Бир жылдары сахнада секире бийлеп ырдаган Алихан деген ырчы бар эле. Ал үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыктан оолактап, продюсери Канат Култаевден кетип, жеке ишкерлик менен алектенип калган болчу. Ырчы 30-октябрь күнү кызы Ханзаадага жентек той берип, жубайы Алтынай менен көпчүлүктү тааныштырды.
Тойдо конокторду тосуп эки-жакка чуркап жүргөн бүгүнкү күндүн каармандарын кепке тартып суроолорго жооп алганга жетиштик.
– Алихан, Алтынай, жентек тоюңар кут болсун! Той деп жүрүп аябай эле чарчаган окшойсуңар?
Алихан: – Рахмат. Ооба, элге той берүү өзүнчө түйшүк эмеспи. Кызыма той берип алсам деп көптөн бери көксөп жүргөм. Бир айдан бери тойго даярдык көрүп чуркап жүрдүк. Кудай насип кылып, ушул күнгө буюруптур, апамдын, жакындарымдын жардамы менен ушул бактылуу күндө чакан тойдун күбөсү болуп отурабыз. Мурун той бергенде түйшүгү анча сезилген эмес эле. Мунусунда өзүм уюштуруп, конокторду тосуп, мал сойдурганга, устукан тартканга чуркап, айтор, кыйынчылыгын жон терим менен сезип жатам.
– Алтынай, сен да Алиханга кол кабыш кылып жатсаң керек?
Алтынай: – Албетте, утушка коюлган белектерди тандашып, көбүнчө апама (ред. кайненеси) жардам берип жаттым.
– Ата-апа болуу сезими кандай экен?
Алтынай: – Аябай жагымдуу сезим экен. Сөз менен айтып бере албайм. Бул сезимди эне болгондор эле түшүнсө керек. Кызыбыз жаңы төрөлгөндө улам-улам ишене албай карай берчүмүн. Кош бойлуу кезимде УЗИден наристебизди кыз деп айтканда Алихан анча сүйүнгөн эмес, анткени уул күтүп жаткан. Мен ага «кыз болсо жаманбы?» деп таарынып калган элем. Азыр кайдан, кызынын жанынан карыш жылбайт, аябай баласаак.
Алихан: – Кыз киши мээримдүү, күйүмдүү болот деп көп айтышат. Ошол чын болсо керек. Кызым менин жашоомду толугу менен өзгөрттү. Азыр бойдок кездегидей кечке көчөдө жүрө бербейм, үйгө эрте барганга шашам.
– Экөөңөр бири-бириңерге окшошкон жарашыктуу түгөй болупсуңар, тагдыр жолу экөөңөрдү кантип бириктирип калды?
Алихан: – Алтынайды кичинесинен тааныйм. Азамат деген агасы менен күрөшкө чогуу барып машыкчубуз. Алтынайдын атасы белгилүү машыктыруучу. Үйүнө барганда эшиктин алдында ойноп жүргөн кичинекей кыз эле, жубайым болуп калат деп такыр ойлогон эмесмин. Кийинчерээк байкасам, сулуу кыз болуп чоңоюп калыптыр. Башында ага-карындаш катары эле сүйлөшүп жүрүп, кийин ал сезимдер сүйүүгө айланып кетти.
– Алтынайдан мурун Айпери аттуу кызга үйлөнүп, бирок эки айрым жолго түшкөнүңдү билебиз...
Алихан: – Ооба, тагдыр экен, ал жубайым менен жылдызыбыз келишпей калды. Күнөө менден да кетти. «Жаштык – мастык» дегендей, өткөн өттү, кеткен кетти. Негизгиси, мен азыр бактылуумун. Мурунку жубайым абдан жакшы адам, ал тууралуу жаман сөз айта албайм, ата-энеси да алтын адамдар, анын өз бактысын таап кетишин каалайм.
– Алтынай, Алихан сени менен сүйлөшүп жүрүп башкага үйлөнүп алганы катуу тийсе керек?
Алтынай: – Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө үйлөнөлү дегенбиз, бирок менин ата-энем каршы чыгып койгон. Андан кийин Алихан үйлөнүп алды. Ооба, башында аябай жаман болуп, унута албай кыйналгам. Бирок турмушта бирде көккө учсаң, бирде жерге түшөсүң деген чын экен. Мен Алихандын ордуна өзүмдү коюп түшүнгөнгө аракет кылдым. Мурун кыз-жигит болбосок, азыр үйлөнөт белек билбейм.
Кайра табышканыбызга ыраазымын.
– Алихан сени кайсы сапаттары менен багындырып алды?
Алтынай: – Жөнөкөйлүк сапатын баалайм. Камкор ата, кызы көбүрөөк ыйлап калса эле тызылдап дарыканага чуркап калат. Дүкөнгө азык-түлүк алганы барса деле кызына бир нерсе ала келет.
– Эми чыгармачылыкка келсек. Алихан, көптөн бери тыныгууда жүрүп, кайра жаңы дем менен ырдап чыгайын деген окшойсуң?
Алихан: – Ооба, акыркы эки жылда такыр эле иштебей койдум. Себеби үй-бүлөлүк шартка, продюсеримден кеткениме байланыштуу болду. Ырчылыктан сырткары үй-бүлөмдүн чакан бизнестери бар, көбүнчө ошол жумуштар менен алаксып жүрдүм. Эми гана чыгармачылыгыма да көңүл бөлөйүн деп ыр жаздырып, клип тарттыра баштадым. Бул жылдын эсебинен 2 клип тарттырдым.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg