Түрк тилдүү элдердин башын бириктирүү максатында экинчи ирет уюшулуп жаткан «Turkvizyon» сынагында кыргыз калкынын желегин ким желбиретери аныкталды. Финалга чыккан аты белгилүү да, белгисиз да таланттарды Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева өңдүү профессионалдар баалап отурушту. Көп жылдан бери шоу-бизнесте жүрүп, өз ордун тапкан мыкты ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Кайрат Примбердиев, Ильяз Андаш жана жаш талант Айбек Бакытбек уулу, Адилет Азим уулун артка таштап, «Non-Stop» дуэти озуп чыкты. Мындай жыйынтыкка шоу өкүлдөрүнүн арасындагы талкуу биякта калсын, социалдык тармактарда да нааразычылыктар күч болууда. Бири «дуэт чынында жакшы чыкты, шоу керек да» десе, айрымдар «бул нерсе алдын ала эле чечилгени билинип турат. «Non-Stop`тун» жандуу ырдашына көзүм жетпейт» деп азыртан кейишүүдө. Мындай сындар дуэт Казанда Кыргызстандын туусун татыктуу желбиретип келсе гана токтобосо, нааразы болгондор көп.