«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

ХУРИЖИХАН МЕНЕН БАЯЗИД КЫЗ-ЖИГИТПИ?
Хүрремдин атаандашы Фатма султан жолдошу зордук көрсөткөндүгү үчүн ажырашып кеткенин уккан белеңиз? Хурижихандын ролу жаш актриса үчүн кинодогу дебюту болгонун кулагыңыз чалды беле?

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
128-130-сериялар:

КОФЕ ИЧҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ
Баязид менен Селимдин тирешүүсү Кара Ахмед пашанын улуу вазирликтен түшүүсү, анын өлүм жазасына тартылуусу менен аяктайт. Фатма султан жесир калганы аз келгенсип, бир тууган агасы Сулейман султан тарабынан хан сарайдан куулат. Анткени ал Хүрремге каршы элди тукуруп, көзү ачыкка барганынан пайдаланып, Хүрремди таш бараңга алып өлтүрүүнү тапшырат. Көзү ачыктан «көңүлүңдүн төрүн ээлеп турган уулуң такка отурбайт» деген сөздү угуп жаткан жеринде анын өмүрүнө кол салуу башталат. Бирок Хүррем таяк кармаган, таш ыргыткан адамдардан коркпой, алардын алдына чыгат. «Мустафанын көзүн тазалаткан орус желмогузду өлтүрөбүз» деп жулкунуп келген топ нес болуп туруп берет. Сулейман да жетишип келип, аялын сактап калат.
Элдин нааразычылыгы базарларда, айрыкча кофе ичүүчү жайларда күчөп жатканы бийликтин тынчын ала баштайт. Сулейман муфтий болуп калган Эбуссууд эфендиге кат жазып, анын кофеге байланыштуу пикирин сурайт. Жоопту алган соң султан муфтийдин жазганына да таянып, кофени мыйзамсыз деп жар салат.
Ал эми көзү ачыкка келсек, ал кеп кылган адам – Баязид эле. Хүррем Михримах менен Рүстемдин «экөөнүн бирин тандоого мажбурсуз» деген кыстоосунан кийин Баязидге барып, «Сен такка отурууга баарынан татыктуусуң. Мындан ары акыркы демим чыкканга чейин жаныңда болом» деп айтат. Баязид өз тарабына апасын алып өткөнү менен, жубайы Хурижихан Нурбану менен мушташа кеткенден кийин эсине келбей кайтыш болот. Анын өлүмүнө себепкер болгон Нурбанунун айыбы Хүрремге ачылып, венециялык күңдү зынданга ыргытышмакчы болушат. Бирок Селимдин балдарынын энеси Хүрремди «буга чейинки мен аркылуу жасаттырган былыктарыңдын баарын жарыялайм» деп коркутат. Кийинчерээк Хүрремдин буйругу менен Нурбанунун көзүн тымызын тазалашмакчы болгондо ал кайрадан аман калат. Ошондо Нурбану «мен эми жөн туруп бербейм, Хүррем султанга каршы күрөшүмдү баштайм» деп айттырат.

ФАТМА СУЛТАНДЫН КҮЙӨӨСҮ ЗОРДУКЧУ БОЛГОН
Тарых барактарында «Фатма султан Селим I менен Айше Хафса султандын төртүнчү кызы, Сулеймандын эң кичүү бир тууганы болгон» деп жазылат. Шах султанга окшоп жаштыгында эле өзүнөн бир топ улуу Мустафа деген пашага турмушка узатылат. «Гарем каттары» деген китепте Фатма султан атасына арызданып жазган катын окууга болот. Анда күйөөсүнүн зордукчу экендигин айтып, «жесир аялдан айырмам жок, жолдошум мени итке да теңебейт» деп жазганы азыр да сакталуу. Фатма султан ажырашкан соң Кара Ахмед пашага турмушка чыгат. Ошондой эле анын жүзүнөн жылмаюу кетпегендиги, көңүл ачканды жактыргандыгы аңыз кеп болуп калган.
Фатма султандын ролун жараткан Мелтем Жумбул Түркиянын эң атактуу актрисаларынын катарында турат. 1969-жылкы Мелтем карьерасын Лондон шаарындагы Шекспир театрынан баштап, андан бери Түркиянын ондогон тасма жана сериалдарына тартылып, телерадио долбоорлорунда алып баруучулукту да аркалап келет. Актёрдук чеберчилик боюнча университеттердин биринде сабак берет. Жеке жашоосу да папараццинин 24 сааттык көзөмөлүндө. Элге белгилүү болгондон актрисанын башынан 5 чоң сүйүү өткөн. Арасында өзүнөн 12 жаш кичүү америкалык актёр жана ушундай эле курактагы ишкер, өзүнөн 39 жаш улуу түрк режиссёру бар. Мындан сырткары түрк актёру Кыванч Татлытуг менен бир жылдай жашаган.

ХУРИЖИХАН КҮҢДҮН РОЛУНА ДЕЛЕ ЫРААЗЫ БОЛМОК
Тарыхта «ханзаада Баязид сүйүү ырларын көп жазган» делет. Өрт жигиттин дал ушул акындык өнөрү сценаристтердин фантазиясына жем таштаган чыгар. Баязид менен Хурижихандын ортосунда чынында сүйүү болгон эмес.
Ал эми 1990-жылкы Буржу Өзберк үчүн Хурижихан кинодогу карьерасында ойногон биринчи ролу. Актриса учурда театралдык бөлүмдүн студенти. «Даңазалуу кылымга» тартылып жүргөндө Буржу Өзберк Баязиддин ролун аткарган Арас Булут Ийнемли менен мамиле куруп баштаптыр деген кептер тарап, атүгүл экөө кафелердин биринде тамактануу учурунда журналисттердин көзүнө түшүп калышкан. Кыз-жигит тууралуу маалыматты экөө тең төгүнгө чыгарып, болгону достор экенин айтышат. Актрисанын «сериалдагы эң жакын досум бул Селимдин ролун ойногон Энгин Өзтүрк» деп айтканы да бар.  
Ал эми сериал жөнүндө төмөнкүдөй оюн айткан: «Даңазалуу кылым» сериалын көрсөтүп баштаганда өзүмчө «ушул долбоордо жок дегенде бир күңдүн ролун ойносом кандай сонун болмок» деп суктанганым эсимде. Кийин алардан сунуш түшкөндө аябай толкундандым. Каарманым апасы Хатиже султандай пакиза жана назик көрүнгөнү менен, хан сарайга келген соң атасы паргалык Ибрагим сыяктуу жүрөгү тоодой, тайманбас болуп чыга келет. Ичине каткан өчү бар болсо да, Баязидди көрүп, ага ашык болуп калгандан кийин баары өзгөрөт».

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Zamknutaya92
2014-11-03 12:52:25
Баязид менен Хурижихан экоо сонун тугойлордон эле.
-1
belka
2014-11-03 13:55:51
Хурижихандын улбурогон назиктиги,сулуулугуна аял башым менен суктанам.
-1
Mononoke
2014-11-03 20:26:29
Байкуштардын олуп калгандары жаман даа, Нурбану менен Селимди ненавижу
0
ishikylsa
2014-11-04 16:44:01
Хүрижихан менен Баязид сооонун болчу
0
ayzharkyn
2014-11-04 18:23:54
Кинонун акыркы серияларын коргондо жаман эле болгом. Селимдин ролун ойногон актёрду ото жаман коруп калгам
0
iskra77
2014-11-05 03:48:24
Нурбануну муунтуп озум олтуруп койгум келген,блин;-) Акыркы сериялары анча болбой калган. Башкачараак кылып бутурушсо болмок Селим менен нурбануну олтуруп бутурсо жакшы эле;-)
0
teletz-1987
2014-11-05 22:40:27
Ээ бул тарых да, тарыхта тируу калбаса кинодо жашатып койсо болбойт да.
0
mani
2014-11-06 23:26:41
Ото узак сериял экен баардыгы Канча сезон озу
0
tyn7tyk
2014-11-07 12:00:36
биз тааныбаган туркторда калбады окшойт рахмат супер::::::::::::::::::::::::::::::::::::>>>>>>>
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан