Атай Өмүрзаков: "ЭКИ-ҮЧ ЖЫЛ БИЙЛЕП, АНАН БИЗНЕСКЕ КЕТЕБИЗ"

Мекенибизди чет элге бий өнөрү менен таанытып жаткан Атай Өмүрзаковду тааныбаган адам жок чыгар. Ал эми анын окуучулары «Тумар КР» бий тобу андан кем калышпай байма-бай чет элдик теледолбоорлордун жылдызына айланышууда. Электрик буги бийи менен дүйнөнү таң калтырып келаткан атактуу жигиттерге болгон кызыгуу арткандан артып барат.

Электрик буги – попинг стилиндеги бийдин бир түрү. Анда электроникалык музыкага бийлешет.

АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 10-октябрь
Туулган жери – Ысык-Көл облусунун Каракол шаары
Билими – КРнын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын бизнес жана башкаруу факультетин аяктаган
9 жылдан бери бий менен алектенет

– Атай, жакында эле Бишкек шаардык кеңеши силерге сыйлык тапшырды. Бул силер үчүн алдыга умтулууга дагы чоң стимул болсо керек?
– Ооба, мекенибиздин имиджин эл аралык аренага көтөргөндүгүбүз үчүн мени Ардак грамота жана "Патриот" төш белгиси менен сыйлашып, "Тумар КР" тобуна да төш белгилерди ыйгарышты. Бул бизге стимул деп айтпайм, жөн гана көңүл буруу. Бизге шаардык кеңештин убакыт бөлгөнү жагымдуу болду. Демек, жасаган ишибизди баалашты. Ата-эне, бир туугандарыбыздын арткан ишеними гана бизге стимул болот десем жарашат.

– Байма-бай чет элдик теледолбоорлорго катышып, талантыңарга көпчүлүк тамшанып жатышат. Көз тийип калат деп коркпойсуңарбы?
– Коркпойбуз, себеби канчасы суктанса, андан эки эсе көп адам батасын берет, чын дилинен каалоо-тилегин айтат. Менин оюмча, тие турган көздү бизге берилген баталар эле жеңип кетсе керек.

– Көп жылдан бери бий менен алектенесиң. Бул өнөр менен үй-бүлөнү толук кандуу багууга болчудайбы?
– Кыргызстанда көп бийлебегенибиз менен, чет элде бизге болгон кызыгуу күч. Чет жактан түрдүү унаалардын же жаңы техниканын ачылышына чакырышат, албетте, жакшы акы төлөп беришет. Азыр биз жашпыз, өнөрүбүздүн артынан жер кыдырып, татыктуу каражат таап жатабыз. Чакыруулар көп, ошондуктан тапканыбызга наалыбайбыз.

– Өмүр бою электрик бугини бийлеп жүрө албасаңар керек?
– Албетте, дагы 2-3 жыл бийлеп, андан кийин биротоло Азамат, Саламат үчөөбүз бизнеске кетсекпи деп жатабыз. Ал эми Баяман биздин орун басарыбыз катары калып, өз ишин уланта берет.

АЗАМАТ АБДРАХМАНОВ
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 22-июнь
Туулган жери – Ысык-Көл облусунун Каракол шаары
Билими – КМКТАУнун архитектура факультетинде 6-курста окуйт
5 жылдан бери бий менен алектенет

– Азамат, түгөйүң Саламат экөөңөр аябай окшош экенсиңер. Силерди айырмалай албагандар да болсо керек?
– Ооба (күлүп). Экөөбүз эки башка университетте окуйбуз да. Өзгөчө жаңы студент болгон кезде тааныбагандар деле мени менен учураша беришчү. Көрсө, алар Саламаттын тааныштары экен. Азыр деле бизди биринчи жолу көргөндөр такыр айырмалай алышпайт.

– Сахнадагы эмоциясы байкалбаган Азамат чыныгы жашоодо кандай?
– Түгөйүм экөөбүздүн мүнөзүбүз дагы окшош, уялчаакпыз. Сахнада ичибизден от болуп жанып сүйүнсөк дагы сыртыбыздан билгизбейбиз.

– Топтогу балдар бири кийимди даярдаса, бири бийдин сценарийин ойлонот. Сенин топтогу аткарчу милдетиң эмне?
– Кийимдерге келсек, Саламат экөөбүз формалардын дизайнын тартып чыгабыз. Анан баарыбыз чогуу эң туура делген акыркы чечимди кабыл алабыз. Бийге музыка тандоодо дагы ошондой эле.

– Сага бий аркылуу келген атактуулук жактыбы?
– Мага социалдык тармактардан жазган каттар, мекендештерибиздин биз менен сыймыктанганы, алкыш айтканы жагымдуу. Ар бир катты окуп чыгып жасаган ишиме купулум толот.

САЛАМАТ АБДРАХМАНОВ
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 22-июнь
Туулган жери – Ысык-Көл облусунун Каракол шаары
Билими – КУУнун архитектор-дизайнер факультетинде 5-курста окуйт
5 жылдан бери бий менен алектенет

– Саламат, айтсаң, эмне үчүн бийди тандап алдың эле?
– Мектепте окуп жүргөндө бийдин брейк түрүнө кызыкчумун. Түгөйүм Азамат экөөбүз бош болгон учурубузда үйдөн эле бийлей баштадык. Бирок бий биздин жашообузда мындай олуттуу орунду ээлейт деп ойлогон эмеспиз.
Бир жолу тааныштарыбыз кайсы бир кечеге номер даярдоону сунушташты. Ошондо алгачкы жолу Атай менен биригип бийледик. Ал убакта Атай электрик буги менен алектенчү. Анын деңгээли биз үчүн аябай бийик туюлуп, ага жетүүгө аракет жасай баштадык.

– Атай менен чогуу эле бийлечү турбайсыңарбы, кийин аны устат катары кабыл алуу кыйын болгон жокпу?
– Чынында, топто талашып-тартышуу көп болот. Бирок бул урушуу эмес. Болгону, жаңы бийиктикке чыгуу үчүн тартышуу, талкуу кылуу десем туура болот. Атай бизге туура жолду көрсөтчү, туура агымга багыттоочу адам.

– Учурда «Тумар КР» тобунун атактуулугу артып келатат, бул нерсе сага кандай таасирин тийгизүүдө?
– ТНТ телеканалындагы «Бий» («Танцы») теледолбоору көрсөтүлгөн соң бизди көчөдөн тааныгандар көбөйдү. Бул мага, албетте, жагымдуу. Бирок мен мындай көрүнүшкө ашыкча берилип деле көңүл бурбайм. Менин оюмча, жашоомо элдин тааныганы таасирин тийгизбеди.

– Кандай кыздарды жактырасың?
– Жылдыздуу кыздар жагат. Негизгиси, мени менен бир толкунда болсо болгону.

– Ата-энең бий менен алектенишиңерге кандай карайт?
– Башында атам көп жактырган эмес. Апам болсо дайыма колдоп турчу. Азыр атамдын мамилеси өзгөрүп, «азаматсыңар» деп мактабаса да, жетишкендиктерибиз үчүн кубанып калат.

БАЯМАН ӨМҮРБЕК УУЛУ 
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 25-февраль
Туулган жери – Ош облусунун Кара-Суу районунун Эркин айылы
Билими – Орто
5 жылдан бери бий менен алектенет

– Баяман, «Тумар КР» тобунда кандайча бийлеп калдың?
– Былтыр Атай байке Ошко жумуштары менен барган экен. Ошол убакта «Тумар КР» тобу бир клубда бийлешмек. Клубдун ээсинен «Тумар КР» тобунан кийин бийлейинчи деп суранып, макул кылдым. Оюмда мени Атай байке көрүп калса экен деген элем. Кезегим келип бийледим, баарына жакты. Бирок Атай байке эч эле чакырбайт. Эшикте эки сааттай күтүп, анан жакпады окшойт деп кетип жатсам, ал жерде иштеген эже «сени Атай чакырып жатат» деп калды. Ошентип Атай байке менин телефон номеримди алган. Көп өтпөй Бишкекке чакырды. Батирге жайгаштырып, окуумду бүтүрүп, баскан-турганымды, кийген кийимиме чейин каржылап, паспорт алып берип, бий менен машыктырды. Менин эч нерсем жок болчу. Азыр жогорку окуу жайга тапшыруунун аракетин көрүп жүрөм. Дагы да болсо Атай байкенин жардамы менен. Бул адам мен үчүн атамдай болуп калды.

– Сени угуп отуруп мен «Күлчү кыз» ("Золушка") жомогун эстеп кеттим. Жашооңдогу мындай бурулуш жомоктогудай сезилип жаткандыр?
– Ооба, андай нерсе бар. Себеби менин бийлегениме үйдөгүлөр такыр олуттуу карашкан эмес. «Бий менен эмнени кыйратмак элең?» дей беришчү. Болгону таенем мага ишенчү.
Чындыгында, кыялдар орундалат экен. Мен тааныган көпчүлүк бийчи жигиттер «бийди таштайбыз» деп жатышат, бирок алардын мени көрүп үмүттөрү жанышын каалайм. Эч качан кыялыңдан баш тартпаш керек, эгерде каалооң күч болсо тилектериңдин баары орундалат.

– Сыналгыдан сени көрүү ата-энең үчүн чоң сыймык болсо керек?
– Үй-бүлөдө жалгыз баламын. Апам экөөбүз элебиз, ал азыр Орусияда иштейт. Элестетиңиз, айылда ойноп жүргөн баласы бийлеп чет өлкөлүк телеканалдардан чыгып жатса кантип кубанбай койсун?!

– Сени сыналгыдан көргөн классташтарың, мурун сени байкабаган кыздар чалып достошкусу келип баштагандыр?
– Ооба, чалып жатышат. Социалдык тармактардан достошкусу келгендердин саны өсүп эле баратат (күлүп). Кыздар Казакстан, Орусиядан бери чалышат. Чынын айтсам, орусча сүйлөй албайм. Кээ бирлери «мени менен сүйлөш, орусча үйрөтөм» дешет. Азыр менин максатым – кыз жандоо эмес, талантым менен жер жүзүн кыдырып, дүйнөнү багындырсам дейм. Өнөрүмдүн үзүрүн көргүм келет.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
aruuzat88
2014-11-04 01:17:11
Атай эн жонокой инсан,мен ошол жонокойлугун баалайм.
+1
aizulya
2014-11-04 03:23:12
Баяманга жардам бергени жакшы экен, еще больше за уважала Атая
+1
kunduz0702
2014-11-04 03:39:19
Azamattyn bir da jolu achkisin alganyn korgon emesmin oshogo Salamat ekoonyn egiz ekenin da bilbepmin. Ataiga soz jok azamatsyn Baiaman krassafchik ozgocho soonun biyleit talantyn tashkyndai bersin senden kopty ymytonobyz iygilik ozgocho Baiaman jakty, ushundai jonokoilygynon jazba
0
alibekova94
2014-11-04 18:11:40
Оба тиги бир олкодо негр ыйлап келип озу болгон сыйлыктарын мойнуларына илип салганда кубанычымдан козумо жаш алдым. Жигиттер омурунор узун болсун! Ийгилик! чыныгы жылдыз деп силерди айткым келет. Атайды аябай жакшы кором. Аман бол окуучуларын кобойо берсин абдан сыйлайм.
+2
kanyshaikg
2014-11-05 13:18:53
баяман оло сулуу экен. жакшы бала окшойт. сонун да бийлептир. баары эле сонун бийлептир.ийгилик каалайм.атай жардам бергени жакшы болуптур
0
Aidana91
2014-11-05 19:47:15
Атайдын бийлегенин биздин калыстар тобу баалаган эмес эле. Кыргызчылык кылып башка адамдарга берип коюшкан. Эми коруп жатышкандыр. Дайыма "АЛГА!"
+1
saku94
2014-11-05 21:00:12
Азаматсынар!!!
Баарынарга ийгилик каалайм!
0
Erniza
2014-11-05 23:41:29
Баарынарга ийгилик!!!Жердешим Баямандын иштерине ийгилик!!!
0
mersedes2013
2014-11-06 19:54:39
Аззаматсынар Жигиттер.Ийгиликтер!
0
kama_future_millioner
2014-11-07 01:07:34
Азаматсыңар дагыда болсо өнөрүңөр өркүндөй берсин ийгилик силерге
0
stal.ks
2014-11-07 10:24:53
Баяман молодец сени колдойбуз, Жданов алга
0
Gaydana
2014-11-07 22:27:03
ТНТ каналынын передачасында бийлеп атышканда толкунданып,сыймыктанып,колдоп отурган болчук.Негизгиси катышуу. Молодцы мальчики,уважаааааааааааю....
0
altynaiB
2014-11-09 05:59:19
Ушул жигиттерге эн чон ийгилик каалап кетем. Кайда болсонор да аман-эсен болгула, жолунар ачык болуп Кыргызстандын данкын далайга жеткизип журо бергиле
0
malikovich
2014-11-10 01:03:47
ech kim eneden talanttu boulp tuulgan emes.adam balasy ozu arakettenip iygilikterdi bagyndyrat..azamatsynar kyrgyzdy duynogo tanyttynar!!
0
shukran
2014-12-02 17:05:01
Bayaman buirusa orus ele emes koptogon tilderdi uitonuugo jetishesin. Jonokoilugundon jazba demekchimin. Azamatsynar! Iigilik! Atai molodez! Onorunor orkundoi bersin!
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан