2010-жылы 27-июнда өткөн референдумда «Баш мыйзамды ишке киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Бирок Жогорку Кеңеште, Президенттик аппаратта, оппозициялык чөйрөдө да «Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек» деген пикирлер утуру айтылып, астейдил бышып баштаган бул демилге эмнеге алып келиши ыктымал деген суроону жаратууда.
ШАМАЛ АК ҮЙДӨН СОКТУ
17-октябрда соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев: «Конституциянын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаевге «толук жарамдуу соттук бийликти түзүү үчүн Баш мыйзамдын беренелерине кайсы бир өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болсо, анда ошол кадамга барышыбыз зарыл» дедим. Көрүп турганыбыздай, азырынча соттук бийлик толук күчтө иштеп баштай элек. Соттук бийлик реалдуу бийлик болушу шарт. Конституцияны өзгөртүү керек. Анан «Атамбаев авторитардык бийлик орнотуп, өмүр бою бийликте калгысы келип жатат» деп чыкпагыла. Мен кетем, ага үч жылдай убактым калды»,- деп айтты.
Мамлекет башчынын бул билдирүүсү кызуу талкууларга жем таштап, экс-премьер Өмүрбек Бабановдун трибунадан айткан жалындуу сөзү менен окуя андан ары өнүктү. 20-октябрда «Республика-Ата Журт» партиясынын алгачкы курултайында Бабанов: «Башкаруу системин өзгөртпөсөк болбойт. Бүгүнкү системдин келечеги жок, конституциялык реформага барышыбыз шарт. Башкаруунун эки формасын сунушташыбыз керек: парламенттик башкарууну тандасак, анда Германияны алалы. Премьер ички жана тышкы саясатты жүргүзөт. Президенттин таасири болбойт. Эгер президенттик башкарууну тандасак, анда АКШнын үлгүсүн алалы. Жоопкерчилик президенттин моюнунда болуп, премьер болбойт»,- деди.
БАШ МЫЙЗАМ КАНЧА ЖОЛУ ӨЗГӨРТҮҮГӨ ТУШ БОЛГОН?
1929-жылы Кыргыз АССРинин Конституциясы кабыл алынган. Буга чейин кыргыз мамлекетинде Баш мыйзам деген болгон эмес. Кийин 1937-жылы Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынып, аны менен СССРдин курамында союздук республика катары толук укуктуу макамга ээ болгон. 1978-жылы «социализмдин жеңүүчүсү» деп атыккан Кыргыз ССРинин Баш мыйзамы кабыл алынган. Ошентип, кабыл алынгандан тартып 60 жылдан ашуун убакыт ичинде Баш мыйзам 2 жолу өзгөргөн.
Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында 1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңеш тарабынан Баш мыйзам кабыл алынып, Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда эле ага 4 жолу – 1994, 1996, 1998, 2003-жылы өзгөртүү киргизилген. 2003-жылда оңдолгон Конституция акаевдик режимге каршы нааразычылыкты күчөтүп, ал 2005-жылдагы Март революциясы менен аяктаган. Бул революциянын коштоосунда бийликке келген Курманбек Бакиевдин тушунда Баш мыйзам 3 жолу өзгөргөн. 2006-жылды баса белгилеп айтууга болот, ноябрь айында «парламенттик» Конституция, декабрда «президенттик» Конституция кабыл алынган. Бул оппозициянын нааразычылыгына алып келип, 2007-жылы Конституциялык сот жогорудагы эки Баш мыйзамдын тең кабыл алынышын Конституцияга туура келбеген деп тапкан. Бакиевдин демилгеси боюнча өткөн референдумда өлкөнүн башкы документине «супер президенттик» өзгөртүүлөр киргизилген. Бул өзгөртүү саясий кризисти жаратып, ал 2010-жылдагы Апрель революциясы менен соңуна чыккан.
Конституциялык реформалардын дээрлик баары бийлик бутактарынын арасында бийликти бөлүштүрүүдөн улам келип чыгып, 2010-жылга чейин ал президенттин пайдасына чечилип келген. Апрель революциясынан кийин жогорудагы маселелердин баарын эске алуу менен парламенттик-президенттик башкаруу жолуна түшкөнбүз.
Текебаев: «БАШ МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮГӨ МУКТАЖДЫК ЖОК»
2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын «атасы» атыккан Өмүрбек Текебаев: «Азыркы Конституция эффективдүү иштеп жатат, эң башкысы, анын негизинде бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү жана президент, парламент, өкмөттүн ишинин механизмдери бар. Баш мыйзам 2020-жылга чейин эле эмес, керек болсо 2050-жылга чейин иштеши керек. Ага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө эч кандай муктаждык жок»,- дейт.
Канчалык жалындуу сөздөр айтылып, талкуулар жүргүзүлүп, референдумдар өткөрүлбөсүн, Конституциянын өзгөрүүсүнөн Кыргызстандын элинин жашоосу оңдолуп кетпеди. Ар жолку өзгөртүү киргизүүдө жакшы ниет менен иш баштап жаткандай көрүнөт, бирок жыйынтыктары күткөн натыйжаны алып келбеди. Учурда Алмазбек Атамбаевди «Конституцияны өзгөртөлү» деген ойго жетелеп жаткандар, балким, президентти ушундай чечимге атайы алып барып, аягында жардан түртүп жиберүүнү ниет кылып жатышкандыр?
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg