Эркин Рыскулбеков, телеалпаруучу: «ЖАЛГЫЗДЫКТАН КОРККОНГОБУ, ЖУМУШ МЕНЕН ӨЗҮМДҮ КУРЧАП АЛГАМ»

Бул жигиттин телеканалдагы карьерасы 2008-жылы башталган. Ал ортодо ал маданий иш-чара, той, кечелер, масштабдуу концерттерди алып барып, элге аты кеңири таанылды. «2-3 жылдан кийин кыздарды тандап каламбы деп корком» деген Эркин мырзанын сахна артындагы жашоосу көпчүлүктү кызыктырса керек.

– Эркин, бизге бойдок жигиттин күнүмдүк режими кандай өтүп жатканы тууралуу айтып бербейсиңби?
– Акыркы үч айдан бери той, кече, иш-чараларга заказ көп болуп, тынбай калдым. Мисалы, күнүм 11-12лерде башталат. Тура калып өзүмдүн иштерим менен алектенем, социалдык тармактарда отурам. Эфирге даярданам. Кечки 4-5терде чакыруу менен кетем. Ал жактан үйгө келгенче эки болот. Экиден кийин уйку жок. Сыналгыны коюп, дүйнөлүк жаңылыктарды көрүп баштайм. Антпесе такыр эле деградация болуп кетем да. Ошентип түнкү 3-4төргө чейин жаңылыктарды көрүп, анан жатам. Кайра эле 12лерде турам. Ушинтип күндөрүм кайталанып өтүп жатат.

– Ушундай тыгыз режимде жүрө берип чарчап калбайсыңбы?
– Чарчоо бар. Бирок бир жагынан көнүп деле калдым. Мен үчүн шаршемби дем алыш. Анткени ал күнү эфирге чыгам. Ишенесизби, эфирден кадимкидей моокумум канып, эс ала түшөм.

– Жеке жашоого убакытты кантип табасың?
– Досторум деле менин иш графигимди түшүнүшөт. Жайында үч туулган күн болду, үчөөндө тең менин графигиме карап жылдырып белгилешти. Аларга ыраазымын. А жеке жашоодо болсо, кандай десем... Статус жок, бирок жактырган кыздар бар. Убакыттын аздыгынан, жумуштун көптүгүнөн ушундай болуп жүрөт. Бир чети ушундай жашоого көнүп деле калдым окшойт. Кээде бош болуп калсам «иштебейсиң, жалкоосуң» деп өзүмдү жей бермейим бар. Мааниси жок, пайдасыз нерсе болсо да жасашым керек, кыймылдашым керек. Же жалгыз калуудагы коркунучпу, өзүмдү толугу менен жумуштар менен курчап алып, жеке жашоого убакыт аз калып калат.

– Билишибизче, сенин досторуңдун арасында кыздар көп. Эркек менен кыз дос болбойт дегенге ишенбейсиңби?
– Ал туура эмес түшүнүк болуш керек. Себеби эркектер түшүнбөгөн майда-чүйдө көп нерселер бар. Аялзаты бизге караганда сезимтал келет. Биз ойлобогон майда нерселер кийин чоң маселе жаратышы мүмкүн. Ошондуктан, мисалы, Нурзат (ред. Токтосунова)
мага башкача көз караш, ракурстан карап кеңештерин айтат. Ага кошумча эркек достордун пикирлерин угуп, анан жыйынтык чыгарам. Ошондо көп учурда туура чечим болот.

– Эгер сүйүү менен достукту тандаш керек болгондо кайсынысын тандайт элең?
– Менде бир учур болгон. Университетте окуп жүргөндө досум экөөбүз тең бир кызды жактырып калдык. Анан экөөбүз кеңешип, сеники-меники деп бөлүшүп жүргөнчө ал кыз үчүнчү бирөөнү тандап кеткен. Ошондо аябай кызык болгонбуз.

– Анда кийинки жолу кыздардын көңүлүн алганга жакшы эле сабак болуптур да?
– Жүрөктү эч качан укпай, акылга баш ийиш керек экенин билдим. Жүрөк сокур болот деп коюшат, анан да туруктуу эмес. Акыл аркылуу сүйүү бул жакшы. Балдарыма жакшы апа болчудай, перспективасы жакшы экен деп анан сүйүү пайда болот деген ойго келдим. Жакында эле Олеся деген кесиптешим «биз сүйө турган куракта эмеспиз» деген жакшы кепти айтты. Убакыт өткөн сайын сокур сүйүүдөн алыстап, ой калчап сүйө турган абалга келип калат экенсиң.

– Кандайдыр бир деңгээлде сенин айтканыңдын чындыгы бардыр. Жашы өткөндөн кийин өтө күчтүү сүйүү келет деп да айтышат го. Ага кандай карайсың?
– Эми ал 50 жашка жеткендеги кезде да. Аны да көрө жатарбыз. Бирок сүйүүдө, жеке жашоодо, турмушта стандарт жок. Сизге сүйүү, балким, төрт бурчтук болуп көрүнүшү мүмкүн. Мага үч бурчтук болушу мүмкүн дегендей. Ар кимдин өзүнүн кабыл алуусунан болсо керек. Эгерде сүйүүнүн формуласы, стандарты болсо, анда баарыбыз бактылуу болмокпуз да.

– Ушул кезге чейин эсте калган махабатың болсо керек?
– Окуучу кезде мен ботаник болуп, башым китептен чыкчу эмес. Студент болгондо жашоо деген ушундай турбайбы деп кызык жашоо башталган. Түн ичинде туруп алып ыйлаган күндөр болгон. Бир жолкусунда бир кызды жактырып, ал башка бирөө менен жүрүп кеткен. Ага ыр жаздым, көп ойлорго баттым. Эч нерсеге көңүлүм тартпай, кан басымым көтөрүлүп кыйналган учурлар болду.

– Кыздар азыр жигитке өздөрү сөз айтып калышпадыбы. Мындайга сенин көз карашың кандай?
– Андай нерсеге көз карашым түз. Бул да жакшы нерсе. Айрымдар оюндагы нерсени айта албайт. Мен үчүн эмес, уялчаак балдар үчүн айтайын, бир жакшыга бир жаман, бир жоошко бир тың дегендей. Жоош бала болуп, каалаганын айта албай жүрө берсе ага тың кыз керек да. Анан кыздын сөз айтып, сезимин билдиргени балага жакшы эле болуп жатпайбы.

– Менин келечектеги жубайым мындай болсо экен деген стандарттарың барбы?
– Ооба, өзгөчө азыр тойлорду алып барганда менин аялым да ушундай болот бекен? Кийинген табити, бою кандай болот экен деп ойлой берем. Бирок ошол туура эмес экен. Мисалы, бирөөнүн көк көзүнө кызыгып, менин келинчегимди көзү көк болуш керек деп кыялданып алып издеп жүрө бересиң. Же ал табылсачы. 30 жаштан ашкан соң эркектер буту кыйшык, бою кыска экен деп тандап калат эмеспизби. Мен ошентип тандап калгандан корком. 30га барып тандап калсам таза эле ит болдум го.

«Супер футбол - 2013» иш-чарасында Нурзат экөөбүз эки чылбыр бир тизгинди колго алганбыз».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Сүйүүсүн билдирген кыздар болгон" дейт Эркин Рыскулбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Asel-91
2014-11-10 11:46:03
Эң жөнөкөй, жылдыздуу, адамдын көңүлүн оорутпаган инсандар бар экенине көңүлүм жылыйт.
0
restreppo
2014-11-10 16:42:45
баштагы суротто ХХХ кимге?
0
admin_superstan
2014-11-10 17:02:34
restreppo, сүрөттү жакшылап көрүүнү сунуштайм. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз!
0
asiia03
2014-11-10 16:59:16
restreppo waaax xa xa ezesin go chun ele.
0
Jamalym
2014-11-11 16:18:32
Ушу баланын жонокойлугу жагат.Качан караба изденип жургонун коросун.Биринчи чыкканда алып баруусу эч жакчу эмес,бирок азыр тажрыйба топтоп такшалып калыптыр.Ийгилик!
0
ROZI
2014-11-12 09:36:00
Кыргыз эли сыймыктанган мыкты Жигит!!!
0
Apsi
2014-11-12 10:05:22
озунчеле Андрей Малахов)))))))))))))))))))))))))))))))))
0
narjan
2014-11-12 14:10:40
Соонун жандуу маек болуптур рахмат
0
xperia_kg
2014-11-12 19:59:40
Кайсы бир концертте уйду туураган эле ошондон кийин таанып калгам! Ийгилик.
0
ereka
2014-11-13 09:32:25
Азыркы убакта 25 тен откон бойдок кыздардын, балдардын копчулугу эле жалгыз калгандан коркуп, оздорун бут жумушка арнап журушот. Батыштын бул таптагы вирусу бизге да жуга баштаган сыяктуу...
0
Aselya-345
2014-11-15 19:16:12
Жакшы маек болуртур!!! Аябай жонокой, токтоо жана ыймандуу жигит экендиги билинип турат.ИЙГИЛИК!
0
Zulya2
2014-11-16 21:29:05
Азаматсын.... жакшы кыз таап бактылуу омур сургуло....
0
admin_superstan
2015-01-21 10:41:00
Kuzya-ss, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан