Белгилүү актёр, продюсер, элге «Люди Икс: Первый класс» тасмасында Росомаханын ролу менен таанылган Хью Жекмандын тери рагына чалдыкканын дарыгерлер 2013-жылы байкашкан. Дароо ак халатчандардын кароосуна алынган актёр оорунун алдын алдым, кутулдум деген эле. Бирок кайрадан текшерүүдөн өткөндө ал жаман илдет дагы деле өз өкүмүн бербей жатканы билинген. Актёр өзү бул жөнүндө: «Мен рактын башталгыч стадиясына кабылыптырмын, мындан кутулууга болот. Эң башкысы, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алардын көрсөтмөлөрүн так аткаруу керек»,- дейт.