Жашы улгайса да өзүнүн кийинүү стили менен өзгөчөлөнгөн бүгүнкү каарманыма көчөдөн көргөн адамдын көзү сөзсүз токтойт. Акыркы убактарда Бишкекте эч кандай сахнага чыкпай, тасмага тартылбай, подиумда баспай эле атактуу боло баштаган Качкын мырза менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Аты-жөнү – Качкын Кадыров
Туулган жылы, күнү – 1955-жыл, 13-июнь
Туулган жери – Чүй облусу, Арашан айылы
Билими – Орто
Хоббиси – Музыка угуу
– Качкын мырза, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Бишкекте жакынкы жылдары эле пайда болдуңузбу же кечирээк мода кубалап кийине баштадыңызбы?
– Бала чагым Бишкек шаарында өттү. Азыркы Эркиндик бульварында далай издерим калган. Апам поездде узатуучу болуп иштечү. Аны ээрчип жүрүп бала чагымдан Союздун көптөгөн өлкөлөрүн көрдүм. Кийимге, модага болгон кызыгуум кичинекей кезимден тарта эле күчтүү. Эсимде, 4-класс болсом керек, таякем жалтыраган модалуу туфли сатып алып, биздикине кийип келиптир. Анын туфлисин түн ортосунда уурдап кетип, 3 күн кийип жүргөм. Анан ыраматылык апам менин артымдан кубалап жүрүп бутумдан чечип, таякеме алып берген (күлүп). Ошондон бери мода кубалап кийим кием. Орто мектепти аяктаган соң чет өлкөлөрдө иштеп, кээде өз мекениме келип-кетип жүрдүм.
– Кийимди көбүнчө кайдан сатып аласыз? Жарашыгына карайсызбы же сапатынабы?
– Көзүмө көрүнгөндү кие бербейм, өзүмө жарашканын, жакканын базардан, дүкөндөн акчанын көзүнө карабай сатып алам. Эгер көчөдөн акчам жокто бир кийимди көрүп калсам, аны кийин издеп келип алып кетем. Башкалар меникине окшош кийимдерди кийип жүргөнүн көрсөм, өзүмдүкүн дароо чечип таштайм. Себеби бирөөлөргө окшош кийингенди жаман көрөм. Гардеробумда сезондорго ылайык ар түрдүү кийимдерим бар. Канча экенин санаган эмесмин, бул шым менен бул костюмду кием деп түрлөп илип койгом.
– Кийим тандоодо кимдердин кеңешине кулак саласыз?
– Азыр сыналгыдан, интернеттен мода тууралуу көрсөтүүлөрдү көп көрсөтүшөт эмеспи. Аларды көрүп, ошолорго окшоштуруп кийим тандайм.
– Көчөдөн көргөн адамдардын сизге назары сөзсүз түшсө керек?
– Жумуш кылып жатканда жөнөкөй эле кийинип алам. Анда эч ким деле карабайт. Көргөндөр бул чал биржада иштеген бирөө окшойт деп ойлошсо керек (күлүп). Ал эми саркеч кийинип чыксам баары карашат, көптөр сүрөткө түшүүнү сунушташат. Мындай көрүнүштөргө эбак эле көнүп бүткөм. Бул мага жагат, стилдүү кийингенде өзүмдү жакшы сезем.
– Өзүңүз улгайганыңыз менен, жүрөгүңүз жаш окшобойбу?
– Менин оюмча, жаштардан калбаш керек. Алар кандай кийинсе ошондой кийинүүгө аракеттенем, кандай музыка укса ошондой музыка сөзсүз менин наушнигимде жаңырып турат. Музыкасыз жашоомду элестете албайм. Ар түрдүү ырларды угам. Мисалы, «The Beatles» тобунун, Крис Ри, Майкл Жексондун ырларын жактырам. Ал эми кыргыз ырчыларынан Ильяз Абдыразаковдун айрым ырларын угуп калам.
Жаштарга кошулуп түнкү клубдарга барып бийлегим келет, бирок мени менен чогуу бара турган адам жок. Былтыр бирөөлөр менен атайын түнкү клубга бардым, мага жакты. Досторумдун көбү 25 жаштын тегерегиндеги жигиттер. Өзүм курактуу досторум каза болуп калышкан. Картайсам да өзүмдү жаш сезем.
– Үй-бүлөңүз барбы? Сиздин кийинүү стилиңизге жакындарыңыздын көз карашы кандай?
– Учурда жеке ишкерлик менен алектенем. Үй-бүлөлүүмүн, келинчегим немис улутунан. 3 кыз, 2 уулум бар. Туугандарым, балдарым менин мындай модалуу кийингенимди макташат. Кыздарыма, балдарыма акыркы модадагы кийимдерди өзүм тандап сатып берем.
"Кыргыз үчүн ак калпак ар дайым мода деп эсептейм"
Асхат Субанбеков
koom@super.kg