– Мен Бишкектин четиндеги айылдан борборго каттап иштейм. Бир жолу айылдан байкемдин машинасы менен келе жатып жолдон бир баланы салып алганбыз. Ал бала орто жолдон түшүп калган. Жумушка келип эле телефонумду таппай калдым. Чалсам өчүк. Жолдон салып алган бала чөнтөгүмдөн уурдап кетиптир. Милицияга арыз жазып кайрылгам, бирок дайыны жок. Телефонумду кантип тапсам болот?
Мунара, Сокулук району
– Уурулук боюнча арызды жашаган жериңиздеги райондук ички иштер башкармалыгы кароого милдеттүү. Сиздин оюңуз боюнча, тиешелүү кызматкер (тергөөчү) телефонуңузду табууга жетишерлик чара колдонбой жатса, РИИБдин канааттандырарлык иштебей жатканы боюнча арыз менен аймактык прокуратурага кайрылууга укугуңуз бар.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg