– Мен Орусияда иштейм. Тапкан акчамды чогултуп үй сатып алайын десем, акча суу дегендей иштелип кете берет. Менин банктарга аманат ачуу боюнча түшүнүгүм жок. Орусияда туруп Кыргызстандагы банктарга аманат ачсам болобу? Кандай документтер керек?
Ырыс, Москва шаары
– Эгер сиз Орусияда болсоңуз аманат ачуу үчүн бул жакка келишиңиз шарт эмес. Ишеним көрсөткөн жакындарыңыз болсо, сиздин атыңыздан банктан эсеп ачып койсо болот. Бул үчүн паспортуңуздун көчүрмөсү жана сиз берген ишеним кагазы, ишеним көрсөткөн адамдын паспорту болушу зарыл.