджеттик кызматкерлер биометрикалык маалыматты топтоого тартылышы мүмкүн?
– Мугалимдер өзүнүн ишинен убактылуу бошотулушат, бирок айлык акысы сакталат. Биометрикалык маалыматтарды топтоого катышкандыгы үчүн өзүнчө төлөм каралган эмес. Топтоо ишине Мамлекеттик каттоо кызматынын, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин, Социалдык фонддун, почта түйүндөрүнүн, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин кызматкерлери тартылат.

– Биометрикалык маалыматты берүү бекерби? Кандай документти ала келүү керек? Катталган жери боюнча барышы керекпи?
– Кыргызстандын 16 жаштан жогорку жарандарынын биометрикалык маалыматтарын каттоо иши 2015-жылдын август айына чейин созулат. Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда, чек ара, соода түйүндөрүнүн аймагында, мамлекеттик жана муниципалдык медициналык мекемелерде, почта бөлүмдөрүндө, Кыргызстандын элчиликтеринде жана консулдук кызматтарында жүргүзүлөт.
Бишкек шаарында орто мектептерде, жогорку окуу жайларынын имараттарында, калкты тейлөө борборлорунда биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу боюнча 45 пункт ачылды. Алар дүйшөмбү-жума күндөрүнүн аралыгында саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Суроолор боюнча (0312) 87 33 33, (0800) 555 55 10 телефон номурларына байланышууга болот. Чалуу акысыз.
Биометрикалык маалыматтарды тапшырууда ID карта (ички паспорт), чет өлкөлүк паспорт же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жанында болушу керек. Бул маалыматтарды тапшыруу – бат жүргүзүлүүчү жана акысыз процесс. Ар бир жаран өзүнүн биометрикалык маалыматтарын катталган жерине карабастан, каалаган стационардык же мобилдүү пункттарга тапшыра алат.

– Биометрикалык маалыматты тапшырбаса эмне болот?
– Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу бул милдеттүү иш-чара. Бул тууралуу атайын мыйзам кабыл алынган. Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар үчүн азырынча административдик же кылмыштык жазага тартуу каралган эмес. 2015-жылдан тартып көптөгөн өлкөлөр өзүнүн аймагына биометрикалык паспорт менен гана өткөрөрүн эске алыңыз. Биздин жарандардын укугун коргоо, аларга шарт түзүү үчүн бүгүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу алдын ала көрүлүп жаткан иш-чара.
Биометрикалык маалыматтар – калктын бирдиктүү маалымат реестринин (КБМР) негизги бөлүгү. Бул мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо тутумун өркүндөтүүгө, калктын электрондук маалыматтар базасын түзүүгө, адилет жана таза шайлоо өткөрүү үчүн шайлоочулардын так тизмесин түзүүгө, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоону жоюу максатында манжалардын издери жана сүрөт боюнча шайлоочулардын өздүгүн билүүгө негиз болот.

– Аймактарда, айыл жергесинде, кыргызстандыктар жашаган чет жерде маалымат чогултуу иштери качан башталат?
– Кыргызстандын аймактарында маалыматтарды каттоо иши жакынкы арада биометрикалык маалыматтарды топтоочу атайын техникалык жабдуулар жеткирилгенден кийин башталат.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Биометрикалык маалыматты тапшырбаса эмне болот?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Wave.
2014-11-03 14:56:24
1) Бул нерсе акчаны сол жакка буруунун дагы бир булагы;
2) Менин жеке маалыматымды алууга эч кимдин укугу жок;
3) Жанагы санап откон маселелерди башка жол м-н чечсе деле болот;
4) Дуйнонун онуккон олколорунун баары тен биометрикалык паспортко отууго шашып жаткан жок.
Калганын менден кийинкилер толукташсын...
+1
HHFRU
2014-11-04 04:14:09
Wave., толук кошулам. Анын устуно, минтип массалык турдо жыйнабай эле, паспорттун мооноту буткондо жаны паспорт берердин алдында бул маалыматты топтосо болот.
0
Taalaibek.
2014-11-03 20:25:12
Чиновниктердин акча табуу амалы эмеспи?
0
Adilet2014
2014-11-05 11:09:57
Мисалы ош шаарында сентябрда башталат деп каттоо кызматындагыларды ишке тарткан мисалы мен озум архивде иштейм. Ошол эле айлыгын менен биометрикалык маалымат чогулткан жерде иштейсин деп. Бирок сентябрь эмес мына Ноябрь болуп жатат Ош шаарында эч кандай маалымат чогултула элек!
0
tilek88.88kg
2014-11-06 10:41:11
Кыскасы тапшырыш керекда башка айла жок
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан