25-октябрдан 26-октябрга караган түнү ишкер Райкан Алканов Таластагы үйүнөн 18 жолу бычакталган абалда табылган. Кылмышка шектелип 16 жаштагы (кээбир булактар боюнча 15 жашта) кыз кармалып, сурак берип жаткан учуру. Окуя тууралуу ИИМ төмөнкүлөрдү билдирет.
КАНДУУ ОКУЯ КАНДАЙЧА БОЛГОН?
Кылмыш катталган күнү жабырлануучу Райкан Алканов Талас облусунун жана Талас шаарынын 70 жылдык мааракесине катышканы барган. Кечинде ишкерди айдоочусу Таластагы үйүнө жеткирген. Эртеси, 26-октябрь күнү эртең менен айдоочусу Алкановду алып кеткени үйүнө барып, аны жаракат алган абалда үйдүн 2-кабатынан көргөн. Жабырлануучуну айдоочусу Талас облустук ооруканасына алып барган. Медицина кызматкерлери анын абалы туруктуу болгону менен, оор экенин айтышып, капталынан урулган бычактын соккусу ишкердин боор, көк боор, ичеги, ашказан жана башка органдарына жаракат келтирилгенин кабарлашты. Мындан сырткары баш тарабына да бир нече ирет бычак урулуп, баш териси жабыркаган деген маалыматтар бар.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП 16 ЖАШТАГЫ КЫЗ КАРМАЛДЫ, ДАГЫ ШЕКТҮҮЛӨР БАР»
Учурда укук коргоо кызматкерлери тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн толук маалымат берүү мүмкүн эмес экендигин айтышууда. ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалып, учурда сурак берип жатканын айтты:
– 28-октябрда кармалган 16 жаштагы кыз «Райкан Алканов мени зордуктаганга аракет кылган» деп көрсөтмө берүүдө. Анын жалгыз мындай кылмышка баруусу күмөн жаратууда. Кыз жалгыз болгон эмес. Азыркы берилген маалымат менен чектелиш кыйын. Себеби бул кылмышка шектүү дагы башка адамдардын тобу аныкталып жатат. Маалыматтар боюнча 3 кыз болгон. Учурда экөө изделүүдө. Тергөө жыйынтыкталмайынча Алкановго болгон кол салуунун себептерин айтып бере албайбыз. "Үй-бүлөлүк чатак же бизнесине көз артып, ишмердүүлүгүнө бут тоскондор кылыптыр" деген божомолдор ИИМ тараткан маалымат эмес. Бул кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланып жатат.
«РАЙКАН АЛКАНОВДУ ОРДУНАН КОЗГОО КООПТУУ»
Өздүк маалымат булактарыбызга таянсак, Райкан Алканов Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, анын абалы туруктуу болгону менен, медицина кызматкерлери "борборго алып барууга мүмкүн эмес" деп, ордунан козгобой туруу керек экендигин билдиришкен.. Аны ишкердин уулу Чыңгыз Алканов карап жаткандыгы маалым болду. Райкан Алкановдун жубайы анын жолдошуна бычак сайылганын тастыктап, бирок 15-18 ирет эмес экенин "Би-Би-Сиге" маалымдады. Үй-бүлө "азырынча шектене турган адамдарыбыз жок" деп билдирүүдө. Алканов Алик, Чыңгыз, Жамиля, Асел аттуу 2 кыз, 2 уулдун атасы.
79 жаштагы Райкан Алканов өлкөдөгү ири компаниялардын катарындагы «Алканов жана компания» ЖЧКсынын жетекчиси, «ЕврАзЭс Кыргызстан ишкерлер кеңеши» ассоциациясынын төрагасы катары таанымал. Өлкөдөгү ири базар болгон «Дордой» базарынын «Алканов» аталышындагы бөлүгү дагы ишкерге таандык.
Буга чейин Райкан Алкановдун Рашид аттуу уулу өлтүрүлүп, өлүмү криминалдык териштирүү катары сыпатталып жүргөн. Бул окуянын ал өлүмгө тиешеси барбы же жокпу, азырынча белгисиз.
КОЛ САЛДЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ДАГЫ 2 КЫЗ КАРМАЛДЫ
29-октябрда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ишкер Райкан Алкановго кол салган деп шектелип изделип жаткан 2 кызды Бишкектен колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Териштирүү иштеринин натыйжасында Таласта кармалган 16 жаштагы (кээбир булактар боюнча 15 жашта) кыз жалгыз эмес экени билинип, дагы 17 жана 32 жаштагы 2 айымга издөө салынган. Алкановго кол салуу боюнча ишкердин адвокаты катышкан маалымат жыйын Бишкек шаарында өткөрүлдү. Анда адвокат Юрий Скатневский шектүүлөр ишкердин материалдык байлыгын карактоо максатында кол салгандыгын айтып, «жабырлануучу жаш кызды зордуктоого аракет жасаган» деген маалыматтар чындыкка коошпой тургандыгын кабарлады. Ошондой эле ишкердин адвокаты Райкан Алкановдун абалы турукташып калганын жана Чүй облустук ооруканасына которулуп келингенин кабарлады.
Райкан Алкановго таандык «Дордойдогу» «Алканов» базары.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg