Кубат Болотканов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: «БИР КЕЛГЕН ӨМҮРДӨ БЫКШЫБАЙ, ЖАЛЫНДАП ӨТҮШ КЕРЕК»

Адатта жетекчилик кызматтагы адамдар менен маектешкенибизде алар салабаттуулугун, олуттуулугун көрсөтүшөт. Бул ирет КТРКнын башкы директорунун орун басары Кубат Болотканов менен баарлашып, анын тамашакөй, сөзмөр, өзгөчө көз караштагы адам экендигин байкадым.

– Кубат мырза, кырктын кырына чукулдап баратасыз. Жыл өткөн сайын адам артка кылчайып эмнени кааладым эле, эмнесине жетиштим, эмне иш бүтүрдүм дейт эмеспи. Өкүнүчтөр көппү же канааттануу басымдуулук кылабы?
– Канааттануу болгон кишиде өсүү болбойт. Азыр мектепте окуп жүргөндө көп убакытты текке кетирип койгонума өкүнүп калмайым бар. Жаш кезде тил үйрөнүп койсом болмок экен деп калам. Себеби «Учкун» басмаканасында жетекчи болуп жүргөндө, бүгүнкү ишим менен чет мамлекеттерге чыгып калганда тил жагынан аксап калам. Мектепте немис тилинде окугандыктан немисче бир аз сүйлөй алам. Англис тилин да үйрөнүп койсом болмок экен.

– Бала кезде өзүңүздү ушинтип журналистикадан, коомдук ишмердүүлүктөн, саясаттан көрчү белеңиз? Ал кезде азыркыдай койчусу да, айдоочусу да саясатчы беле?
– Мамлекетте кризис болгондо койчусу да, уйчусу да саясатчыга айланып кетет экен. Эгер стабилдүүлүк орун алып элдин жашоосу жакшы болсо, карапайым калктын президенти ким, депутаты ким экени менен иши да болбойт болчу. Ачыгын айтканда, жеке президент эмес, жалпы эле мурунку муундагы саясатчыларыбыз элибиздин бүгүнкү оор абалына толугу менен күнөөлүү. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен айрыкча кыргыз элин аябай кыйнап коюшту. Биздин өткөөл мезгил бүтпөгөн өткөөл мезгил болду. Ошондуктан айласы кеткен элдин басымдуу бөлүгү талаалап бири Орусияга, бири АКШга кетпедиби. Бул жүрөк ооруткан кырдаал. Баары бир өзгө жер деген өзгө жер да.
Ал эми бала кезде оюң бир жерге токтобой, чоңойсом бул болом, тиги болом дей бересиң. Кийин окууну бүтүп келип өзүм эле чечип, юридикалык факультетке тапшырып окуп калдым. Ошол жерде 3 жылдай мугалим болуп иштедим. Андан ары Каныбек Иманалиевдин депутаттык жардамчысы болдум, Президенттик администрацияда, «Учкунда» кызмат кылдым. Эми азыр колумдан кандайдыр бир иш келип жатса, ошонун көбүн Каныбек Капашевичтен үйрөнгөм десем болот.

– Үй-бүлөңүз тууралуу сурай кетпесем болбос. Кыялыңыздагы бийкечтин колун кармадыңызбы же нике кайыптын буйругу деп эле баш ийгенсизби?
– Биринчи жолу Бишкекке абитуриент болуп келгенде бир кыз менен таанышкам. Азыр келинчегимди «биринчи эле таанышкан кызыма үйлөнүп алыптырмын» деп тамашалап калам. Келинчегимдин аты Элвира, кесиби экономист. Окууга тапшырып жүрсөм ал дагы абитуриент болуп келген экен да, таанышып калганбыз. Кийин окуу жайды бүткөндөн кийин үйлөндүк. Ортобузда Эмирбек деген уулубуз бар.

– Баса, обон чыгара коймой өнөрүңүз бар экенин жазганбыз. Юридикалык билим алган, бир караганда чыгармачыл адамдарга окшобогон Кубат мырзаны ыр жаздырып, обон жараттырган эмне болду?
– Бала кезде ой токтобой турганда ар кайсыны кыялданып комуз, аккордеон үйрөнүп, мектептин жакшылыктарына ырдай коймоюм бар эле. 9-классымда «Кыргызфильмдин» Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» чыгармасынын негизинде тарткан тасмасында эпизоддук Жумабай деген адамдын ролун жараткам. Тасмада Жумабай согушка кетип бара жатып комузу менен ырдайт. Менимче, бул талант эмес шык, жөндөм го дейм. Ушу кезге чейин нота тааныбайм. Студенттик кезде убакыт боло калганда обон жаратып, «шайтандап» койчумун. Бара-бара мунум да калып бараткандай. Жаш кезде чыгарган ырларым бар. Алгачкы «Жар болдуң кимге сен жаңылып» деген ырымды Роза Аманова аткарып жүрөт, андан соң Элмирбек Иманалиев «Армандашым» аттуу ырымды аткарып, радиого жаздыртып коюптур. Ынак Осмоналиев «Аппак кар», «Ал күндөр шаң эле» деген ырларымды ырдап келе жатат. Ошондой эле Аскат Мусабеков да «Кара кыз», «Лейли» деген ырларымды аткарып жүрөт. Бирок ырчылардын бирөөсүнө да «ушуну ырдап койчу» деп бара элекмин.

– Мамлекеттик мекемелерде, саясий партияларда («Учкун» мамлекеттик концернинин жетекчиси, Бишкек шаардык кеңештин депутаты) тажрыйба топтоп калдыңыз. Айтсаңыз, мындай ийгиликтүү карьера жасаш үчүн тааныш-билиштик маанилүү бекен?
– Азыркы учурда билбейм. Эмгек жолубуздун башталышында кызылдай эле иштедик. «Учкунда» жөнөкөй кызматкер болуп жүргөндө деле, Президенттик аппаратта иштеп жүргөндө да түн ортосуна чейин иштеп калчубуз. Азыркы жумушумдан деле кечки саат 9-10дон эрте кетпейм. Басып өткөн чакан эмгек жолумду карап көрсөм, эң биринчи эле талап эмгек болгон экен. Таанышың деле өмүр бою сүйрөп жүрбөйт да сени.

– Сиз үчүн жетекчилик кызматта отуруу мамлекетке кызмат кылуубу же байлык, аброй топтоонун жолубу?
– Мен калпычы болгум келбейт. Жөнөкөй кызматкерсиңби, жетекчисиңби, биринчиден үй-бүлөнү багыш керек. Бирок иштеп жаткан жериңде мамлекетчил да болушуң кажет. Бардык иштерди мамлекеттик көз караш менен алып баруу зарыл. Бул өтө маанилүү. Анан бир келген өмүрдө быкшыбай, жалындап-жанып өтүш керек деген ойдомун.

– Убакыт тартыш, маанай жогуна карабай өзүңүз үчүн эмне ишке көңүл, убакыт бөлөсүз?
– Колум бошой калганда үй-бүлөмө убакыт бөлүүгө аракет кылам. Кээде аккордеонумду алып, черим жазылганча ырдап алам. Анан шаардын ызы-чуусунан тумчугуп баштаганда тоого чыгып кетем.

– Жакында КТРКга башкы директор шайланат. Талапкерлердин аты да белгилүү болуп калды. Арасында сиздин ысымыңызды учурата албай койдум. Эмнеге?
– Анын бир топ себептери бар. Убагы келгенде угасыңар.

– Сиздин Бишкек шаардык кеңешинде депутат экениңизди билебиз. Кандайча барып калдыңыз? Анан кандай иштерди аткардыңыз?
– Негизи, андай максатым деле жок болчу. Ошол жылы октябрь айында «Учкунда» кызматымды таштоого туура келди. Анан «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоого катышууну сунуштады. Аталган партиянын мүчөсү болгондон кийин өзүмдүн күчүмдү сынап, шайлоого катышып көрөйүн дедим. Кудайдын буйругу экен, «Республика» партиясынан 11 депутат өткөнбүз. Шаардык кеңеште оппозициялык тарап болуп, экс-мэр Иса Өмүркуловду ачыктан-ачык сындап, кемчилигин айтып турдук. Бишкек шаарындагы жол курулушу, социалдык тамактандыруу багыттарында бир кыйла алгылыктуу иштерди аткардык деп айтсам болот.
Жеке өзүм Ала-Тоо, Ак-Өргөө, Ак-Ордо жана Кызыл-Аскердин бир бөлүгү тараптан шайлангам, азыр ушул аймактарга колдон келген кызматыбызды көрсөтүп келе жатабыз. 2013-жылы депутаттык фондумдан 500 миң сомдук жардамымды бердим. Быйыл 800 миң сомду жардам катары бөлдүм. Көбүнчө жаңы конуштардагы жолдорго шагыл төктүрдүк. Азырынча жолду асфальттоого менин эле эмес, шаардын да кудурети жетпей жатат.

– Маегиңизге рахмат!

  • 1975-жылы 22-сентябрда Талас облусунун Талас районунда туулган.
  • 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
  • 2010-2012-жылдары «Учкун» ААКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
  • 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине «Республика» партиясынан депутат болуп шайланган.
  • 2013-жылдан тарта КТРКнын башкы директорунун орун басарлык кызматында иштейт.
  • Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

ТАБИТИҢИЗ КАНДАЙ?
Автоунаа
– Бузулбаган унаанын баары эле жакшы. Бирок Мерседес сонун машине. Өзүм Лексус автоунаасын айдайм.
Телефон – «Айфон» көтөрүп жүрөм.
Кийинүү стили – Ыңгайлуу, спорттук кийимди эле жакшы көрөм. Бирок жумуштун талабына ылайык көбүнчө классикалык кийим кием.
Тасма – «Крёстный отец» тасмасы.
Китеп – П.Коэльо, Ч.Айтматов, анан Кубатбек Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» китебинин «Амбарная книга» деген бөлүгүн тажабай окуйм.
Ырчы – Хулио Иглесиас, Тото Кутуньо деген ырчыларды баалайм.
Актёр – Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Саясатчылардын айынан эл талаалап кетти" дейт Кубат Болотканов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
sherik
2014-11-03 12:16:53
Кубат, чын ден-соолук, чыгармачыл ийгилик каалайм. Уй-булон менен бактылуу бол. Сен КТРга барганда коп озгоруулор болот го дегем. Бирок сезилбеди.Ала-Тоо маалымат программасында "Азаттык" радиосунун стилине салышып, кыргыз тилин бузуп суйлогондор кобойду. козомол жок.Сага иштегенге мумкунчулук беришпеди окшойт. Эсен бол.
-1
Azura
2014-11-05 09:18:35
Чын эле ктркны коруп отуруп чалкандан кетесин.башкача кыргыз тилинде суйлошот
0
Brokovich
2014-11-06 00:06:35
Ушул Кубат аман эле болсун. Эмнени озгортмок эле ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2014-11-06 09:38:04
Brokovich - 10 күнгө БАН!
1. Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөдү жазууга тыюу салынат.
2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан