– Азыр техниканын заманы эмеспи. Интернет-банкинг тууралуу көп угам. Бирок кеңири түшүнүгүм жок. Кадимки банктардан эмне айырмасы бар?
Жылдыз, Нарын шаары
– Интернет-банкинг кызматы кардарларга үйүнөн же кеңсесинен чыкпастан жана дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун банкта ачылган эсебин алыста туруп башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Айрым банктар интернет-банкинг аркылуу «Тез төлөм» кызматтарын ишке киргизген. Мындай кызмат аркылуу уюлдук телефонго бирдик жүктөө, коммуналдык кызмат акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн пайдалана аласыз.
Сиздердин суроолоруңуздарга «Бай Түшүм» банкынын кардарлар менен иштөө боюнча башкы адиси АИЗА САВУТОВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.