Арстанбек Абдылдаев, «Эл үчүн» партиясынын лидери: «УЛУУ КЫРГЫЗ ТАБИЯТТЫ СЫЙЫНЫП ЖЕТЕКТЕЙТ, АДАМЗАТТЫ АРУУЛАНТЫП БИРИКТИРЕТ»

Кыргызчылык, теңирчилик – дин эмес. Кайыптан келген, нурдан түшкөн улуу, түгөнбөс, теңдешсиз аяндар, кабарлар. Акырет, теңир сырлары, нур дүйнөнүн түпкү нускасы. Кыргызчылык – дүйнө тааным же аалам таануу. Кыргызчылык, теңирчилик – бул ааламдагы жылдыздар менен кыргыздардын мыйзамы. Кыргызчылык бүтпөс дастан. Башка улутта еврейчилик, орусчулук, англисчилик, кытайчылык, жапанчылык деген дүйнө тааным жок.

«КЫРГЫЗЧЫЛЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?»
– Кыргыз элинин башка дүйнө элдеринен өзгөчөлүгү – кыргызчылыгында. Себеби кыргыздар ааламга, башкача айтканда, асманга жакын тоодо, боз үйдө төрөлүп, күндүн эң таза,
касиеттүү энергиясын алып, ата-бабаларыбыздын үчүнчү көзү ачылып, олуялык касиетке ээ болуп, ааламдан, кайыптан жүздөгөн жыл алдыда боло турган кабар, окуяларды айткан.
Кайып илим кат сабаты жок теңирдин сүйгөн пендесине берилет.
Кыргыздар тоодо, боз үйдө жашап, жүрөгүнүн актыгынан, дилинин тазалыгынан, пейилинин кенендигинен ааламдык мыйзамды салтына сиңирип жашап, табиятты, өсүмдүктү, чөптү да жаны бар деп аяп, мал-жандыкка кол караган макулук деп мамиле жасаган. Суу атасы булактын, үйдүн, мазардын ээси бар деп аларды сыйлап, ой аркылуу сүйлөшүп, мамиле түзө билген. Мал-жандыктын пири бар деген. Азыр дүйнө илимпоздору далилденген параллель дүйнөнүн, арбайлардын, периштелердин (көзгө көрүнбөгөн) бар экендиги кыргыздар үчүн кадимки эле жашоо-турмуш болгон. Үңкүрдүн ээси, булактын ээси, мазардын ээси көрүнүптүр деген сөздөрдү ата-бабаларыбыз укканда көрүндү да, алар бар нерсе, мамиле түзө билиш керек деп коюшкан. Алардын бар экенин далилдесең ишенем деген ой-кыялдарына да келбеген. Анткени аларды далилдөөгө адамдардын акылы алсыз экендигин ата-бабалар көкүрөгү менен туя билген.
Ошондуктан кыргыздар «көкүрөгүң сокур болгон соң көзүң көрүп эмне кылсын» дешкен, башкача айтканда, көзүңө ишенбе, көкүрөгүңө, ички сезимиңе ишен дегендик. Дүйнөнү Көкө Теңир башкарат, баарына кам көрөт, эмне жасайм десе бир теңир өзү билет деп бир гана теңирге эч кандай ортомчусу (пайгамбары) жок эле ар ким түшүнүгүнө, ишеничине карап түз эле байланышкан. Отурган жеринде ак тилегин тилеп, бата берип, бата алышкан. Кыргызчылык – ааламдык мыйзам менен жердеги жашоону байланыштыруучу кесип, касиет. Бул касиет теңир сүйгөн пендесине белгилүү жашта берилет. Ал кесипти каалабаса, теңир кырсыктатып, оорутуп, зордоп, этап менен тарбиялап жолго салат. Түшүнбөсө оор тагдыр буйруйт. Кыргызчылыгың бар экен деген сөздүн мааниси ушунда.
Кыргызчылык өтө оор түйшүктү, сабырдуулукту талап кылат.
Жаратылыштагы бардык нерселердин ээси, пири бир теңирдин башкаруусунда өз милдет-кызматын аткарышат. Жаратылыштагы жандуулар да, жансыздар да адамдарга пайдалануу үчүн берилген. Насипти абаны, сууну да (бекер болсо да) ар бир пендеге ченеп берет. Пендечилик өмүрү бүтүп, дене кутуча өлүп, жаны (руху) ааламга кетерин кыргыздар терең түшүнгөн. Чымындай жаны чыркырап кетти деп жанды аяган. Жан теңирдин ак нурунан жаралат. Жандын ээси жанды кандай сактады? Жаркыраган нур абалында аруулап сактадыбы же карайтып жабыркатып ажалдын колуна бердиби? Карайган жан ааламга барып кандай күн көрдү? Ал эми агарган алтын сымал нурдуу жандын ааламдагы жашоосун акыреттик жашоо деп коёт. Адамдын эң негизги милдети – акыреттик жашоого жанын (рухун) даярдоо.Ошондуктан жандын баркына жетүү керек деп коёт карыялар. Акыйкатта жашоочу ак нурдай жанды ак пейилиң, ак жүрөгүң, ак дилиң, ак оюң, адал эмгегиң, жандууларга, жансыздарга көрсөткөн мамилең, адамдарга кылган жакшылыгың менен жанды акактай таза сактай аласың.
Ошондуктан, кыргыздар, пейилиңди оңдо, пейилиңден табасың, жамандыгың да, жакшылыгың да теңириме белгилүү. Бардык нерсенин кайтарымы бар, жамандык жасасаң өзүңө. Атанын күнөөсү үчүн балдарын кармайт. Кесирим тиет деп күнөө жасабагын. Ааламдык мыйзамдын баары кыргыздын салтында сакталып, канына сиңип, ырымда колдонулган. Ата салтын падышанын да бузууга акысы жок, салтты бузуу ааламдын мыйзамын бузган менен барабар. Элге жакпасаң, анда Кудайга да жакпайсың деген. Кыргыз эли салтын сактап, теңирге жагып, дүйнө элине таанылып келет. Демек, салт – бул кыргызчылык, теңирчилик. Кыргыздын улуулугу салтында, сын-сыпатында байкалып турган. «Кыздын кырк чачы улуу» деп кыздарын кадырлап сыйлайт. «Аял үйдүн чырагы, аял дүйнө элинин түзүүчүсү» деп аялдарга өтө жогору баа берген. Ал эми көп элдерде аялды адам деп эсептебей кордогон, мындай мамиле теңирге жакпайт, ааламдык мыйзамда адамды кордоо жок. Теңир үчүн аял да, эркек да, кыз да, уул да бир Кудайдын сүйгөн пендеси. Теңир – тегиз деген ошол.
«Улук болсоң кичик бол, жакшы болсоң жатык бол», «улууну урматта, кичүүнү ызаатта», «чөптү кордосоң көзгө саят» жана башка өтө жөнөкөй, бирок улуу мыйзам менен кыргызчылык жашап келген. Себеби теңирим өзү жашоо үчүн жан берген, өзү жараткан жансыздардын кимдир бирөө тарабынан кор болушун, тебеленип жок болуусун каалабайт. Арча-карагай, бак-теректерди кыйгандарды, аркар-кийиктерди ашык аткандарды, учак менен куугандарды теңирим өз жазасын берет. Кыргыздар «Кожожаш» аркылуу аалам мыйзамына каршы болсоң аскада каласың» деп урпактарына ыр ырдап, кан какшап тарбия берген. Ошондуктан кыргыз эли көрктүү карагай черлүү тоодо жашаса да, чырпыкты кыйбай как отун жагышкан. «Таш бергенге аш бер», «атаңды өлтүргөнгө энеңди бер», «кек сактабай кең пейил бол», «ач көз болуп элди алдаба» деп урпактарын тарбиялап теңирге жаккан. Көпкөлөң тарткандарды көргөндө «ой, Кудай сактасын, өзүнөн кетип калыптыр» деп карыяларыбыз ал пенденин келечегинен күмөн санашкан. Андайларды теңир кырсыктатып, оор тагдыр буйруганда, «көкүрөгү көк тиреп Кудайын тааныбай, эч кимди теңине албай калды эле, пейилинен тапты» дешип же балдары кырсыкка чалынса, «атасынын кесири тийди, өзүнүн кара башына көрүнүш керек эле» деп баланы аяшкан. Демек, улуу урпактар ааламдык мыйзамды терең түшүнгөн. Кыргыз жан сактоо үчүн жаралбайт, милдет, кызмат үчүн жаралат (пендече жашап өтүү мүмкүн эмес). Түш, аян, белги, касиет берилсе, сөзсүз аткаруу керек. Ал теңирдин берген кесиби жана насиби. Мисалы: баатырдык, манасчылык, башкаруучулук ж.б.
Азыр арбайларга, мазар ээлерине, пирлерге ишенген кыргыздар аз. Байлык, бийлик үчүн баш алган доор башталгандан бери кыргыздар байлыкка башын байлап, ач көздүгү ашынып, байлык, бийлик талаш, жер, суу, пул талашка берилди. Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар болуп ааламдык мыйзамды, кыргызчылыкты, теңирчиликтин теңдик мыйзамын унутту. Дүйнө элдери жүздөгөн китептерди окуп, Кудайдын бар экенине ишенип сыйынууну баштаса, кыргыздар көз ирмемде түш, аян алып, ишеними күчөп, манасчы, ырчы, жана башка касиет берилип, көкүрөгүнө сактап айтышкан. Элдик оозеки адабияты деп кийинки мезгилде гана кагазга түшүрүлгөн (пайгамбарларга оозеки илим берилген сыяктуу).

«ТАБИГЫЙ ИЛИМ – БУЛ БАЙЛЫК»
– Аалам табышмактуу, адам табышмактуу, аалам сырдуу, адам сырдуу. Аалам өнүгөт, өркүндөйт. Адам баласы да бир эволюциядан экинчи эволюцияга өркүндөп өсөт. От доорундагы (отту жаңы тапкан кездеги) адамдар менен азыркыларды салыштыруу мүмкүн эмес. Ал доордо адамдын денеси 4-6 метр болсо, азыр дүйнөдөгү эң узун адам 2,5 метрге жетпейт. Ойлорунда да асман менен жердей айырма бар. Бар болгону 12 мүчөсү өзгөрбөй, толук сакталып калды. Адам баласы касиети, ак ою менен өзүн-өзү өркүндөтүп өстүрүп, сырдуу дүйнөнүн сырын ачууга, сыйкырдуулар менен сырдашууга толук жөндөмдүү. Адам өзү сырдуу, сыйкырдуу касиетке ээ. Ал адамдын аракетинен, теңирге ишениминен, эмгегинен өркүндөп өсүү өзүнөн.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан, Наполеон, Македонский деген баатырлар чыккан, бирок ал улуттарга Чыңгыз хан жана башка деп ааламдан байланыш түшпөйт. Ааламдан «Манас» эпосу кыргыздын байыркылыгын, улуулугун, тарыхын кыскачараак чагылдырса, кыргыз элинин жан дүйнөсү ааламга жарактуу жөнөкөй болгондуктан касиеттүү ХXI кылымдын мыйзамдары, Алтын доор аяндары кыргыз элине бүгүнкү күндө ар тараптан берилүүдө. Кудай өзү касиеттүү, карапайым. Касиеттүү кабарларды карапайым элге берүүдө.
Табият жаралганда бейиш болгон, адам жаралганда жаратуучулук касиетке ээ болгон. Жаратуучулукту туура пайдалана албай, ошол сезимдерин өчүрүп, жалган дүйнөдөгү майда тиричиликке багынып, ак-кара, жаман-жакшы (Инь-Янь) болуп кыйраган. Ошондо Кудай кыйраган чөйрөгө дин берген. Дин – ак жол, Кудай, ыйман деген азаптарды адамдын башына топтоду. Бул адамдын адашкан акыбалында дагы ушул сыяктуу азаптар пайда болду. Мисалы: саясат, бийлик, байлык, курал, түрдүү түйшүктөр табиятты талкалады, адамдын жашын азайтып, боюн кыскартты. Кыш адамдын кырс мүнөзүнөн пайда болгон. Жаңы доордо инсандар пендечиликтен чыгып, адам этап, теңир этап (жаратуучулук) деңгээлге жетет, теңир башат Күн башатка кайтат. Ата-бабалар калтырып кеткен таш бетиндеги Күн баштардын сүрөтүн адамзат эң негизги формуласы катары эсептейт. Адамзаттын бош жаткан кара куш мээси ишке түшүп жаратуучулук иштеп баштайт. Канча бир жыл окумуштуулардын, (орустун, батыштын) саясатчыларынын ойлоп тапкан табылма илими менен адамзат жашап келди. Табылма илим бүттү. ХХI кылымдагы теңирдин табигый илимине кыргыз элинин гана жан дүйнөсү жарактуу болгондуктан, дүйнө эли кыргыз элине биригип, табигый илим менен жанын сактап калат. Бүгүн кылмышкер, кул, жетим аталган кыргыз эртең дүйнөгө башчы болот. Каражаттуу мамлекеттер кыйрайт, касиеттүү кыргыз эли дүйнөгө үлгү болот. Бул илим Кудайдын эле жол жобосу, кудурети, ааламдык илимге ишенбесең, илдеттен, азаптан арылбайсың. ХХI кылымда теңир кабары урпактарга буйрулгандан тартып, эски замандагы адам эркиндиги жоюлду. Теңир күчтөрү күн өткөн сайын ар тараптан кысып, кылым мыйзамы күчөп, адам акылы эч бир негизги нерселерди чече да, жетектей да, токтото да албай калды. Илим, касиет түшүргөндөн кийин Кудай бийликтин мыйзамын чектеп, байдын кутун учурду. Күнүмдүк жашоодо электр энергиясы кандай керек болсо, ааламдан түшкөн теңирдин мыйзамы жаңы доордо жашоо үчүн адамзатка ошондой керек. Электр энергия ГЭСтен, ТЭЦтен даярдалып чыкса, адамзаттын энергиясы – ааламда, абада, табигый илимде. Аба – бул воз-дух. Духов возит. Аба, Дух, Кудай, Арбай көзгө көрүнбөйт, бирок жашообузга кадам сайын кийлигишет, көзөмөлдөйт. Абасыз жашоо жок.
Ар инсан ички жан дүйнөсүн жаңы заманга калыптандырып жашоо үчүн касиеттүү ХХI кылымдагы аалам кабары, табигый илим гана жалгыз аяк жол болуп берет. Бүгүнкү күндө адамдар бай болсок деп ойлошот. Байлыкты берсе кубанат, көйрөңдөнөт, көпкөлөң тартат, элден өзүн бийик сезет. Теңир адам кежирленгенде, кесирленгенде, байлыгын, бийлигин алып коёт. Ойлонот, кейийт, энергиясы, касиети өзүн жейт, оорулуу болуп калат. Улуу кыргыз айткандай, «байлык колуңдагы муз, эрип кетет, бийлик ийиниңдеги куш, учуп кетет».
Ошондуктан пендечилик жашоону, байлык, бийликти өз орду, чеги менен тутунгула. ХXI кылымда байлык-бийликтин орду чындык менен алмашты. Байлыгыңар – бул табигый илим. Бийлигиңер – бул илимди колдонуу, жаратуу, ырахаттануу. Табигый илимди алып адашкан багытыңардан кайтып, айыкпас дартыңардан арылып, ооматыңарды оодарып алгыла. Кимдин көкүрөгүндө бакыт болсо, ал бактылуу. Кимдин көкүрөгү бай болсо, ал бай. Кимдин жан дүйнөсү жарды болсо, ал оорулуу. Пендечиликтен чыгып, адам болуш өтө оор. Табигый илимди алып, аткарып адам этап, теңир этап жаратуучулука жетишкиле. Демек, эскиче саясат, элди алдоо, убакыт коротуу, ар кандай агым диндер, пендече жашоо бүттү.

«АЛГАЧКЫ ЖОЛ, УЛУУ ЖОЛДУ КӨРСӨТҮҮЧҮ ЖОЛ»
– А тамгасын үйрөнгөнүң, илимге карай алгачкы жолуң. Ак никелешкен күнүң, жашоого алган багытың. Тун балаңдын төрөлүшү, урпакты улантып ата жолун баштаганың, ата-энеңден бөлүнгөн күнүң, жашоо үчүн күрөштүн башталышы. Уулуңду үйлөгөн күнүң улуу жолду баштаганың, себеби урпакты улантуучу улуу жол. Кыз узатканың достук жолун баштаганың. Себеби кыздар жат элге турмушка чыгып, жаңы кыяматтык дос деп аталып, бир туугандык жакындашуу жолу башталат. Неберелүү болушуң сенин урпактарыңдын көбөйүшүн көрсөтүүчү жол. Эмгегиң менен эл үчүн жарыкта изиң калса, уул-кызың ата жолун жолдойт. Улуу көч кайда кетсе, улантуучулар да ошол жолго кетет. Ошентип улуу кыргыз эли жол баштаса, доорго, коомго байлык, дөөлөт келип, урпактын келечеги Улуу Жибек Жолундай бактылуу болот. Улуулардан из калса урпактары баалап, барктап келет. Ошентип улуу жолдун башталышы улууларга көз каранды. Улуулардын жолун да урпактар таразага салып улантат. Ошондуктан улуулукка жетүү кыйын, улуу жолду баштоо кыйын. Эл баштап алга кетүү кыйын. Эл сынынан өтүү кыйын, эркиндикке жетүү кыйын. Эл энчисин берүү кыйын. Болуп турган убакта улуу кыргыз элине ааламдашуу (глобализация) мыйзамы көктөн буйрулууда.
Улуу чындыкты мен бүгүнкү күндөгү түшүнүгүм менен чечмелеп, иреттеп бердим. Өзөгүм өскөнүнө жараша кабарлар, сунуштар жазылууда. Менин, бирөөлөрдүн, өзгөчөлөрдүн кемчилигин айтып сындабагыла, өзгөнүн жетишпестигин өзүңдөн издеп, өзүңдү сындасаң өзүңө келип жаткан сыноолор, кырсыктар касиет болуп жолугат. Кудай, улуу күчтөр жерге түшүп сени жазалабайт, бирөөнү кийип алып жазалайт. Кинодо терс каарманды бирөө ойногондой. Ишиң жүрбөсө ички жан дүйнөңдөн изде. Адамдын психологиясы жеке менчикке же айбанча өнүгүп калган мезгилде улуу чындык илими сиздерди көр оозунан сууруп алат. Адамзат багытын жоготкондо, Көкө Теңир ар тараптан кырсыктырып калганда, адамзатты агартуудан, адамдын жашоого жаралуу максатын тааныткандан, теңирдин мыйзамын жеткиргенден башка улуу иш жок. Адамзат материалдык өткөөлдөн өттү. Эми психологиялык өткөөлдөн өтөт.

Табигый илимдин китеп жыйнактары
боюнча телефондор: 0550-12-96-96; 0775-988-188.

Интернет баракча: (Facebook) Арстанбек Абдылдаев
Табигый илимдин уландысы бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
belka
2014-11-03 12:58:02
Бул кишини башында сыйлап журупмун, ХХХ го.
0
admin_superstan
2014-11-04 09:56:57
belka, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
KURSHAB
2014-11-03 14:31:37
зима не будет короче...
-1
aminali
2014-11-03 15:55:27
Men koshulam aitkan pikirlerine.Uwu zima ne budget degenonerdi toktotkulachy anyn da oz maanisi bar!
-2
Ulik82
2014-11-03 16:59:06
Ушу кишиге ушунчалык кунт койсомда.эч тушуно албайм чынында.асмандан кут тушуп мен оз колум менен кармадым дегенде эле тунулгом.
+2
umar92
2014-11-03 23:07:39
бул кандай неме алла менен пайгамбарларга шек келтирген пикирине кошулам деп ширт болуп кетпегиле
+4
Samarbek-Nurelim
2014-11-04 01:11:34
Ээ Аллахым,ыйман бере кор ушул пендене. Адамдарды туура жолдон адаштырып эле,баш аламан кылып журот. Озу тушунот бекен айтып аткан созуно
+2
Kuali
2014-11-04 10:51:02
илгертен бери эле ата-бабаларыбыз мусулманчылыкты эле тутунуп келишкен мисалы Манас эпосунда,Дордой базарда лотерия саткан байке бар кыргызчылыкты тутунат суйлошуп отурсам Асман кыргыздыкы дейт Озбектстандагы Асманчы десем Озбектики дейт тобоо ушул дагы акылга сыяабы Аллаха шерик кошкон чоон куноолордон болот туугандар!
0
admin_superstan
2014-11-04 11:30:03
Kuali, Nur_meerim, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_superstan
2014-11-04 11:30:35
Kuali, эскертүү!
Nur_meerim, эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
0
kalpakkg
2014-11-06 09:58:02
Кудайым ургур теңирчи, ушулардыкы өттү баарынан да
0
aibars
2014-11-06 11:24:22
Emne degen shumdyk??? Ushul nerselerdi aitkandan uialbaiby? Allah bir jana bashka tengir jok.
0
admin_superstan
2014-11-06 11:29:28
suyor, мазактоодон алыс болуңуз!
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан