ЛЕОНИД ЯКУБОВИЧ - ЭКСТРИМ СҮЙҮҮЧҮ

“Кереметтер талаасы” (“Поле чудес”) телеберүүсүнөн улам бул инсан КМШ өлкөлөрүнүн арасында атактуу. Ал бир эле учурда актёр, шоумен, акын, драматург, ата, чоң ата. Ар тараптуу бул адамды сиз да жакшы көрөсүз. Бул 64 жаштагы “супер” аксакал – Леонид Якубович.

Толук аты жөнү Якубович Леонид Аркадьевич
Туулган жылы1945-жыл, 31-июль
Тажабаганы Тамак-аш даярдап, кызына өз колу менен жегизүү
Эң жакын досуУулу Артём
КыялыКайрадан КВН командасында ойноо

ЯКУБОВИЧ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • Якубович 1995-жылдары депутаттыкка талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган.
  • Кулинария боюнча китептерди коллекциялайт.
  • Бир катар фильмдерге тартылган. Мисалы, “Маямилик күйөө”, “Жыйырма жылдан кийин”, “Орусиялык амазонкалар”.
  • Орусиянын Эл артисти, Эл аралык юмор жана сатира фестивалынын лауреаты. “ТЭФИ” сыйлыгынын эки жолку ээси.
  • 2001-жылы машинасы менен 30 жаштагы жигитти сүзүп кетип, жабырлануучу каза болуп калган. Ал үчүн сот жообуна тартылып, жыйынтыгында акталып чыккан.

МЭЭЛЕЙ ТАБЫШТЫРГАН ТАГДЫР
Леонид Якубовичтин ата-энесинин таанышканы өзгөчө болгон экен. Согуш маалында анын апасы Рима жылуу мээлей токуп, фронтко жиберет. Болгондо да экөө тең оң колдуку эле. Мээлейди алган офицер Аркадий Якубович токуган адамды тапкысы келип, ага кат жөнөтөт. Ошентип, мээлейдин арты менен алар жакындан таанышып, ортосунда сүйүү оту тутанат. 1945-жылы Леонид жарык дүйнөгө келет.
Леонид келечектеги кесибин жеткинчек учурунда эле тандап койгон экен. Катары менен үч театралдык институтка тапшырып, үчөөнө тең өтүп кетет. Бирок атасынын “биринчи нан таап жей турган кесипти танда. Актёрлук менен алыс бара албайсың” деген бир ооз сөзү үчүн сүйгөн кесибинен баш тартып, Электрондук машина куруу институтуна тапшырат.

КВНчи, ДРАМАТУРГ, АКТЁР
Лёня канчалык чыгармачылыкка талпынса, атасы ошончолук алыстатууга аракет кылган. 1968-жылы студент болуп жүрүп, КВН командасына мүчө болот. Ал көп жанрда өзүн сынап көргөн. Студент кезинде драматургия менен алектенип, ошол кезде популярдуу болгон “Кана эмесе, кыздар” көрсөтүүлөрүнө сценарий жазган. Ал эми ырларын ошол кездин белгилүү эстрада жылдыздары аткарышкан. Ошондой эле бир топ тасмаларда роль жаратып, актёр катары да тааныла алган. Бирок союздун кулашы менен анын жашоосу түп тамыры менен өзгөрөт. Бүтүндөй өлкө кризистин кучагынан чыга албай турганда туюктан жол таап чыккан ал акча табуу үчүн аукциончу болуп иштейт. Бир жолу анын аукцион өткөрүп жатканын Биринчи телеканалда иштеген Александр Любимов көрүп калат. Бийик үн, жагымдуу жылмаюусунан улам жаңы ачылган “Кереметтер талаасы” көрсөтүүсүн алып барууну сунуштайт. Көчөдөгү эле адамга мындай жумушту сунуш кылуу акылга сыйбаган иш болгондуктан, Леонид Якубович баш тартат. Саша куулук кылып, бир эле жолу студияга келишин суранат. Дүркүрөгөн кол чабуулар, сулуу кыздар, суктанган көздөр... Бул көрүнүштү көргөн Леонид өмүр бою кыялданган нерсесин эми тапканын сезип макул болот. Якубовичке чыныгы даңкты “Кереметтер талаасы” телекөрсөтүүсү алып келген.

«КЕРЕМЕТТЕР ТАЛААСЫ» ТУУРАЛУУ
“Кереметтер талаасы” – америкалык “Ийгилик дөң­гө­лөгү” деген телеберүүнүн негизинде жасалган теледолбоор. Эфирге алгач 1990-жылы 25-августта чыккан. Анын биринчи алпаруучусу Владислав Листьев болгон. 1991-жылдан баштап ушул мезгилге чейин аталган программаны Леонид Якубович алып барат. Ал эми алпаруучулардын алмашышы Владдын ден соолугунун начарлашы менен түшүндүрүлгөн.
“Кереметтер талаасына” катышуучулар алып келген тамак-аш эфирден кийин студияга келген элге таркатылат. Ал эми музейге арналып алып келинген нерселер музейдин карамагына өткөрүлөт. Музей 2001-жылы ачылып, эң баалуу нерселер катары алпаруучулардын биринчи костюму жана алгачкы кара ящик эсептелинет. Эфирди көңүлдүү, шайыр алпарган Леонид Якубович ишине кайдыгер карагандарга өтө катаал. Тартып жаткан режиссёр, операторлор анын каарынан коркуп турушат. Кызыгы, Леонид Якубович 20 жылдан бери бир дагы жолу өзүн телевизордон көргөн эмес. Көрсө, ал эфирден өзүнүн кемчилигин көрүп калуудан коркот экен.

НЕБЕРЕСИ МЕНЕН КЫЗЫ ЖАШТАШ
Леонид Якубович жаш кезинде эле биринчи сүйүүсү Галинага жолугат. Галина ал кезде “Шаардык кыздар” ансамблинин ырчысы эле. Экөө үйлөнүп, Артём аттуу уулу он төрткө чыккандан кийин ажырашып кетишкен.
Андан кийин телеалпаруучу 48 жашында кайрадан жаңы сүйүүгө туш келет. 1993-жылы “ВИД” телекомпаниясы Жер ортолук деңизине жарнама тартууга жөнөйт. Леонид ал жактан теплоходдо жарнамага тартылып жаткан Маринаны жактырып калып, анын аркасынан түшөт. Экөөнүн ортосундагы 18 жаш айырма да алардын махабатына тоскоол боло алган эмес. Бул никеден 2000-жылы 50 жашында Якубович Варвара аттуу кыздуу болот. Учурда Варвара менен небереси София жашташ. Якубович “Варя асмандагы айды сураса да алып берүүгө даярмын. Бактылуу болууга эч качан кеч эмес экенине дагы бир жолу көзүм жетти. Менин керемет талаам – үй-бүлөм” деп келет.

ХОББИСИ
Якубовичти 64 жашта деп эч ким айтпаса керек. Өмүрүнө кооп туудурган экстремалдык оюндар менен алек болгонду жакшы көрөт. Мисалы, кээде парашюттан секирсе, кээде суу алдында сүзүп, автожарышка катышып, жеңишке жетишкен. Якубович бош убактысында учак менен абада учууну жактырат. Биринчи жолу аэроклубга аны досу Юрий Николаев алып келген. Ошондон баштап учкучтукту өздөштүрүп, 1997-жылы Түркияда өткөн бүткүл дүйнөлүк авиакосмостук мелдешке катышкан.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Joldoshbek
2009-11-24 10:19:27
Chin ele Yakubovichti ech 64 jashta dep aytpasa kerek. Men dagi azir ele bildim. Ushunday ataktuular jonundo dagi kop kop jazip tursanizdar jakshi boloor ele. Aldin ala choon rahmatimdi aytam!
0
anam
2011-09-10 16:05:50
озунун эле возрастындай эле корунот го, парашюттан секиргени эле болбосо!!!
0
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан