Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин депутаты: «ӨЗГӨН КҮРҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН БРЕНДИ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК»

24-октябрда Орто Азия чөлкөмү боюнча биринчи ирет Өзгөндө «Биздин жердин күрүчү» эл аралык фестивалы өттү. Бул иш-чарада күрүчтөн жасалган жүз түркүн тамак-аштардан даам татуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошону менен катар өзгөн күрүчүнүн уникалдуулугун даңазалоо, эл аралык деңгээлге чыгаруу жана чет өлкөлөргө экспорттоо максаты коюлган. Фестивалдын башкы демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева болду.

– Ыргал Кармышаковна, өзгөн күрүчүнүн баркын көтөргөн фестивалды өткөрүү идеясы кандайча пайда болду жана ойдогудай өттү деп эсептейсизби?
– Ооба, иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, өз максатына жетти. Фестивалдын жыйынтыгында резолюция кабыл алдык. Ага ылайык, өзгөн күрүчүн экологиялык жактан эң таза азык катары дүйнөгө жайылтуу, Кыргызстанда күрүч өстүрүүдө тамчылатып сугарууга өтүү боюнча иш пландар жазылган.
Иш-чараны өткөрүү идеясы 2012-жылы өзгөндүк бир активист кыз менен таанышып калганда пайда болду. Ал өзгөн күрүчүн чет өлкөлүк сынактарга алып чыгып, сапаты, сыйымдуулугу, калориясы боюнча алтын медалдарды утуп жүргөндүгүн айтып берген. Ошондон кийин мен да кызыга баштадым. Жумушума байланыштуу чет өлкөлөргө сапарга чыкканда ар башка шалы өстүрүү ыкмаларын карап чыктым. Биз шалыны бассейн сыяктуу кылып байма-бай сугарып турабыз, ал эми чет өлкөдө кадимки буудай өстүргөндөй тамчылатып сугаруу жолу менен өстүрүшөт экен.
Албетте, фестивалды өткөрүү оңойго турган жок. Сунушумду өкмөткө киргиздим, бирок акча бөлүнбөдү. Мен аны сураган да жокмун, каражат табууда жогоруда айткан өзгөндүк активист Туйгун Пазылова бир коомдук бирикме менен аракет кылып жатышты. Өзүм да демөөрчү тартканга аракет кылдым. Шалы өстүргөн мамлекеттерди иш-чарага катышууга чакырдым. Япония, Кытай, Корея, Филиппин, Иран шалыны көп өстүрүшөт жана дүйнө жүзүнө экспорттошот. Ал эми өзгөн күрүчүн бир гана өлкө ичинде пайдаланабыз жана чет жакка чыккан мигранттар, студенттер алып кетишет.
Ошентип отуруп Өзгөн шаарынын борборунда Өзгөн мунарасынын астында фестиваль уюштурдук. Эң башкысы, өзгөндүн күрүчүнүн сапаты, дүйнө элинин күрүчүнүн сапаты боюнча илимий конференция өткөрдүк. Мисалы, мен ойлоптурмун, биз өзгөн күрүчүн иштеп чыгарууда жаңы бир ыкмаларга өтүшүбүз керек деп, тескерисинче, илимдин академиктери «силердин күрүчүңөрдүн баалуулугун актоо жолу – илгерки ыкма менен жасалышында» деп айтышты.

– Чет өлкөдөн келген коноктордон импорттоо боюнча сунуштар түшкөн жокпу?
– Өзгөндүн райондук ооруканасы күрүчтөн 94 түрлүү тамак жасап, боз үй тигишиптир. Алардын столунда күрүчтөн жасалган манты, нан, бозону көрүп Япония элчилигинен келген өкүл «биз күрүчтөн Япониянын белгилүү болуп калган алкоголдук ичимдиги «сакени» чыгарганбыз, силердин өзгөндүктөр да күрүчтөн алкоголдук ичимдик жасашыптыр» деп бозону ичип мактап жатышты. Бирок күрүчтөн бозону биз эбактан бери эле жасап келе жатабыз. Шалы өстүрүү аянтын дагы кеңейтип, түшүмдүүлүгүн көбөйтсөк, анда Япониянын белгилүү сушиси сыяктуу жаңы бир тамак түрүн ойлоп тапсак болот. Өзгөн күрүчүн бир гана Өзгөндүн бренди эмес, бүт Кыргызстандын бренди кылышыбыз керек.

– Өзгөндүн кызы болосуз, ашты шилекей куюлтуп жасасаңыз керек. Рецептиңиз менен бөлүшүп кетпейсизби...
– Ар бир аялзатынын аш жасоодо өзүнө гана таандык, башкалар кайталап жасай албаган рецепти болот. Ал көбүнчө апасынан кызына өтчү сыр.
Эң башкысы, ашка кошулуп жаткан күрүчтүн салмагынан адашпаш керек. Пиязын туурагандан тартып бүт көңүл-дитти ашты даярдоого буруу зарыл. Кызыл эмес, сары сабиз кошом, ал ашты өтө таттуу кылып жибербейт. От өзгөчөлүгү маанилүү, ашты мешке бышыруу керек. Мен болгар калемпири кошулган палоону көп жасайм, балдарым да жакшы көрөт. Өзгөн күрүчүнөн жасалган палоону ашказанга оор келет дешет. Жеңил болсун үчүн ашты койдун этинен эмес, уйдун этинен, койдун куйрук майына куурубай, өсүмдүк майына кууруса болот.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ыргал Кадыралиева Өзгөн күрүчүнөн палоо жасады
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
mery.89
2014-11-03 13:57:02
Баштаган ишинизге ийгилик.бирок Ушул айым негедир суйлогондо кыйынсынып суйлогондой сезиле берет.
0
Wave.
2014-11-03 15:30:13
mery.89,

Бул айым илгертен бери, тээ 1-классынан бери кыйынсынып, зынкыйып жургон кыз. Аны классташтарынан сурасанар, айтып беришет.
0
barpy1
2014-11-06 01:34:15
Wave., мунун ким экенин сурап башыбызга таш тийиптирби, ким экени, тушунугу, денгээлин ЖКтеги омбул-домбул создорунон байкаса болот, уй-булосу ким экени да маалым, кантип бийликке келгени да маалым, эгер менде ушундай тууган болсо арданып кочого чыкпай калсам керек эле... Азыр эми заман ууру-каракчылардын заманы, оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген заман... Мурун эле жакчу эмес, кечооку агасынын "жоруктарын" уккандан кийин биротоло тунулуп калдым, жылан коргондой ичиркенип...
+2
elli_88
2014-11-04 21:58:20
коп соз бирдеке соз баштагыча уктап калмай болдум чынында бар экен бой которгону
+2
benjamin.31
2014-11-05 00:21:50
Бир жеринди кысан бай болосун»деген эже го.Жакшы самореклама болуптур.
-1
jama9210
2014-11-05 13:37:01
benjamin.31 ооба ошо эже))) ошо созунон кийин жакпай калган бул эл адамы болуп туруп журналист баланы ошентип соккон
+1
ALBIKA
2014-11-06 01:52:29
Жакшы жактарын корсотууго аракет кылып жатат го.Куручту жарыясыз Дале баарыбыз билебиз,куруч кечээ пайда болбоду го...
0
novayariga
2014-11-06 17:03:21
Братишкасы бренд болуп жатты беле откондо эле:D
+1
beva63
2015-01-16 03:09:28
мактанчакко
0
beva63
2015-01-16 03:12:13
ошентседа молодец куручту мактап тааныткан чет мамлекеттерге
0
aihan77
2015-02-04 03:13:47
Тузук;-)
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан