Нооруз Алымбаев: «КӨК ЖӨТӨЛДҮ» ЭЛ КАБЫЛ АЛБАЙ КОЁБУ ДЕП КООПТОНГОМ»

Жаңы ырчылардын катарын толуктап жакын арадан бери өзгөчө жөтөлүп ырдаган Нооруз аттуу ырчы пайда болду. Казак туугандардын элдик ырын катыра аткарган ырчы менен чогуу таанышалы.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 21-март
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району
Хоббиси – Футбол ойноо, китеп окуу
Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын кенжеси

– Кандайсың, Нооруз? Сени азыр калың аудитория толук таанып-биле бербейт. Кеп учугун өзүң туурасында баштасак...
– Биз төрт бир тууганбыз. Мен үйдүн кенжесимин. Ата-энем да таланттуу адамдар. Атам аккордеондо ойносо, апам жакшы ырдайт.

– Демек, чыгармачылыкка келип калышыңа ата-энеңдин таасири бар турбайбы, же ырдаш керек деп эле баштап калдыңбы?
– Бала кезимде ырдаганга кызыгып, ырчы болууну кыялданчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле кечелерде ырдап жүргөм. Кийинчерээк «Ак марал» бий ансамблинде бийледим.
Чоңойгондо апамдан кесиптер тууралуу сураганымда бардыгын түшүндүрүп, кандай кызмат аткарарын айтып берген. Арасынан ырчылык жагып, ушуга токтолдум.

– Анан музыкалык билим алдыңбы?
– Ооба, мектепти аяктагандан кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктадым. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда 5-курста окуп жатам.

– «Көк жөтөл» аттуу казак боордоштордун ырын кандайча ырдап калдың?
– Чыгармачыл адам болгондон кийин бир эле казанда кайнай берүү дурус эмес. Маданий алака түзүп, ар дайым изденип туруу шарт. Мен бул ырды мындан эки жыл мурун казакстандык досторумдан угуп, жактырган элем. Жөтөлгөн жери угарман үчүн кызыгуу жаратат экен. Ошол тууралуу продюсерим Канат Кадыржан менен кеңешип көрдүк. Эл кандай кабыл алат, ырдап чыксам угабы деген ойлор болду. «Ойчулдун ою бүткөнчө тобокелдин иши бүтүптүр» дегендей, акыры ырдап чыгууну туура таптым. Биз ойлогон деңгээлден да жогору кабыл алуу болду. Көпчүлүк бул ырдын аранжировкасын казактардыкы деп ойлошот. Комузду атайын домбра сыяктуу черттиргенбиз.

– Казак боордоштор биздин ырды ырдап белгилүү болуп кетти деп ич күйдүлүк кылып жаткан жокпу?
– Биринчиден, бул казак элдик ыры. Мен жаңы чыгып жаткан бир ырчынын ырын ырдап, автордук укукту тебелеп жаткан жокмун. Ошондуктан алар деле түз көз карашта болуш керек.

– Жакында балалуу болдуң. Бешик бооң бек болсун. Чакан мамлекетиң тууралуу айтып өтсөң...
– Рахмат. Жеке жашоо жөнүндө айтпай эле коёюн. Көрөрмандарым, угармандарым менин үй-бүлөмө эмес, чыгармачылыгыма кызыгат деп ойлойм.

– Башка ырларды жаздырып жатасыңбы? Же чыгармачылыгың «Көк жөтөл» менен эле чектелип турабы?
– Азыр «Көк жөтөлгө» клип тартып жатабыз. Жакында көрөрмандарга тартуулайбыз. Андан тышкары жаңы ыр жаздыруудабыз. Бул ырга өзүм обон жазам. Буга чейин обон деле жазып көрбөгөм. Өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим.

– Жарк этип жанып, кайра эле жалп этип өчкөн ырчылар көп. Өнөр секисинен өз ордуңду табарыңа ишенесиңби?
– Бир ишти баштагандан кийин аягына чыгам. Менин бала кезимден берки максатым – белгилүү ырчы болуу.

– Азыркы учурда эмне менен алексиң?
– Алты жылдан бери борборубуздагы ресторандардын биринде ырдап келем.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Көк жөтөл" менен таанылган Нооруз Алымбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
bema_bema
2014-11-11 03:49:44
Комментарийлерди окуп эле жыргап кулуп алдым
+1
Looks
2014-11-11 11:41:02
Айланайын ич ооруу деген ыр чыгарсан точно хит болот.
+1
isaasa
2014-11-11 14:17:13
Сонун эле ыр,тамак жасап жатып бийлеп да алам.
0
kunduz0702
2014-11-12 07:38:57
Jakpait
0
_KipchaK_
2014-11-12 12:26:22
Башында угуп жакшы ыр экен деп коп угуп журдум. Казактардын ыры экенин билгенден кийин жакпай калды ушул ыр. Талантын бар болсо оз ырын менен чыксан жакшы болот. Бироонун ырын ырдап алган кобубуздун эле колдон келет.
0
vip.hasret
2014-11-12 14:30:46
Yryn kochurup koigulachy
0
admin_superstan
2014-11-12 14:59:07
vip.hasret, саламатсызбы!
Ыры төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/media/useraudio/124099/
0
aminali
2014-11-13 14:11:48
Azyr e le ugup keldim,aty jaman eken birok al jaman ooru.
0
Muzik
2014-11-14 14:50:30
Казактар Кыргыздардын ырларына суктанып жетпей журушсо,ущуга окшогон таланты жоктор кайра Кыргыздарды уят кылып созмо соз ырын которуп аранжировкасын да Казактардыкы боюнча ырдап иии уят эле
-1
Muzik
2014-11-14 14:52:26
Ушуга окшогондорду Рейтингинерди тущуруп жазбай эле койгулачы Суперчилер!
0
Jumaakb
2014-11-14 16:46:19
Менда укканда эле казакча ыр экенин билип көңүлүм толбоду. Башка эле ыр менен жарып чыксаң болмок. Кантседа ийгилик.
0
kara_kulzha
2014-11-17 08:32:57
Жеке мага жаккан жок. Казактардан ыр которгонду качан токтотосунар ушу ырчылар.
0
taku0214
2014-11-21 11:02:22
Жакты. Казактар мындай ырдай алмак эмес.
0
aibek0001
2014-11-29 23:30:21
мага жакты бирок казактардын ырын билген сон жакпай калды, озун таланттын мн чыксан болмок....
0
Genar.benicio
2015-12-29 23:42:25
Зынк
0
Genar.benicio
2015-12-29 23:42:44
Зынк экен кок жотол
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан