ЧАЯНДАР ӨЖӨР ЖАНА КУМАРЛУУ ЖАНДАР

(24-октябрдан -22-ноябрга чейин төрөлгөндөр)
Табияты (стихиясы)Суу
Колдогон планетасы – Марс
Ташы – аквамарин, лаал
(рубин), коралл

Түсү – кочкул кызыл, сары

КИМДЕР МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШАТ?
Мыкты шайкеш келе турган жылдыз белгилер
– бөйөн, текечер, балык, букачар.
Тил табышып кетүүгө мүмкүн – жаачы, бийкеч, чаян, эгиздер.
Такыр тил табыша албагандар – суу куяр, тараза, арстан, кой.

ЖУМУШ, КАРЬЕРА
Көп күчтү, эркти жана ойлонуп жасоону талап кылуучу татаал, оор иштерди сүйүшөт. Ички туюмдары жана эс-тутумдары мыкты. Кырдаалды бат аңдап, туңгуюктан жол таап кете алышат. Идеяларга бай, беттегенинен кайтпас өжөрлөр. Андыктан аларга илимий-изилдөө иштери, криминалистика, хирургия жана психология туура келет. Карьерадан бат көтөрүлүп кетүүгө күчүн аяшпайт. Бирок адамдар менен оңой таанышып, аралашып кете алышпайт.
Ден соолук. Чаян жылдызындагылар аз оорушат, бирок бир сыркоолошсо катуу оорушат. Көбүнчөсү мурун (көпчүлүк учурда канайт), тамак, жүрөк, арка-бел, бут оорулары менен жабыркашат.
Үй-жай. «Үйүм – чебим, үй-бүлөм – сыймыгым» дегенди туу туткан чаяндардын үйү ээсинин өзгөчөлүгүн белгилеп, курулушу болобу, ички-сырткы жасалгасы болобу, башкалардыкынан бөлүнүп турат.
Эс алуу, хобби. Спортту сүйүшөт. Суу жээгинде эс алууну жана жамгыр алдында басып жүргөндү баалашат. Тынч, эл жок (же эл аз) жерде отуруп алып ойлонууну, китеп окууну жактырышат.

ЧАЯН – ЭРКЕК
Достукка бекем, шериктерин оор кырдаалда ташташпайт. Акча табууну жана аны көбөйтүү жолдорун билишет. Калпты бат эле сезип коюшат. Өздөрүнө талапты катуу коюшкандыктан, башкалардан да ошону талап кылышат. Ушул себептүү булардан каардуу жана ырайымсыз жетекчилер чыгат. Бирок өзүн-өзү сындап, өзүн ичтен жей бермей адаттары, анан сараңдыгы бар.
Сүйүүгө келсек, кызганчаак жана шекчил жандар. Сезимдерин элден жашырышат. Эл алдында өздөрүн орой, жубайына көңүл бурбаган, аны менен акылдашып иш кылбаган эркек катары алып жүрүшөт. Бирок үйдө алардан ашкан сүйүктүү, ыкластуу күйөө жок.

ЧАЯН – АЯЛ
Булар кылыгы жана сымбаты менен эркектерди магнит сыяктуу тартып турган айымдар. Өз алдынчалыкты сүйүшөт жана эрктери күчтүү. Өтө кумарлуу экендигине карабай никедеги туруктуулукту баалашат. Ушул себептүү өздөрүнө татыктуу эркектерди издешет. Күйөөсүнөн көптү талап кылышат, ошого жараша өздөрү да жоопкерчиликтүү жандар. Кекчил болушкандыктан ылайыгын келтирип туруп чагып алышат. Абдан ачуусу келгенде жанар тоо атылгандай болот.

МЫКТЫ САПАТТАРЫ – максатка умтулуучулук, токтоолук, чыдамдуулук, чечкиндүүлүк жана жоопкерчиликтүүлүк.

НАЧАР САПАТТАРЫ – Кызганчаактык, өзүн-өзү билемдик, ырайымсыздык, кекчилдик.

ЧАЯН – НАРИСТЕ
Кичинесинде агрессивдүү келишип, согуш оюндарына басым жасап, курал оюнчуктар менен ойношот. Алардын мындай оюндарын акыл оюндарына алмаштырып, боорукерликке тарбиялоо кажет. Болбосо ырайымсыз болуп чоңоюп калышы мүмкүн.
Сезимтал жана лидерлер. Бир нерсени максат кылып алса, ага жетмейинче жандары тынчыбайт. Аларды айнытуу да кыйын. Андыктан максат-тилегин сезип-билип, кызыктуу жана пайдалуу жакка буруп туруу оң. Сырдуу көрүнүштөргө жана мистикага жакын болушат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Aaaaaika
2014-11-04 09:50:27
жаачылар ж.до барбы же,кийинки санда чыгабы?
0
admin_superstan
2014-11-04 10:38:36
Aaaaaika, саламатсызбы!
"Жаачы" жылдызынын төлгөсү кийинки сандарда чыгат.
0
nazir.95
2014-11-04 15:20:41
текечерлер жонундо барбы
0
admin_superstan
2014-11-04 15:56:28
nazir.95, саламатсызбы!
Тилекке каршы, азырынча жазыла элек, бирок "текечер" жылдызынын айы башталганда жазылат.
0
Legend3110
2014-11-04 19:38:59
даана мени жазыптыр
0
mulatka.94
2014-11-04 21:23:32
Эгиздер тууралуу жазасынарбы урматтуу админ...
0
admin_superstan
2014-11-05 11:08:07
mulatka.94, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/?article=27901
0
ms.jiba
2014-11-05 01:16:47
оуууу менин характеримди суроттоп бериптирго
0
kanyshaikg
2014-11-05 12:46:28
урматту админ.балыктар канчанчы санында чыкты эле
0
admin_superstan
2014-11-05 12:52:48
kanyshaikg, саламатсызбы!
№590-санында:
http://www.super.kg/article/?article=26801
0
admin_superstan
2014-11-05 17:09:22
aku, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
kalpakkg
2014-11-06 09:52:48
Урматтуу админ суукуяр тууралуу маалыматтын шилтемесин берип койсоңор,же жазыла элекпи, жооп күтөм,алдын ала рахмат.
0
admin_portal
2014-11-06 10:01:40
kalpakkg, Саламатсызбы!
Азырынча чыга элек.
0
sely
2014-11-06 12:01:30
Урматтуу админ. Сууперилер жонундо да маалыматыныздар барбы?
0
admin_superstan
2014-11-06 12:04:53
sely, саламатсызбы!
Кийинки сандарда жазылат.
0
gulzat21kg
2014-11-06 14:57:33
Туптуура жазылыптыр 100% бирок ырайымсыздык дегени жарашбайт.
0
Ainura_kg85
2014-11-07 17:39:38
Менин кызым чаян.
0
altynaiB
2014-11-09 05:53:21
Аааиииий менин куйоомдун мунозун нак эле таап жазыптыр го. Бирок чаяндардын терс мунозуно чыдаган аялдарга рахмат.
+1
KUMKA
2014-12-23 10:10:53
так жазылыптырго
0
gulperi92
2014-12-29 09:46:59
Мага да туптура дал келди ишене албайтам.Рахмат супер
0
Vodafone
2015-01-10 00:05:39
ыкластуу деген эмне?
0
Compact
2015-01-12 16:34:43
Vodafone, сердечный. От души жургон ))
0
Vodafone
2015-01-20 17:00:29
Compact,чоң рахмат!
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан