«Миң кыял» радиосунун мурунку ди-джейлери Алтын Мырза менен Гүлназ Бакир кызы мындан бир жыл мурун 15-августта баш кошушкан эле. Эки жак тең кыргыздын каада-салты менен той өткөрүшкөн. Алтын Мырза тойго чейин Орусияда жашап-иштегендиктен түгөйлөр үйлөнөрү менен ошол жакка кетишкен. Чет жерде Алтын Мырза ресторан бизнеси жана Ыраакы Чыгыштагы Кыргызстандын консулдугунун уюштуруу иштери менен алектенсе, Гүлназ үй иштери менен алек болуп жүрүптүр. Мекенине келген жубайлар 26-октябрда Бишкекте заманбап тоюн беришти. Чыгармачыл чөйрөгө кайтып келесиңерби деген суроого Гүлназ: «Жолдошумдун кайра кайтуу ниети азырынча жок, мен болсо радиодо иштебей калганым менен, журналистикадан четтеген жокмун»,- дейт.