Кайсы өлкөнүн мамлекеттик карызы көп экенине баам салсак, дүйнөдөгү жакыр өлкөлөргө караганда эң өнүккөн өлкөлөрдүн карызы алда канча көп. Кайсы өлкөнүн карызы канча? Анын ичинде Кыргызстандыкычы? Анда эмесе, баам салып көрөлү.
КАРЫЗ БОЮНЧА АКШ АЛДЫДА
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган өлкөлөрдүн жана өзгөчө макамы бар аймактардын ичинен ушул күндө болгону бешөө гана тышкы карызы жок жашап келет. Алар Бруней, Лихтенштейн, Палау, Макао жана Британдык Виргин Аралдары. Ал эми калган мамлекеттер казынасындагы тартыштыкты жоюу үчүн бири-биринен карыз алып, абалдан чыгуунун айласын кылышууда. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин тышкы жалпы карызы 70,6 триллион доллардан ашты. Эми экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн айрымдары менен биздин коңшуларыбыздын карыздарына жана ички дүң өндүрүмүнө (ИДӨ)көз чаптырсак:
ӨЛКӨ КАРЫЗЫН ЧАЧЫРАТСАК, АР БИРИБИЗГЕ 586 ДОЛЛАРДАН ТИЕТ
Кыргызстандын сырткы карызын 3 миллиард 389 миллионду өлкөнүн ар бир жаранына (кыргызстандыктардын саны 5 миллион 776 миң адам) бөлсөк, 586 доллардан же 34 миң сомдон туура келет. Өлкө карызын эл төлөй турган болсо, дүйнөлүк антирекорддун ээси АКШнын жарандарына (303 миллиондон ашык адам, 2014-жылдын сентябрь айына карата) 58 437 доллардан тийсе, англиялыктар (калкынын саны 60 миллионго жакын, 2014-жылдын сентябрь айына карата) өз өлкөсү үчүн капчыгынан 160 158 доллардан ортого ташташы керек. Ал эми жогорудагы калган өлкөлөрдүн ар бир жаранына төмөнкүдөй суммалар туура келет:
Элинин саны боюнча алганда жарым миллион гана эли бар Люксембургдун тышкы карызы 3,5 триллион долларды түзөт. Ички дүң өндүрүмү болгону
60,4 миллиард долларга жетет. Ошондо Люксембургдун ар бир жаранына өлкөнүн карызы
6,3 миллион доллардан чачырайт. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан сырттан эң аз насыя алган. Анын тышкы карызы болгону 428 миллион доллар.
КЫРГЫЗСТАНГА ЭҢ КӨП КАРЫЗ БЕРГЕНДЕР
ӨЛКӨНҮН ТЫШКЫ КАРЫЗЫ КАЙСЫ ЧЕКТЕН АШСА КОРКУНУЧТУУ?
«Алгандын бермейи бар» дегендей, карыз – бул бекер оокат эмес. Аргасыздан алынган карызды мөөнөтү келгенде кайтарып жана ага чейин анын үстүнө кошулган пайызын берип туруу шарт. Алынган акчалар туура иштетилип, элдин керегине жараса жакшы. Ал эми насыялар сол чөнтөктөргө кетсе, анда төрөлө элек балага чейин карыз болуп, жалпы өлкө элинин каткан шору. Экономисттердин эсеби боюнча тышкы карыздын көлөмү ички дүң өндүрүмдүн 60 пайызынан ашпаса, кооптонуунун кажети жок. Эгер бул чектен ашып кетсе, өлкөнүн экономикасы сазга тыгылып, андан чыгышы кыйын болуп калат. Бул жагынан алганда Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң өндүрүмдүн тең жарымын түзөт.
КАРЫЗДАН КУТУЛАБЫЗ ДЕП БИР КЕЗДЕ АТАЙЫН ЭСЕП ДА АЧЫЛГАН
Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, 2007-жылы тышкы карызыбыздын жарымын жоюу үчүн Кыргызстан "ХИПИК" программасына киребиз дегенде коомчулук каршы болуп, андан көрө карызды өзүбүз төлөйбүз деп чыкканбыз. Ошондо Каржы министрлигинин демилгеси менен Улуттук Банкта Элдик эсеп ачылган. Бирок эл «көп түкүрсө көл болбой эле, бийликтегилер аны сазга айлантып жиберет» деп жогору жакка ишенбей калгандыктан, аталган демилге аягына чыкпай калган. Эсеп ачылганда эл тарабынан анча-мынча которулган каражат мамлекеттик казынага берилип, эсеп жабылган.
«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
ӨЛКӨБҮЗДҮН ТЫШКЫ КАРЫЗЫН ТӨЛӨШӨТ БЕЛЕҢИЗ?
Таалайбек Базарбаев, журналист:
– Эмнеге төлөшүм керек? Карызды кимдер жеп, ичип койгонун билиш кыйын деле эмес. Карызды Дүйнөлүк Банк жана башка чет өлкөлүк уюмдар өлкөбүзгө долбоорлор үчүн беришкен. Бирок долбоорлор ишке ашпай, ал эми аларга жетекчик кылгандар азыр эң байлардын катарында, ошолорду төлөтүп, кылмыш жообуна да тартыш керек.
Айпери Шерикбай кызы, экономист:
– Эгер 2 -3 жыл мурун айтса төгүшмөкмүн. Себеби ал кезде саясатты түшүнчү эмесмин. Ал эми азыр мындай сунушка күлкүм келмек. Анткени бизде эч кимге ишенич калбай калды. Эл төлөйбүз деп чогулткан акча карызды төлөөгө жумшалат деп эч ким кепилдик бере албайт. Балким, бир аткаминер жеп алат да, аны көп болсо кызматтан бошотуп коёт.
Самат Аянкулов, студент:
– Маселенин баары ушуну менен чечилип калса макул болмокмун. Бирок калктын социалдык-экономикалык абалы канааттандырарлык эмес болгондуктан, эл буга даяр эмес. Андан көрө паракорчулуктун алдын алып, кен байлыктарды туура иштетип, жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу аркылуу маселени чечүүгө болмок.
Султан Раев, коомдук саясий ишмер:
– Биздин тышкы карыз өтө көп эмес жана аны трагедия катары кабыл алууга болбойт. Өлкөдө туруктуулукту сактап, ар бир жаран өз ишин мыктылап иштесе, өкмөт карызды өзү төлөп кутулат. Митингдерге чыга бербей, карыздан кутулуу боюнча демилге көтөрүлүп, акция уюштурулса, каражатымды кошууга даярмын. Бул элдин башын бириктирип, мекенчилдик сезимге чакырмак.
Турусбек Мамашев, коомдук саясий ишмер:
– Мындай демилге көтөрүлсө, кош колдоп колдоого алам. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, мисалы, Түштүк Кореянын эли өлкөсүн карызынан куткарган. Азыр, карагыла, кандай гүлдөгөн өлкө. Биздин эл абдан намыскөй келет. Туура жол көрсөтүп, элдин намысын ойготсок, ар бир жараныбыз четте калбай, өз салымын кошот деген терең ишеничтемин.
Улан Мукашев, финансист:
– Дүйнөдө мындай нерсе иш жүзүндө болбосо керек. Бирок төлөшмөкмүн. Демилге элди биримдикке чакырмак. Мындан ары карыз албаганга аракет кылсак жакшы болмок. Мисалы, жолдорду, ГЭСтерди курууда Тажикстандай болуп акционердик коом түзүп, акционер катары элди тартып, элдин акчасын пайдалансак, четтен карыз албайт элек.
Гүлзат Дооронбекова, фармацевт:
– Эгер жалпы эл биригип макул болсо, мен да четте турбай, өлкөбүздү карыздан кутултууга салымымды кошмокмун. Бирок ушуну менен бийликтегилер карыз албай токтотуп коёбу же жокпу, маселе ушунда. Эгер дагы алып анан элден төлөөнү суранса, анда каршымын.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg