«Сен кат жаздың», «Закым» деген ырлары менен элге алынган Минюра Рахимжанова продюсери Каниет Жыргалбековдон кетип, өз алдынча иштей баштады. Мындай кабарды тактоо үчүн продюсерине байланышканыбызда ал бул маалыматтан кабары жок экенин айтып, таң калган эле. Бир аздан кийин кайра байланышка чыккан Каниет «келишим аягына чыкты, болгону ошол. Бизди кыз-жигит деп да айтышты, бирок ага-карындаштык чектен өтпөй жакшы иштештик» деген жообун берди. Ал эми Минюра «өзүмчө кеткенден кийин «Менин жаным» деген ыр жаздырдым» деп чыгармачылыкты таштабаганын билдирди.
Маалымат катары айта кетсек, ырчы менен продюсердин ортосунда кагаз түрүндө келишим түзүлгөн эмес. Жөн гана ага-карындаш катары иштешүүнү туура көрүшкөн. Продюсердин иштешпей калганынан кабары жок болгонуна караганда, ортодо пикир келишпестик болгондой.