Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, өлкөдө мамлекеттик баланста 575 тонна запасы менен АЛТЫН КЕНДЕРИ бар.
Укук коргоочу Оливия Роуп: «Кыргызстанда АБАКТА ОТУРГАН аялдардын ар бир бешинчиси киши өлтүрүү же үй-бүлөсүндөгү эркек адамды капыстан өлтүрүп алуу боюнча соттолгон»,- деди.
Президент Алмазбек Атамбаев журналист СЫРГАК АБДЫЛДАЕВГЕ «Эрдик» медалын тапшырды. Ал 2009-жылы Бишкек шаарында кол салууга дуушар болуп, кийин Швециядан саясий баш паанек алган.
Орусиялык «Прайм крайм» сайты кримчөйрөдө САКАЛ деген лакап ат менен таанылган Улан Токтосунов Түркияда «мыйзамдагы ууру» болгонун жазып чыкты. Ички иштер министрлиги бул маалыматты 27-октябрдан бери тактап бүтпөй жатат.
Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков: «10-декабрга чейин БАЖЫ СОЮЗУНА кирүү боюнча керектүү документтерди кабыл алышыбыз керек»,- деди.
«Ата Журт» партиясынын катарынан өлкөдөгү эң бай адамдардын бири, депутат РОМАН ШИН чыкканы жатат. Анын билдирүүсүнө караганда, ишкер эмдиги жылы өтүүчү парламенттик шайлоого ат салышпайт.
26-октябрда БАКУ-БИШКЕК-БАКУ аба каттамы ачылды. Ошондой эле Азербайжанда Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча документке өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Курбаналы Узаковдун айтымында, азыркы тапта СИРИЯ менен Пакистанда 75 кыргызстандык согушуп жүрөт, 5 киши каза тапкан.
Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов: «Расмий каттоодон өтө элек дубандагы мечиттердин саны 134тү түзөт»,- деди. Ошондой эле өлкө аймагындагы жаңы салынуучу мечиттер мындан ары муфтияттын макулдугу менен гана салынмай болду.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин ноябрь айынын башында ТҮРКМӨНСТАНГА иш сапары менен баруусу пландалып жатат.
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги «Талас облусунда төө буурчактын баасын ортомчулар түшүрүп жатат» деген билдирүү таратты.
2015-жылдын 1-январынан тартып Орусиянын чек арасынан өтүүдө Кыргызстандын жарандары, анын ичинде 16 жашка чыга электер да ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ПАСПОРТТУ көрсөтүшү керек болот.
АЗИЗ БАТУКАЕВ Орусияда 3 жыл жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргызстанга өткөрүп берүү каралат. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жөнөткөн катында билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.