САГЫНГАНДА ЖЫТЫҢЫЗДЫ...

Эчен жылдар өттү, бирок мен бир адамды такыр унута албайм. Мезгил дарылайт дешет, бирок кусалыгым убакыттын өтүшү менен күчөп келет. Ийгиликке жетсем анын мээрими төгүлгөн алаканы дагы деле далымдан таптап, турмушта жыгылсам колтугумдан сүйөп, ыйласам көз жашымды аарчыгандай сезилет.
Кусалыгымдын ээси менин апам! Эсиңиздеби, апа, мен биринчи жолу диплом алып келгеним. Экөөбүздүн кичинекей батирибиз тим эле бапырап, кирген- чыккандын баарына менин кызыл дипломумду көрсөтүп мактангансыз. Көзүңүздөн сыймыктын, кубанычтын, жеңиштин шамы жанып турган. Албетте, менин ийгилигим сиздин жеңишиңиз болчу, апа! Каардуу кайненеңиздин кордугуна чыдабай, эрки бош, аялына аялдай, энесине энедей мамиле жасай албаган күйөөңүздүн боштугуна жаныңыз кашайып, төрт айлык мени колтугуңузга катып чыккандан баштап татаал жолуңуз башталган.
Канчалык кыйналсаңыз да мени бир жолу кийими жыртык же курсагы ач койбодуңуз. Классымда эң жакшы окуган, эң жакшы кийинген бала элем. Анткени мен сиздин көзүңүздөгү жеңишти ар дайым көргүм келчү, сиздин бекер күрөшпөгөнүңүздү далилдегим келчү. Асылым, мен деп жүрүп турмушка да чыкпай койдуңуз. Эс тартып калганда биздин турмушубузда, тагыраагы, сиздин жашооңузда бир «кара шляпачан адам» пайда болду. Мен анын атын билчү эмес элем, ошон үчүн ушундай атап алгам. Ал адамды жакшы көрөрүңүздү сезип туруп акмактык кылгам, апа. Кечириңиз мени! Балалык сезим менен «атам да жок болсо, апам эми муну менен алаксып кетсе, мен эмне кылам?» деген коркунучтан улам экөөңөрдүн ортоңорго от жага бердим.
– Апа, тигиниңиз мени коюп ийди,- дейм калп эле үңүлдөп.
– Ок, антчү эмес эле. Качан?
– Сиз жокто...
Кыз бала болсом, балким, мен ал адам менен табышып кетет белем, бирок экөөбүз апамды бөлүшө албай койдук. Ал бир күнү кийим-кечесин жыйнап кетип калды. Ошол түнү мага билгизбей жаздыкка бетиңизди басып буулугуп ыйладыңыз. Томсоро эшикти карап кимдир бирөөнү күткөнүңүздү сезип жүрдүм, акыры үмүтүңүз үзүлдү. Сиздин чыныгы сүйүүңүз ошол адам болгонун кийин жигит болгондо түшүндүм, бирок кеч эле.
Эр жетип, чоңоюп окууга тапшырдым, диплом колума тийип, жакшы жумушка орноштум. Бир күнү жумуштан кирип келе жатсам кошуна эже менен сүйлөшүп отурган экенсиз, бутумду чечип атканда эле эженин сөзү кулагыма шак этти.
– Эркинге айтсаңызчы, эже, ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат.
– Эркин жаңы эле жумушка кирди. Мага алаксып иштей албай калат. Азыр айта албайм.
– Мындай оору менен көпкө бара албайсыз...
Артка шарт бурула чыгып чуркап жөнөдүм. Бир кезде ээн жерге жетип жыгылып түшүп, жаш балача ыйлап жаттым. Биринчи жолу жаш баладай ыйладым. Кечке маал үйгө келсем кабатырланып жаткан экенсиз, жарк эте тосуп алдыңыз.
– Эркин, кайда жүрдүң?
– Апа-а...
Оозума башка сөз келбей кучактап алдым.
– Кантет? Койчу, балам, анчалык эмне болду? Өңүң кантет?- дедиңиз чочулап.
– Апа, сизди өзүм айыктырып алам...
– Берекем, мен айыгам, сөзсүз айыгам.
Эрдиңиз кеберсип турса да мени жоошуттуңуз. Тобо, ушуга чейин сиздин акыбалыңызды билбей жүргөн өзүмө таң калдым. Сиз менин кандай дем алып, кандай маанай менен келип, кандай тамак жегенимден бери байкачусуз. Эх, апа, сиздин улуулугуңуз ушунда тура.
Ушул күндөн баштап апамдын ден соолугу үчүн жан үрөдүм. Күнүнө 2-3 эле саат уктайм, кээде жумуштан көзүм илинип кетет. Сиздин операцияңызга жете турган акчаны топтоп, үйгө жетине албай кубанып келе жаткам. Кирип келип босогодон адатымча «апа, мен келдим» деп кыйкырдым. Төркү үйгө кирсем апам жатчу жай бош, жүрөгүм шуу дей түштү. Кошунадан сурасам «Тез жардам» менен алып кетишкенин айтты. Дароо жетип бардым.
– Апа, мен келдим, акча жетет. Таптым акчаны, жакшы болуп кетесиз.
Апам алсырап жаткан экен, менин үнүмдү угуп акырын колумду кысты.
– Акырын, балам, кыйкырба... Угуп атам.
– Апа, мени таштаба, сизден башка кимим бар?
– Эркин, атаңды издеп тап! Жалгыз калба, балам. Үйдө дарек жазган дептерде атаңдын дареги бар...
– Барбайм, издебейм, апа!
–Атаңда күнөө жок,болгону апасынын оюнан чыга албай калды. Үйлөнүп, балалуу болуптур, бир туугандарыңды тап...
Оор операциядан чыга албай калдыңыз. Боздоп кала бердим. Азыр ишим, үйүм, акылдуу келинчегим, 5 балам бар. Бир гана менин жашоомдо сиздин ордуңуз аңгырап бош. Жытыңызды сагындым, апа! Мен сиз каалагандай адам болдум, бирок сиз каалагандай кечиримдүү боло албай койдум. Мени кечириңиз, апа!

Эркин
Асия Алиева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
nuraaltyn
2014-11-03 18:18:45
Аллахым апаларга ден соолук бере кор!
0
assss
2014-11-04 02:15:00
атам апамын омуру узун болсун баардын энелер оорубасын
0
Ariet7
2014-11-04 03:29:36
Кудайым ай узуе омур бере корчу баарыбызга.Ыйлатты го((((
0
volk.kg
2014-11-04 12:24:39
Eneler kanday gana uluu almawkys zat. Baardyk apalar omurluu, baktyluu boluwsun.
0
aibars
2014-11-05 11:48:00
Azyr men chet mamalekette jurom ata apa ekoonyzdordy teng sagyndym. Sizderdi cheksiz tuboluk suiom.
0
jama9210
2014-11-05 13:58:39
Ыйладым окуп алып:'(((((( апамды сагынып кеттим эки кун жумушта болсом аябай сагынып кетем ((( уйго бараарым мн экообуз суйлошуп отура беребиз апаке коп жашаныз буюрса мен сизди айыктырам жаным апаке*(
0
suiuktuujar
2014-11-05 19:00:12
бир кем дунуйо деген ушулда биринде ата биринде эне бирондо бала жок айрымдарында учоо тен бар бирок сый урмат жок ар бирибиз ата энебизди козу тируусундо сыйлап алалы
+1
Aidana91
2014-11-05 19:58:28
Менин да апам жок. Огойапам жакында эле тороду. КАНДАЙ ГАНА ООР ЖАШОО. Апасы жоктор сабыр тилейм. Силер да бироонун апасы,атасысынар.
0
Aizurok
2014-11-05 21:32:53
Менинда АПАКЕМ жок бизди таштап кеткенине кооп болду . Менда сагындым АПАКЕМ
0
matteraza
2014-11-07 17:03:28
эркек балдардын кобу еле эненин баркын билишпейт уйлонгондон кийин енесин тез еле унутуп коет Эненин баркын билгендер аз козу откондо гана окунуп калат екен Ошондуктан ойлонгула мусулмандар
0
abdykadyr
2014-11-08 05:16:57
Арман,арман.Ата-эне өтүп кеткенден кийин арманда кала берет экенсиң.
0
Milana.
2014-11-10 06:22:34
Апалар аман болсунчу...
0
gulperi92
2014-11-12 19:20:35
Ээх апаларыбызга Кудайым узуун омур бере кор.
0
nuri1972
2014-11-25 16:06:03
Апа деген сөз алтын,жанында болсон бактылуусун
ападан айрыбасын.көзү барда урмат кылалы,ангеме түйшүктуу экен.
0
Kani77
2014-12-10 03:23:47
Апа деген создун озу кандай керемет,менда апама зармын.
0
№ 626, 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан