Премьер Жоомарт Оторбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү» киргизүү боюнча өкмөттүн токтомуна кол койду. Ага ылайык, чакан бизнестин жана коммерциялык эмес тармактын өкүлдөрү салык отчётторун ай сайын эмес, квартал сайын тапшырганга мүмкүнчүлүк алышат. Салык төлөмдөрү тууралуу отчёттор 4 эсе кыскарганы турат.
Оторбаев «өкмөт ишкерлердин шарттарын жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдарга барууну улантат» деди.
Салык кодексине киргени жаткан бул өзгөртүүлөр башка мамлекеттерде кеңири колдонулуп келет. Отчётторду квартал сайын тапшыруу да ишкерлердин жүгүн жеңилдетери бышык. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоого алса, 2015-жылдан тарта жаңы өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи.
Наргиза Бекжанова,
politika@super.kg