– Абышкамдын көзү өткөндөн бери жалгыз бой турам. Алган пенсиям айлык керектөөмдөн ашып калат. Ашкан каражатымды банкка сактайын дегем. Эгерде менин көзүм өтүп кетсе, чогулган акча кайда калат? Менин мурас кылып таштап кетчү жакындарым жок.
Зейне, Ош шаары
– Пенсия жашындагы адамдар да банктарга атайын аманат ачып, кошумча киреше алса болот. Кээ бир банктар жалгыз бой адамдар менен аманат ачарда келишим түзүшөт. Эгерде сиздин аманат ачуу оюңузда болсо, ошондой банктар менен келишим түзүп алсаңыз болот. Кокусунан жарыкчылыктан өтүп кетсеңиз, сиздин акыркы сапарга узатуу зыйнатыңызды өткөзүп же сиз келишимде көрсөткөн нерсеге жумшайт.
Сиздердин суроолоруңуздарга «Бай Түшүм» банкынын кардарлар менен иштөө боюнча башкы адиси АИЗА САВУТОВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.