– "Юристтин кеңеши " рубрикасы аркылуу жооп алайын дегем. Таежем үч эм төрөгөн. Өкмөт тарабынан үй берилип, жолдошуна каттаткан эле. Анан ажырашып кетишкен. Эми күйөөсү таежемди эле эмес, балдарын да үйгө киргизбей жатат. Сатуу үчүн аларман да тааптыр. Эжем үйдү кайрып ала алабы?
Жаркынай, Жумгал району
– Таежеңиздин сотко «чогуу жашаган убакта бирге алынган мүлктү бөлүштүрүү» боюнча арыз менен кайрылууга укугу бар. Сот балдардын энесинде калганын эске алып, таежеңиз үйдүн көбүрөөк бөлүгүнө ээ боло алат. Андан сырткары сотко жолдошунун үйгө ээ болуудагы салымы аз экенин далилдөөчү документтерди көрсөтүшү зарыл. Үйдү сатып жибербеши үчүн сотко арыз менен кайрылып, үйгө арест койдурушу керек.
Андан сырткары таежеңизде жашы жете элек балдарына алимент бөлдүрүп алуу укугу бар.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg