Алдыда ызгаардуу кыш кылычын кармап келе жаткан кез. Сыртта элдин өкмөткө болгон ишеними калбай, ар ким өз турмушун сүйрөп бараткан чак. Базарда болсо кара алтынга болгон баа асман чапчып күндөн-күнгө өсүп барат. Бийликтин айласы кетип, «баа саясаты» бизден көз каранды эмес» деп кургак чүпүрөк менен оозун аарчып отурат. Бирок эл арасында жасаган иши менен кадыр-баркка ээ боло баштаган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы абалдан чыгуунун жолдорун таап, элге жардамын берип жатканын көрүп көңүл жибийт. Башка аймактар кымбат көмүрдү айласы жок алып жатса, ысык-көлдүктөр арзан баада, ал эми аз камсыз болгондорго бекер жеткирилүүдө. Мына эл үчүн эмгектенүү деген ушул. Бизге жеткен маалымат боюнча, азыр Каракол шаарында атайын ачылган кампада 70 тонна көмүр бар. Баш-аягы 500 тоннага чейин арзан баада таратылары айтылып жатат. Эл менен жолугуп, алардын жашоо-турмушунан кабар алган ЖКнын депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев көмүрдүн алгачкы партиясын өзү көзөмөлгө алып таркатып жатканын белгилеп кетсек болот. Кара алтын кампада 500-1000 сомго чейин арзан.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg