Гезиттин өткөн сандарында Бишкектин Панфилов көчөсүнөн белгисиз адамдар тарабынан инкассатор унаасы тонолуп, 1,7 миллион доллар уурдалганын маалымдаганбыз.
Бул жумада аталган кылмышка шектүү болгон адамдар кармалгандыгы тууралуу кыргыз тилдүү айрым интернет сайттар кабарлап чыгышты. Алардын маалыматына ылайык, кылмышкерлер коркутуп гана карактап кетебиз деп макулдашышкан. Бирок карактоо учурунда алар күзөт кызматкерлерине карата ок чыгарышкан. Натыйжада күзөт агенттигинин 45 жаштагы жетекчиси тийген октон көз жумган. Ал сайттар өткөн жумада УКМК тарабынан бул кылмышка шектүү катары Бишкек ШИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын 2 опер кызматкери жана штаттан тышкаркы милиция кызматкери кармалып, камакка алынгандыгын жазып чыгышты. УКМК, Бишкек ШИИББи жана ИИМге кайрылганыбызда, мындай маалыматты төгүндөштү.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы: "Милиция кызматкерлери уурулук боюнча шектүү катары кармалды деген маалыматтар бар. Бирок аларды башка эле бир уурулукка күнөөлүү дешүүдө. Ал эми каракталган 1,7 миллион доллар боюнча ачылган иш аягына чыга элек. Шектүүлөр кармала элек" деп жооп беришти.
Мирлан Өмүралиев,
Наргиза Бекжанова,
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg