Кара өрүк же болбосо айрым аймактарда кайналы деп аталган бул өсүмдүк август айынын орто ченинен тартып быша баштайт. Кара өрүк өстүргөндөрдөн дүңүнөн сатып алып кургатып, аздыр-көптүр тыйын-тыпыр топтоого жетишкендер да бар.
«БЫЛТЫР БАШТАГАН ИШИМДИН ПАЙДАСЫН БЫЙЫЛ КӨРДҮМ»
Аксы районунун Торук айылынын тургуну АЛИМЫРЗА АСКАРОВ кара өрүктү дүңүнөн сатып алып бизнес кылат:
– Биз кара өрүктү кайналы дейбиз. Бул жакта кайналы көп өсөт, ошондуктан кайналы бизнеси жакшы тараган. Мен дагы былтыр ушул бизнести баштаган элем. Бирок түшүм жакшы болбой, пайдасы аз болуп калган. Быйыл гана көзгө көрүнөрлүк пайда таап отурам. Мындан дагы көп киреше тапмакмын, иш кызып жаткан учурда үйүм өрттөнүп кетип, кайналы кабыл алууну убактылуу токтотуп коюуга туура келди. Азыркы тапкан кирешеме нааразы эмесмин. Кышкыга көмүр алдым, үйдөгү майда-бараттын баарына жетти, кыскасы, кышкыга даярбыз.
«КАБЫЛ АЛУУНУН 2 ТҮРҮ БАР»
– Алгач айылдарды аралап, кимдин короосунда кара өрүк болсо үйдүн кожоюну менен сүйлөшүп, эгерде өзүбүз кол менен терип беребиз десе, атайын жашиктерди таштап кетебиз. Анда 1 килограмм мөмөгө 18 сомдон төлөнөт. Кээ бирөөлөр терип бергенден эринишет, алардын кара өрүгүн өзүбүз барып күүп, терип алабыз. Мындай учурда 12 сомдон төлөйбүз. Үй-бүлөлүк бизнес болгондуктан, кара өрүктү теришүүгө тууган-уруктар жардамдашып, көп чыгаша болгон жокмун.
Кара өрүктү Аксынын эле айылдарынан алдым. Байкашымча, ар бир айылдын ортосунда бышуу убактысы боюнча 20 күндөй айырма болот экен.
«БИЗДИН КУРГАТЫЛГАН КАРА ӨРҮКТӨР ЧЕТ ЭЛДЕРГЕ КЕТЕТ»
– Быйыл жалпысынан 3,5 тонна кара өрүк сатып алдым. Адамдарды жалдап, 50 килограмм кара өрүктү данегинен тазалап, кургатып бергендиги үчүн 150 сомдон төлөдүм. Кургатканда үйдүн чатырларына чейин кара өрүк болуп кетет, темир тунукенин баары толот. 10 килограмм кара өрүктү кургатканда 3 килограмм болот. Эгер мөмө эттүү болсо, 4 килограмм болушу мүмкүн. Кара өрүктүн кургашы күндүн ысыганынан көз каранды. Орто эсеп менен 3-5 күндө кургайт. Кургатылган мөмөнү капка салып, нымдуу эмес жерге сактайбыз же мүшөккө салып, атайын жел жакшы өтчү жерлерге илип койсо болот. Ошентип 3, 5 тоннанын баарын кургатканымда 1050 килограмм как түштү.
Бизде шаршемби жана жума күндөрү чоң базар болот. Ал күндөрү айыл элинин баары базарга чыгат. Андайда мүшөк-мүшөк кылып кара өрүктү базарга алып чыгабыз. Орточо баа менен 100 сомдон жогору сатабыз. Бирок быйыл дүңүнөн 92 сомдон сатып жибериптирмин. Азыр болсо кургатылган кара өрүктүн баасы 132 сомго көтөрүлдү. Кээде бизден кургатылган кайналыны сатып алып Баткенге алып кеткендер болот, андан ары Тажикстанга жана башка өлкөлөргө алып кетишет экен.
ЧЫГАША ЖАНА КИРЕШЕ
Чыгымдар:
Сатып алууга – 42 000 сом
Бензинге – 2000 сом
Кургатууга –10 500 сом
Жашикке – 10 000 сом
3,5 тоннадан 1050 килограмм кургатылган кара өрүк түштү, аны 92 сомдон сатканда
96 600 сом болду.
Киреше – 96 600 сом
Чыгым – 64 500 сом
96 600-64 500 = 32 100
Таза киреше – 32 100 сом
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg